НИКОЛАЙ ВАЛУЕВ. Өлчөм чоң мааниге ээ.

Спорт жылдызы

Орусиялык алп мушкер Николай Валуев бокс тарыхында эң узун жана эң оор мушкер болуп саналат. Анын бою 213 сантиметр, ал эми салмагы 146 килограммды түзөт. Албетте, булардын баары “Гиннестин рекорддор китебинде” катталуу.

Николай Сергеевич Валуев 1973-жылы 21-августта Ленинградда төрөлгөн.
Профессионалдык рингде 52 беттеш өткөрүп, экөөндө гана жеңилүү ызасын тарткан, супер оор салмакта WBA версиясы боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону.
Лакап аты – Орус гиганты
П.Лесгафт атындагы дене тарбия, спорт жана ден соолук мамлекеттик университетин бүтүргөн.
Үй-бүлөлүү. 1 уул жана 1 кыздын атасы.
Учурда Санкт-Петербургда жашайт.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Николай 2006-жылы январда Санкт-Петербургдагы унаа токтотуучу жайлардын биринде аялына болуша кетип, 61 жаштагы кароолчуну сабап койгон. Натыйжада Николай 41 миң рубль айып төлөп кутулган. Бирок учурда жабырлануучу тарап мушкерди камакка отургузууну талап кылууда.
  • Германиядагы чоң сосискаларды чыгаруучу компания менен 5 жылдык жарнамалык келишими бар.
  • WBAнын чемпиондук куру кичине келип, Николайдын өтүнүчү менен атайын жаңы кур даярдалган.
  • 2007-жылы журналист Константин Осипов менен бирге “Менин 12 раундум” аттуу китебин чыгарган.
  • Николай мушкер эле эмес, киножылдыз катары да таанымал. Азырынча ал 4 тасмада роль жараткан. Алар –­  “Эрежесиз оюн”, “7 гном: бир чоң токой тар болгондо”, “Сапар” жана “Таш баш” тасмалары. Николай өзгөчө акыркы тасмада мушкердин образын жараткан башкы каармандын ролун катыра ойногон. Учурда ага Голливуддан чакыруулар түшүүдө.

БОКС МЕНЕН МАШЫГУУНУ 20 ЖАШЫНДА БАШТАГАН
Николай Ленинград шаарында орус-татар үй-бүлөсүндө өсүп чоңойгон. Анын тулку боюнун табиятынан чоңдугу бакчада жүргөндө эле байкалган. Кызыгы, ал бокско чейин спорттун башка 2 түрү менен машыгып, баскетбол боюнча өспүрүмдөр арасында СССРдин чемпиону аталса, дискти бура ыргытуу боюнча спорттун чеберинин нормативин толтурган. Ал эми бокс мээлейин биринчи жолу 20 жашында кийип көргөн. Мушкердин өзү балалык күндөрүн мындайча эскерет: “Мектепте тарых, география, жана адабият сабактарын сүйүп окучумун. Досторума болушкан күндөрүм көп эле болгон. Бирок башка балдардан айырмаланып бир да жолу таяк жеген эмесмин. Боюм узун, башым чоң болгондуктан балдар мага чоң баш деп тийишишчү”.

ОРУС БОКСУНУН ЖҮЗҮ
2005-жылдын 17-декабрында Николай чемпиондук беттеште Жон Руизди жеңип, супер оор салмакта чемпион аталган биринчи орус мушкерине айланган. Бокс күйөрмандарына 2007-жылы Орус гигантынын өзбек мушкери Руслан Чагаевден жеңилип калгандыгы маалым. Бирок ошондо ал мыкты экендигин далилдеп, чемпиондук наамга кайрадан ээ боло алган эле. Бирок быйыл 7-ноябрда Дэвид Хэйге жеңилгенден кийин Валуевге көптөгөн сындар айтылып, “эми спорттон кете берсе болот” дегендер көбөйдү. Алсак, Николайдын германиялык дарыгери Вальтер Вагнер: “Оор күч келүүлөрдөн Валуевдин буттары иштебей калышы мүмкүн. Ал карьерасын аяктаса максатка ылайык болмок”,- деп билдирди. Ал эми мушкердин өзү спорттон кетүү оюнда да жок экендигин баса белгиледи.

БАЛАСЫ ШРЕКТИ АТА ДЕП...
Жубайы Галина экөөнүн 7 жаштагы Григорий аттуу уулу жана 2 жаштагы Ирина аттуу кызы бар. Кызыгы, Галинанын айтымында, уулу кичине кезинде Шректи көрсө ата деп айтчу экен. Көпчүлүктү кайдыгер калтырбаган сырткы келбети тууралуу: “Тааныбаган адамдар менен сүйлөшсөм аларда коркуу, чочуркоо сезими болуп жаткандыгы байкалат. Бирок мени менен сүйлөшүп көргөндөн кийин андай абал 10 мүнөткө жетпей жоголот”,- дейт ал. Мындан тышкары мушкер үчүн жашоодо башка ыңгайсыздыктар жок эмес. Алсак, ал кийим-кечени эл катары дүкөндөрдөн эмес, атайын заказ менен кийинет. Эшиктерден киргенде автоматтык түрдө эңкейүүгө көнүп калган. Мейманканаларда жашап калганда жуунучу ваннасы жана уктоочу керебеттери кичине болуп калган учурлар көп эле болот.


ЖЫЛМАЙЫП КОЮҢУЗ!

Америкалыктар Валуевди көрүшүп, "баары бир тасмадагы Кинг конг менен "блондинка" соо эмес, ал экөөнүн ортосунда бирдеме болгон" деген пикирге келишкен.


Эл аралык кабарлардан

ТЕННИС

ДАВЫДЕНКО ӨЗҮН-ӨЗҮ ТАҢ КАЛТЫРДЫ
29-ноябрда орусиялык Николай Давыденко Лондондо өткөн ATP World Tour Finals жылдын жыйынтыктоочу мелдешин жеңип алды. Мелдештин алдында жеңишке 7-талапкер болгон Николай финалга чейин Надаль, Федерер, Жоковичтерди баш ийдирип сенсация жаратты. Ал эми чечүүчү оюнда аргентиналык Хуан Мартин Дель Потрону курмандыктарынын катарына кошуп койду. “Сыйлыкка алган 1,5 миллион долларды кандай максатта коротосуз?” деген суроого теннисчи: “Бир бөлүгүн Мальдив аралдарында эс алууга иштетем. Калганын болсо Москвадан үй сатып алам деп чогултуп жүргөн акчама кошом”,- деп жооп берди.

ФУТБОЛ

МЕССИ МАРАДОНАДАН АШЫП ТҮШТҮ
Испаниялык "Барселонанын" аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси франциялык “France Football” журналынын версиясы боюнча Европанын мыкты футболчусу деп табылды. Эми Месси салттуу түрдө алтын топ менен сыйланат. Добуш берүүдө ал мүмкүн болгон 480 упайдан 473 упайга ээ болгон. Тизмеде 2-орунду португалиялык Роналду (233 упай менен) ээлесе, 3-орунга “Барселонанын” дагы бир оюнчусу Хави (170) илинди. Айта кетсек, Месси аталган сыйлык негизделген 1956-жылдан бери жеңүүчү аталган 1-аргентиналык оюнчу болду.

РУБИН ЭМЕС, АЛТЫН
29-ноябрда Орусиянын чемпиондугу жыйынтыкталып, казандык “Рубин” (63 упай топтогон) экинчи ирет катары менен чемпиондукту жеңип алды. Татарлардын бул жеңиши “былтыркы жеңиш кокустук эле” деген пикирге жооп болду. Алар сезондун жүрүшүндө менмин деген москвалык жана питерлик командалар – “Спартак” (2-орунду ээледи, 55 упай), “Зенит” (3-орун, 54 упай) “Локомотив” (4-орун, 54 упай), ЦСКАны (5-орун, 52 упай) алтын медалдан куру калтырышты.
Бирок “Рубин” үчүн быйылкы сезон бүтө элек. Орусиянын 2 жолку чемпиону 9-декабрда Миланда УЕФАнын ЧЛсынын жарым чейрек финалына чыгуу үчүн “Интер” менен күч сынашат.

ЭСТЕН КЕТКИС УИК-ЭНД
Өткөн дем алыш күндөрү футбол сүйүүчү­лөрүнүн эсинде көпкө чейин сакталып калат десек жаңылышпайбыз. Анткени анда Эль-классико аталган Испания чемпиондугунун “Барселона-Реал” жана лондондук дерби (бир шаардын командаларынын өз ара айыгышкан беттеши) болгон Англия чемпиондугунун “Арсенал-Челси” беттешүүсү орун алды. Камп ноу стадионунда өткөн футболдук спектаклге 90 миң адам күбө болуп, оюн Барселонанын 1:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Кечедеги жалгыз голду Златан Ибрагимович киргизген. Ал эми Лондондогу “Эмирэйтс” стадионунда жаан астында өткөн оюнда Абрамовичтин командасы атаандаштарынын үстүнөн 0:3 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишишти. Аталган эки команда тең өз өлкөсүнүн чемпиондугунда көч башында баратат.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 370, 4-10-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан