Ырдап, эл көзүнө көрүнүп, "келечеги кеӊ, жакшы ырларды жаратат" деп айтыла баштаганда сахнадан көрүнбөй кеткен белгилүүлөр көп. Аларды окурмандар ырларын укканда эстеп, «кайда, эмне кылып жүрөт?» деген суроону салат. Учурунда популярдуу болуп, күйөрман топтоп, кадыр күткөн ырчылардын айрымдарынын кайда, эмне кылып жүргөнүн билип көрдүк.
Эрмек Маматов: «СООДА ТАРМАГЫНДА ЖҮРӨМ»
Кыргыз шоу айдыӊында «Ата Журт», «Каалайсыӊбы?», «Асыл эркем», «Бербейм сени» аттуу ырларды ырдап чыккан Эрмек Маматов аттуу ырчы бар эле. Көп убактан бери чыгармачылык айдыӊынан аты да, өзү да чыкпай калды. Анын азыр кайда, эмне менен алектенип жүргөндүгүн өзүнөн угалы:
– Азыр эл көзүнө чыгып ырдабай калганымдын себеби, соода тармагында жүрөм. Кытай, Түркиядан балдардын кийимин алып келип сатып иштейм. Андан тышкары автоунаа алып саткан бизнесим да бар. «Өз үйүӊ – өлөӊ төшөгүӊ» дегендей, үй салдырып жатам. Эки уулум бар. Алардын кылык-жоруктарына тойбой, жубайым экөөбүз бактылуу турмуш кечирүүдөбүз. Чыгармачылыктан азырынча алысмын. Бирок студия ачып, жаӊы ырларды жаздырууну, клип тартууну да унутта калтырбадым. Сахнага кайтуу башкы планым десем туура болот,- дейт ырчы.
Жеӊишгүл Сатылганова: «ЫРЧЫЛЫКТЫ ЭМЕС, МУГАЛИМДИК КЕСИПТИ ТАНДАДЫМ»
Маркум ырчы Таалай Бектургановдун атына коюлган «Таалай элеси» тобунун алгачкы курамында ырдаган Жеӊишгүл Сатылганова аттуу ырчы бар болчу. Учурунда «Жүрөк сыры» деген ырды комуздун коштоосу менен ырдап өз угарман, көрөрмандарын тапкан эле.
«Кыйналган жүрөгүмдү
Эми сен эзбе, жаным,
Уйкусуз түндөрүмдү,
Арнагам сага баарын»,
- деген саптарды укканда бул ырчы эске бир кылт этип түшө калат. Жеӊишгүл Сатылганованын бул топто ырдабай калгандыгына топтун негиздөөчүлөрүнүн бири Молдалы Өтөнбаев (Ж.Сатылганованын биринчи жолдошу) менен ажырашкандыгы себеп болгон дешет. Ал эми ырчы айым чыгармачылыктан эмнеге алыстап кеткендиги тууралуу өзү буларга токтолду:
– Турмушума байланыштуу чыгармачылыктан алыстап кеттим. Өзүм Ош МУнун филология факультетин аяктагам. Сүйүктүү кесибим өзүнө тартып, балдарга таалим-тарбия берип мугалимдик кесипти аркалап кеттим. Бул учурда чыгармачылыктан кол үзгүм келбей, өзүм туулуп-өскөн Чаткал райондук Маданият үйүндө да иштедим. Көөдөндөгү угут кытыгылап, жан дүйнөм жайыма койбой, борборго келип чыгармачылыкка кайра аралаштым. Кыргыз радиосунда иштеп калдым. Азыркы учурда турмушка чыгып, балам менен үйдө отурам.
Султан Төрөбеков
star@super.kg