Кызамык (корь) – дүйнөдөгү эӊ кеӊири жайылган жугуштуу оору. Мисалы, 2013-жылы андан дүйнө жүзү боюнча 145 700 адам (көпчүлүгү балдар) көз жумган. Ушундай коркунучтуу оору учурда өлкөдө жайылып жаткан кези. Андыктан кызамык тууралуу маалымат алуу үчүн Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 9-бөлүмүнүн жетекчиси Бурул Жаркынбаевага кайрылдык.
КЫЗАМЫК ТУУРАЛУУ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮ КЕРЕК?
Жугуу жолу – аба аркылуу (чүчкүрүү, жөтөлүү, сүйлөшүү).
Оорунун козгогучу – PHK-вирусу (морбилливирустар түрүнө кирет).ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
ДАРЫЛОО, ТАМАК-АШ...
ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ
СТАТИСТИКА
Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын маалыматы:
БҮДҮРЧӨЛӨР АЛГАЧ БЕТКЕ, МОЮНГА ЧЫГАТ
– Кызамыкты кызылча (краснуха) оорусу менен алмаштырбоо кажет. Кызамыкка кышында көп чалдыгышат. Буга суукта бөлмөлөрдүн көп желдетилбей, жылуу бойдон турушу себепкер. Анткени мындай абал вирустун жашап кетишине шарт түзөт. Ооруга көбүнчө жаӊы төрөлгөндөн 5 жашка чейинки балдар, анан эмдөө албагандар, кызамык менен ооруй электер кабылышат. Оору эпидемияга айланып турган кезде баланы эл көп жүрүүчү жерлерге (дүкөн, базар) жана конокко алып барбаш керек. Бала бакчага, мектепке алып баруу же алып барбоону кырдаалга жараша чечиӊиз.
Вирус организмге киргенден тартып анын жашыруун көбөйүү мезгили 9-21 күндү түзөт. Оору белгилери (дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл жана башкалар) 3-4 күнгө созулат. 3-4 күндөн соӊ дене табы түшүп, кайра көтөрүлөт. Андан кийинки 1-күнү кулактын артында, моюнда, бетте кызыл бүдүрчөлөр пайда болот. 2-күнү кызыл бүдүрчөлөр баланын денесине, колуна чыгат. 3-күнү бүдүрчөлөр буттарына тарайт. Бүдүрчөлөр бири-бирине кошулуп чоӊ аймакты ээлеп калышы да мүмкүн. 4-күндөн баштап тактардын өӊү өчүп, бүдүрчөлөр кете баштайт да, баланын абалы жеӊилдейт.
7 айлык Жасмина Бишкектин тургуну. Апасынын айтуусуна караганда, Жасминага кызамык оорусу ооруканадан жуккан. Ал жерде аны 10 күн бою бронхиттен дарылашкан. Бирок наристе бир оорусунан айыкканы менен, экинчи дартты жуктуруп чыккан. БАЛА БАКЧАДА КЫЗАМЫК КАТТАЛСА, ЭМДЕЛБЕГЕН БАЛДАРГА ГАММА-ГЛОБУЛИН САЙЫЛАТ
– Кызамыктын белгилери билинсе «Тез жардамды» чакырыӊыз. Балага антибиотик бербеӊиз. Ал кызамыктын вирусун өлтүрө албайт. Кокус оору кабылдап баратса, дарыгер гана дары-дармектерди сунуштайт. Эгер бала кызамыктын жеӊил түрү менен ооруса, дарыгердин көрсөтмөсү менен үйдө кароого болот. Эгер бала бакчада кызамык катталса, анда андагы эмдөөдөн өтпөгөн балдарга гамма-глобулин сайылат. Муну алган балдарда оору жеӊил өтүп, бат айыгып кетет.
Кызамык баланын иммунитетин өтө начарлатып салгандыктан, түрдүү ооруга чалдыгуу коркунучу туулат. Андыктан бул оору менен ооруп айыккан баланы 1 айга чейин башка балдарга кошпой, эл көп топтолгон жерлерге алып барбай, жакшылап кароо кажет.
ӨТҮШҮП КЕТСЕ, ӨПКӨ, БАШ МЭЭ ДА ЖАБЫРКАЙТ
– Оору өтүшүп кетсе бронхит, пневмония, менингоэнцефалит (баш мээнин жана жүлүндүн сырткы кабыгынын сезгениши), отит (кулактын сезгенүүсү) жана башка оорулар келип чыгышы мүмкүн.
Кокус кызамыктын вирусуна башка бактериялар келип кошулса, анда баланын тамагы шишип, дем ала албай муунуп, чарчап калуусу да ыктымал. Андыктан кызамыктын оор түрү менен ооруган баланы сөзсүз ооруканага жаткырыӊыз. Бала 7-10 күндө айыгып чыгат.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg