Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин жарлыгы менен ар бир министр өткөн жылда аткарган иши боюнча коомчулукка маалымат бериши абзел. 16-январь күнү биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев маалымат жыйын өткөрүп, аткарылган иштердин жыйынтыктары менен коомчулукту тааныштырды.
«5 МИЛЛИАРДДАН АШЫК СОМГО ЖЕӉИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯ БЕРИЛДИ»
– Былтыркы жылы ички дүӊ өндүрүмдүн көлөмү 103,6 пайызды түздү. Мында курулуш тармагы жакшы иштеп, дээрлик 24,9 пайыз өсүш менен жылды жыйынтыктады. 2014-жылдын кургакчыл болушу айыл чарба тармагына терс таасирин тийгизди. Суунун тартыштыгы 40 пайызды түзүп, натыйжада айыл чарбанын ички дүӊ өндүрүм көрсөткүчү 95,4 пайыз, башкача айтканда, 187 миллиард сомду түздү. Малдын саны 2013-жылга салыштырмалуу 3,7 пайызга жогорулады. Мындан тышкары айыл чарбасына 5 миллиард 284 миллион сом жеӊилдетилген насыялар берилди. Анын ичинен 4 миллиард 110,1 миллион сому мал чарбачылыкка, дыйканчылыкка 404,4 миллион, кайра иштетүүгө 734,6 миллион сом жумшалган,- дейт Сарпашев.
«3 МИӉГЕ ЖАКЫН ID-КАРТ МЫЙЗАМСЫЗ БЕРИЛГЕН»
– Биометрикалык маалыматтарды чогултууда 3 миӊге жакын ID-карт паспорттору мыйзамсыз берилгендиги аныкталды. «Чет жерде иштейм» дегендердин көпчүлүгү ар кандай себептерден улам аты-жөнүн өзгөртүп, кайрадан жаӊы паспорт ала беришкен. Бул сан 30 миӊге чейин жетиши ыктымал. Азыркы тапта канча кыргызстандык жаран чет жерде жүрөт, канчасы өлкө ичинде, айтор, кишинин саны жөнүндө так маалымат жок,- деди вице-премьер.
Журналисттердин «Биометрикалык маалыматты тапшыруу мажбурлоо жолу менен жүрүп жатабы?» деген суроосуна Тайырбек Сарпашев мындайча жооп берди:
«Бизге бул боюнча бир да арыз түшкөн эмес. Чынында, биометрикалык маалыматтардын тапшырылышына каршы чыккандар – мурдагы шайлоо системин каалагандар. Биометрика менен өткөн шайлоо мыйзамсыз бюллетень таштоо, «карусель» деген ыкмаларга жол бербейт».
«БАШКЫ ПРОКУРАТУРАГА СУРАК БЕРДИМ»
– Башкы прокуратура менен кызматташууга дайым даярмын. Жаӊы жылдан кийин бул органдын талабы боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү берип, сурактан өттүм. Негизинен «Градиент» фирмасынын ишмердүүлүгү боюнча маселени башынан эле айткам – бул куру каралоо, жалаа жабуу. Ушул күнгө чейин мага каршы айтылган дооматтар далилденген жок.
«СЕНТЯБРДАН ТАРТА МУГАЛИМДЕРДИН МАЯНАСЫ КӨТӨРҮЛӨТ»
«Болжол менен 2015-жылдын сентябрь айынан тарта мугалимдердин айлыгы 50 пайызга өсөт. Учурда керектүү каражаттарды издөө иштери кызуу жүрүүдө»,- деди вице-премьер. Кошумчалай кетсек, акыркы жолу мугалимдердин маянасы 2011-жылы көтөрүлгөн. Былтыр окутуучулар кайрадан арызданып жаткандыгы парламентте айтылып, бул маселени иштеп чыгуу өкмөттүн моюнуна илинген эле.
«БЫЙЫЛ ЧОӉ ОБЪЕКТИЛЕРДИН ИШИ БАШТАЛАТ»
– «Талды-Булак» алтын кенин ишке киргизүү 2015-жылдын биринчи кварталына белгиленди. Ишкана бир жылдык алтын чыгаруу кубаттуулугун 3 миӊ тоннадан 5 миӊ тоннага чейин көбөйтүптүр. Быйыл «Бозумчак» алтын-жез кени жана нефтини кайра иштеп чыгаруучу Токмок шаарындагы завод да ишке кирет. Ал эми Кара-Балтадагы "Жунда" заводу быйыл 500 миӊ тонна чийки нефтини иштеп чыгарышы абзел. Тиешелүү келишимдер Орусия жана Казакстан менен түзүлгөн.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg