Сүйөм, жаным! Бул сөздөр кулагыма өөн угулат. Уккан сайын жүрөгүм дүрт этип, маанайым дароо түшөт. Мындай сөздөрдү көп угуп, анын айынан запкы тартканым үчүн башка бирөөлөрдөн уксам дагы итиркейим келип кетет. Аткарылбаган убадалар адамдарга болгон ишенимимди түп-тамырынан жок кылды, айрыкча жигиттерге болгон ишенимимди. Жаш туруп тагдырым талкаланды, көкүрөгүм музга айланды. Мындай таш жүрөк болуп, кайдигер адамга айланышыма сен күнөөлүүсүӊ. Сүйүү күнөөлүү. Бал тилге алданган, сезимин башкара албаган өзүм күнөөлүүмүн. Ата-энем кызыбыз окуп жатат, келечекте эл адамы болот деген тилек менен жүрөт. А мен болсо алардын да, өзүмдүн да үмүтүмдү ташка чаптым. Мени мындай тагдырга салган адам жыргап жашап жүрөт. Аны угуп, көрүп калганда жашоонун адилетсиздигине нааразы болом. Жашабай калса кана мындай айбандар! Менин мындай кайдигер адамга айланышым мындайча башталды.
Бүтүрүү кечесин алып барганга алып баруучу издеп жатканбыз. Классташтар борбордон Искусство институтун бүтүргөн бир жигитти сунуштап калышты. Аны мен бүтүрүү кечесинде көрдүм. Көрдүм да арбалып калдым. Анан телефон аркылуу сүйлөшө баштадык. Күндө мен өмүрү укпаган кооз сөздөр менен СМС жазып жиберет. Жакшы сөз жанымды эргитип ал айткан кесипке тапшырмай болдум. Борборго келип окууга өтүп, жатаканада жашап калдым. Күндө кечинде келет. Бал тили менен өзүнө ишендирип арбай берди. Ал учурда мен дал ошондой жигитти кыялданып жүрчүмүн. Шаарда үйү бар, сулуу, автоунаасы, иштеген иши бар. Көктөн тилегеним жерден табылып, ал эмне айтса да мен баарына макул болууга даяр элем. Азыр болсо, балким, тереӊ ойлонуп кадам таштамакмын. Ал учурда жаӊы гана мектепти аяктап, эне сүтү оозумдан кете элек 17 жаштагы секелек кезим. Балалык сезим, кыял менен жашачумун. Кечки Бишкекти машина менен кыдырганыма бактылуумун.
Бир күнү Бишкектин сыртына чыктык. Ызгаар суук. 13-январь. Менин идеалдуу мырзам мага үӊүлө карап:
– Жаным,- деди.
– Оу,- дедим эреркеп.
– Сен мага жагасыӊ...
Үнсүз туруп бердим. Кучагына бек кысты да, алкымымдан аймалай баштады. Алгач ирет жигит эрининин даамын татып жаткам, каршылыксыз баарына багынып бердим. Көрсө, ал мени кооз сөздөрү менен арбап максатын орундатууну көздөгөн экен. Жатаканага жеткирди да, кетип калды. Күндө жазылчу СМСтен кабар жок. Телефону өчүк. Ошондон бери жашоом тозокко айланды. Эч кимге ишенбей калдым. Сабагым да калды, мен сага окшогондордун куурчагы болдум. Мындайда биринен сала бири чыга берет экен. Эми жолун таппай калган жолоочудай алды-артымды элеӊдей карайм. Мени бул ордон чыгарып кете турган адам барбы деп ойлойм. Менин да бактылуу болгум келет...
Айка