Үстүбүздөгү жылдын 10-январь күнү Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасына 2 жаштагы баланы оор жаракаттары менен эс-учун жоготкон абалда «тепкичтен кулап кетти» деп атасы алып келген. Текшерүүгө алган дарыгерлер баланын денесиндеги жаракаттардан улам катуу сабалып, атүгүл сексуалдык зомбулукка кабылган болушу да мүмкүн экендигин айтып укук коргоо органдарына билдиришкен.
«БАЛА СЕКСУАЛДЫК ЗОМБУЛУККА КАБЫЛЫШЫ МҮМКҮН»Бул окуянын чоо-жайын, баланын учурдагы абалын билүү максатында биз жогоруда аталган оорукананын башкы дарыгеринин хирургия боюнча орун басары Данияр Шайбековго кайрылсак, ал төмөнкүлөрдү билдирди:
– Үстүбүздөгү жылдын 10-январынан 11-январга караган түнү саат 00:15 чамасында биздин ооруканага 2 жаштагы баланы алып келишти. Ооруканага баланы атасы, туугандары алып келип, анын тепкичтен кулап кеткенин айтышты. Наристенин абалы келгенде аябай эле оор, эс-учун жоготкон абалда болчу. Биз баланы медициналык кароодон өткөрүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырганбыз, ошол бойдон эсине келе элек, жасалма аппараттын жардамы менен дем алып жатат. Биз азырынча балага «баш мээнин оор жаракаты» деген диагноз койдук. Мындан тышкары денесинин баары көк ала, көчүгүнүн тегерегинде сыйрылган тактар бар экен. Денесиндеги ал тактар сабалганга окшоп турат жана жаӊы тактар эмес, бир жума мурунбу же андан көппү, айтор, мурунку жарааттын издери. Ошондуктан соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери келип баланы текшерип кетишти. Ал денесиндеги жарааттарды эмнеден улам алган жана сексуалдык зомбулукка кабылганбы же жокпу, биз экспертизанын жыйынтыгы чыккан соӊ гана айта алабыз.
Учурда балага керектүү бардык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Негизи эле акыркы убактарда ата-энеси же туугандары тарабынан запкы жеген балдардын саны көбөйүп жатат. Мисалы, 2014-жылы биздин ооруканага катуу сабалган 1 жаштан 10 жашка чейинки 52 бала келип түшкөн. Анын ичинен 7 бала сексуалдык зомбулукка кабылгандыгы аныкталган.«БАЛА ЖОЛДО КӨПКӨ ЖҮРҮП КАЛГАН»
Ал эми оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Альберт Кагарлицкий буларды кошумчалады:
– Наристени жаӊы алып келгенде анын каректери чоӊойгон, экөө эки башка көлөмдө болчу. Катуу сокку алганбы, башында гематома жокпу деп аны компьютердик томографиядан өткөргөнүбүздө эч кандай гематома байкалган жок. Ал ооруканага түшкөнгө чейин 2-3 сааттай мурун денесин калтырак басып, дем алуусу кыйындаган экен. Ошондон улам баланын баш мээсине аба жетпей кысылып, баш мээнин гипоксиясына (баш мээнин гипоксиясы – бул кычкылтектин жетишсиздигинен улам биринчи кезекте кишинин мээсинин жабыркашы. Оор гипоксия комага түшүп калуунун себеби болушу жана өлүмгө алып келиши мүмкүн) кабылган. Биздин оюбузча, наристе жолдо көпкө жүрүп калган.
«АПАСЫ МЕНЕН МУРДА ЭЛЕ АЖЫРАШЫП КЕТКЕМ»
Ал эми наристенин атасы Назарбай аттуу мырзага телефон аркылуу байланышканыбызда, ал бизге уулу тууралуу буларды айтты:
– Аялым менен ушул балам боюнда бар кезде эле ажырашып кеткем. Кийин төрөгөндө өзүмө алып алганмын. Окуя болгон күнү мен баламдын жанында эмес элем, мага телефондон кабарлашканынан келсем, оор абалда жатыптыр. Дароо ооруканага алып келдим. Башка маалыматтарды айта албайм, мени туура түшүнгүлө.
«АТАСЫ ДААВАТКА КЕТКЕН БОЛЧУ»
Ал эми жабырлануучу баланын атасынын бир тууган агасы Орозбай мырзага жолукканыбызда, ал окуя тууралуу кыскача айтып берди:
– Иним Назарбай дааватка кетип жатып, баласын аталаш агасынын үйүнө таштап кеткен. Бала 2 айдан бери туугандарыбыздын үйүндө болчу. Алардын айтымында, наристе эшиктин артында турганда бир кыз чуркап келип эшикти ачып жибериптир. Ошондо ал кулап кетип, бетонго башы менен тийиптир.
«ЭКСПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН КҮТҮП ЖАТАБЫЗ»
Бул окуя тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматкери Нурбек Токтосунов төмөнкүлөргө токтолду:
– Бул иш боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 104- (ден соолукка атайылап оор зыян келтирүү) жана 130-беренелери (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети) боюнча кылмыш иши козголду. Аламүдүн районунун Озёрное айылынын тургуну, баланын атасынын 1968-жылы туулган аталаш агасы кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал киши наристени сабаганын мойнуна алып, зордуктаганын четке кагууда. Калганы экспертизанын жыйынтыгы чыкканда билинмекчи. Мындан тышкары башка да туугандары суракка алынып, алгачкы тергөө иштери жүрүп жатат.
Бул окуя өлкө башчысынын да көӊүлүн буруп, ал наристени сактап калуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууну, окуянын себептерин тереӊ териштирүүнү буюрду.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg