Эмнени сүйүп жесек, дароо ал тамактын ордун алмаштыра турган экинчи нерсе иштелип чыгат. Себеби азык-түлүк, тамак-аш рыногунда ал нерсеге болгон талап жогору. Табигый азыктын үлгүсүндө иштелип чыккан тамак бир жагынан пайда алып келгени менен, экинчи жагынан сөзсүз зыянын тийгизери бышык. Кадимки сүттөн бөлүнүп алынган каймак майдын (сливочное масло) «түгөйү» маргарин кантип, качан пайда болгон, анын зыяны жана пайдасы эмнеде экенин ачууга аракет кылабыз.
МАРГАРИНДИН ТАРЫХЫ
Маргариндин негизин өсүмдүк майы түзүп, ашканада пайдалануучу тамак-аш азыгы болуп саналат. 1860-жылы Франциянын императору Наполеон Бонапарт илимпоздор арасында «каймак майды алмаштыра турган азык тапкыла!» деген сынак жарыялайт. Француз химиги Ипполите Мега-Мурье алгачкылардан болуп маргаринди иштеп чыккан. Каймак май аскерлер үчүн жетишсиз болгондуктан, анын ордун алмаштыруучу мындай арзан май алгач бермет түстүү, жыты жагымсыз болгон. Мындан улам анын түсүн каймак майга окшоштурушуп, сары кылып чыгара башташкан. Алгач бул азык «oleo-oil», «oleomargarine» деп аталып, латын тилинен которгондо «бермет түстүү май» дегенди түшүндүрүп келген.
ПАЙДАСЫ
Маргаринди нан, булочка, кекс, пирог жана башка кондитердик азыктарды даярдоодо көп колдонушат. Себеби ал камырга кошордо оӊой эрийт. Муздаткычка салганда тоӊбой, оӊой кесилгендиктен, бутерброд даярдоодо да колдонуп келишет. Эгер сиз кекс, «кумурска уюгу» таттуусу, печенье даярдоодо каймак май колдонсоӊуз, камырга жыты чыгып, даамы артканы менен, электр мешине салып бышырганда калдырак болуп катып калат. Ушул себептен азык жумшак болушу үчүн каймак майдын ордуна маргаринди колдонуу кыйла ылайыктуу дешет көпчүлүк кожойкелер.
ЗЫЯНЫ
Маргарин даярдалып жатканда май кычкылынын изомерлери (май кычкылынын каныкпаган эритиндиси) 40 пайызга чейин жогорулайт. Май кычкылынын адам колдонгон азыкта 40 пайыз болуп кетиши организмдеги ашыкча майлардын жаралышын шарттап, натыйжада целлюлитти пайда кылат дешет диетологдор. Андыктан маргаринди көп колдонуу холестеринди жогорулатып, ар түрдүү кан тамыр ооруларына алып келет. Ашыкча пайдалануу клеткалардын иштешин начарлатат. Зат алмашуу процесси бузулуп, организм токсиндерди иштеп чыга баштайт. Бул азыкты тамак-ашка көп колдонуу эркектердин жыныстык жактан алсыз болуп калышына алып келет. Чоӊ адамдар үчүн маргариндин 1 күндүк өлчөмү 20-30 гана грамм болушу керек. ДАЯРДАЛЫШЫ
Маргарин гидрогенизация ыкмасы менен даярдалат. Бул процесс учурунда ал суюк абалдан катуу абалга өтөт. Маргаринди даярдоо үчүн эӊ арзан пахта, соя, жүгөрү майлары алынып, аларга металл бөлүкчөлөрү, башкача айтканда, никель оксидинин күкүмү кошулат. Өтө жогорку басымдагы ысык температуранын жана суутектин жардамы менен бул кошулма бири-бири менен аралашат. Мындан соӊ даяр болгон аралашмага самын сыяктуу эмульгаторлор, крахмал жана тиешелүү химикаттардын кошулмасын кошуп, буу менен тазалоо үчүн дагы ысытылат. Буу менен тазалоо маргаринди жагымсыз жыттан арылтат. Мындан соӊ маргариндин өзүнүн түсү боз жагымсыз түскө айланат. Бул көрүнүштү жымсалдоо үчүн агартуучу каражаттар колдонулат. Даамын арттырыш үчүн туз жана кант кошулат. Ал эми белгилүү бир түрлөрүн даярдоо үчүн какао порошогу, түрдүү жыт берүүчү каражаттар, кургак сүт, табигый кофенин сыгындысы, лимон эссенциясы жана ванилин кошуп жасашат.
Эми сортуна жараша бөлүштүрүшөт да, тамак-ашка колдонуучу боёгучтардан колдонуп түсүн жасалмалап, майдыкына окшош ароматизаторлордон кошуп коюшат. Маргаринди май же каймак деп атап, ал тургай нандын бетине да шыбап жей беребиз.
Дания, Швейцария, Австрия сыяктуу өлкөлөрдө маргаринди сатыкка чыгарууга тыюу салынган. Ал эми Орусия, Украинада жана Батыштын бир нече өлкөлөрүндө маргариндин кутучасына «май», «каймак» деген жазууларды жазып, сатыкка чыгарууга мыйзамдын негизинде тыюу салынган.
КАЙМАК МАЙДЫ МАРГАРИНДЕН КАНТИП АЙЫРМАЛООГО БОЛОТ?
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg