Кээ бирлер бул мушкерди «бокс тарыхындагы эӊ мыкты мушкер» деп атап келишсе, айрымдары ал рингге чыкканда зеригип кетерин белгилешет. Мушкер тууралуу «атаандаштарын кылдат тандап, чыныгы сыноодон али өтө элек» деп айткандар да бар. Бирок алардын баарын бир нерсе бириктирип келет: бул мушкерге эч ким кош көӊүл боло албайт. Ал мушкердин аты – Флойд Мэйвезер.
ФЛОЙД ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү – Флойд Мэйвезер (кенжеси)
Каймана аты – «Келишимдүү» (Pretty Boy), «Акчалуу» (The Money)
Туулган жылы, күнү – 1977-жыл, 24-февраль
Туулган жери – Гранд-Рапидс, АКШ
Үй-бүлөсү – Бойдок, эки жарандык никеден экиден баласы бар
ПРОФЕССИОНАЛДЫК КАРЬЕРАСЫ:
Орто салмак категориясы 47 беттеш – 47 жеӊиш, 26сын нокаут менен уткан
Алгачкы беттеши – 1996-жыл, 11-октябрь
«Ring» журналынын версиясы боюнча 6 жолу «Дүйнөнүн мыкты мушкери» аталган
Атланта-96 Олимпиадасынын коло медаль ээси,
WBC жана WBA версиясы боюнча 5 салмак категориясында Дүйнө чемпиону
Мушкерлер Үй-бүлөсү. Мэйвезер мушкердин үй-бүлөсүндө туулган. Анын атасы Флойд Мэйвезер (улуусу) жана анын эки бир тууганы да профессионал мушкерлер эле. Алардын бири Рожер Мэйвезер учурда мушкердин машыктыруучусу.
«Мэйвезер». Флойдго алгач апасынын Синклер фамилиясы берилген. Бирок ата-энеси баласынын аты эрте таанылсын үчүн боксто белгилүү болуп калган «Мэйвезер» фамилиясына которушкан.
Чоӊ апасы. «Жаш кезимде чоӊ апама келечектеги кесибимди тандоо тууралуу ойлонушум керектигин айтып калдым. Анан ал эмне деп жооп берди дебейсизби? Чоӊ апам жөн гана «жок, сен боксту улантышыӊ керек» деп узатып койгон»,- деп эскерет мушкер чоӊ апасынын сөзүн.
Атасы. Флойд кембагал үй-бүлөдө чоӊойгон. Анын атасы баӊгизатын сатканы үчүн түрмөгө бир канча жыл отуруп чыккан.
Окуу эмес, бокс. Атасы түрмөдө жазасын өтөп жатканда Мэйвезер мектепти таштап, өзүн толугу менен бокско арнаган. Ал ошондогу бардык кыйынчылыкты машыгуу залында тер чыгарып жеӊгенин белгилеп келет.
Кайталангыс рекорд. Спорт сүйүүчүлөр арасында Флойд жалпысынан 90 беттеш өткөрүп, анын 84үн жеӊсе, 6сында утулуп калган. Бул көрсөткүчү менен бокс тарыхындагы рекорддун ээси.
Олимпиада. Мэйвезер Атланта-96 Олимпиада оюндарына катышып, коло байгеге илинген.
Профессионалдык ринг. Мэйвезердин профессионалдык рингдеги алгачкы беттеши 1996-жылы октябрь айында болуп өткөн. «Келишимдүү» 2-раундда мексикалык Роберто Аподакты нокаутка учураткан.
Чемпиондук тепкич. Флойд 17 беттештен кийин гана чемпиондук кур үчүн рингге чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Алардын көпчүлүгүн нокаут менен жеӊген.
1998-жыл, 3-октябрь. Флойд профессионалдык рингдеги 18-беттешинде 1-жеӊил салмактагы WBC версиясы боюнча чемпион Женаро Эрнандести упай эсебинде утуп, бокс жылдызы болуудагы алгачкы тепкичти аттаган. Кийин Эрнандес каза болгондо, анын сөөк көмүү зыйнатына кеткен каражатты толугу менен Флойд көтөргөн.
Чемпиондук. Бокс карьерасында Флойд 1-жеӊил (1998-жылдан 2001-жылга чейин), жеӊил (2002-2003-жылдар), 1-жарым орто салмак (2005-жыл), жарым орто салмак (2006-2011-жылдар) жана 1-орто салмак категориясында (2007-жылдан азыркы күнгө чейин) Дүйнө чемпиону.
Рингдеги алып жүрүүсү. 12 раунд бою атаандашына үстөмдүк кылуу. Анын атаандаштары соккуга сокку кайтарам дешет, бирок алар жеӊилүүдөн качып кутулбай келет. Анткени Мэйвезер өтө эле ылдам. Рингдеги кыймылын ар бир мүнөтүнө чейин дароо эле баамдап, каршылашын бир заматта капаска түшүрүп коё алат.
Жеӊилбес. Флойд профессионалдык карьерасында жеӊилүү деген эмне экенин биле элек. Нокаутту кой, нокдаундда да болуп көргөн эмес.
Курмандыктары. Флойд өз карьерасында жалпысынан 47 мушкерди жеӊген жана алардын арасында мен-мен деген чемпиондор да бар. Ал миллиондордун кумирлери болгон мушкерлер: Артуро Гатти, Шейн Мосли, Оскар Де Ла Хойя, Мигель Котто, Маркос Майдана жана башкаларды ринг полун жыттаткан.
Жеке жашоосу. Флойд жеке жашоосун ачыкка чыгарууну эп көрбөгөндөрдүн катарында. Ал расмий түрдө бир да жолу никеге турган эмес. Анын эки башка айымдан экиден баласы бар.
Кирешеси. Флойд «Форбс» журналынын маалыматы боюнча, эӊ көп киреше тапкан мушкер. Анын 2014-жылда тапкан акчасы 85 миллион АКШ долларын түзгөн. Мындан тышкары Флойд «ТМТ» аталыштагы өздүк кийимдерин чыгарат жана жеке промоутердик компаниясы бар.Чырлары. Атактуу чемпион 2012-жылы балдарынын апасы Жози Харристи сабаганы үчүн 90 күнгө камакка алынган. Бирок 2 айдан соӊ мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
Кумарпоз. «Акчалуу» атка конгон Флойд кумар оюндарына кызыгат. Тагыраагы, спортко миллиондоп байге саят. Алсак, өткөн жылы бир баскетбол оюнуна 5,9 миллион доллар сайып, жыйынтыгында 12 миллион утуп алган.
Текебер. Өзүн алып жүрүүсү, интернет баракчаларындагы мактанган сүрөттөрү көпчүлүктүн кыжырына тиерин айтып өтпөсөк болбос. Ошондой эле Флойд ар бир беттештин алдында атаандашын беттеш баштала электе утуп алгансып шылдыӊдайт.
Интернет. Флойд интернет баракчаларында да рекорддорду коюп келет. Анын инстаграм баракчасына 4,5 миллион, ал эми твиттерге 2,5 миллиондон ашуун колдонуучу катталган. Ооба, Флойдго интернеттеги атактуулук боюнча да мушкерлерден эч ким жете элек.
ХХI кылымдын беттеши. Май айында көпчүлүктү бир нече жылдан бери күттүргөн Мэйвезер – Пакьяо беттеши орун алышы мүмкүн. Бул беттештин жыйынтыгы кандай болбосун бокс тарыхында Мухаммед Али – Жорж Формен, Тайсон – Льюис сыяктуу беттештеринен кийинки эле дөө-шаалар кагылышы деп бааланары айтылууда.
«Флойд Мэйвезерди жеӊүү үчүн ыкма жок. Бул эч ким таба албас баш катырма сыяктуу, таппайт дагы» деп айтып келет чемпион өзү тууралуу.
Адилет Керимбеков
sport@super.kg