10-январь күнү туугандары тарабынан сабалып, оор абалда ооруканага түшкөн 2 жаштагы наристе дале комадан чыга элек. Анын мындай аянычтуу тагдыры коомчулук арасында кызуу талкууну жаратууда.
ЖАКТООЧУ НААРАЗЫ
Өткөн саныбызда 2 жаштагы наристе катуу сабалып, зордукталган белгилери менен оор абалда ооруканага түшкөнүн жазган элек. Аны сабаган деп айыпталып, наристенин атасынын аталаш агасы Жанабек Түлебеков менен анын жубайы Айзада кармалган.
19-январь күнү ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов «Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. 2 жашар наристенин сабалып жана зордукталгандыгы аныкталды» деп билдирди. Ал эми кылмышка шектелип кармалгандардын жактоочусу Байыш Кыдыралиев экспертизанын жыйынтыгына нааразы экенин айтып, «бул бир эле дарыгердин көрсөтмөсү, атайын комиссия түзүлүп, алар баарын кылдат карап чыгышсын» деген сунушун айтууда.
«УУЛУМДУ АПАСЫНАН 2 АЙЛЫГЫНДА АЛГАМ»
Дагы деле комада жаткан наристенин атасы Назарбай Түлебековго байланышканыбызда, ал төмөнкүлөрдү билдирди:
– Уулумдун ушул абалга кептелишине мен күнөөлүүмүн. Өзүмдү актагым келбейт, актанууга акым да жок. Аялым экөөбүз бири-бирибизди жакшы билбей эле баш кошуп алыптырбыз, никебиз көпкө узаган жок. Ажырашканыбызда анын 3 айлык боюнда бар экен. Уулум төрөлгөндө апасы аны 2 ай эмизип, карап берди. Аялымдын мурунку турмушунан 3 баласы бар болчу. Уулумдун апасын кээ бир маалымат булактары Орусияда деп жазышыптыр, ал өз өлкөбүздө эле жашайт. Уулумду өзүмө алып, экинчи жубайым экөөбүз карачубуз. Тагдыр экен, экинчиси менен да ажырашып кеттим. Курулушта иштегендиктен баламды жалгыз кароодон кыйналдым, анан агамдан жардам сурагам. Алар каршы болбой, өткөн жылдын ноябрь айынан бери карап жатышкан.
Башында уулума күнүгө барып турчумун, бирок келип-кеткенде ал мени ээрчип ыйлап, куса болуп ооруй да баштаган. Анан агам «Баланын жүрөгүн оорутуп көп келбей эле койчу. Андан көрө телефон аркылуу байланышып тур» деди. Ошондон кийин уулума кез-кезде эле барчу болуп калгам. Акыркы жолу аны бир жарым ай мурун көргөм. Телефон аркылуу акыбалын сурап турчумун.
«ЖАРААТТАРЫН КӨРҮП НЕС БОЛДУМ»
– 10-январь күнү түнкү саат 11лер чамасында агам телефон чалып, "тезинен кел, балаӊ ооруп калды, денесин калтырак басып жатат" деди. Үйгө киргенимде уулумдун кебетесин көрүп жүрөгүм оозума тыгылды. Бети-башынын баары тытылып, канжалап, кырылдап араӊ дем алып жатыптыр. Сураштырсам, «тепкичтен кулап кеткен» дешти. Шашкалактап ооруканага алып барайын деп кийинтип жатып анын денесиндеги жарааттарды көрүп нес болдум. Башы жарылганын да байкадым. Абалы аябай эле оор болчу. Уулумду ооруканага алып келдик.
«ЗОРДУКТАЛГАН ДЕГЕНИ АКЫЛЫМА СЫЙБАЙ ЖАТАТ»
– Дарыгерлер милицияга кабар беришиптир. Агам, жеӊем үчөөбүз түнү менен суракта болдук. Мен отурган бөлмөнүн жанындагы бөлмөдө жеӊем да суралып жаткан. Мага анын сөздөрүнүн баары угулуп турду. "Ичи катып, дааратканага бара албай кыйналчу. Анан мен манжаларым менен чукуп, заӊын чыгарчумун. Клизма да жасачубуз. Шоктонгондо тарбиялоо максатында уруп койчубуз. Зордуктады деген туура эмес" деп айтып жатты. Баламдын ичи катканын, ал кыйналып жүргөнүн эмнеге мага айтпаганына түшүнбөй жатам. Агам менен жеӊем баламды уруп жүрүшү мүмкүн, бирок аны зордуктаган деген нерсе акылыма сыйбай жатат. Кантип андай жолго барышсын? Иликтөө иштери аягына чыкканда баары ачыкталат. Зээнди кейиткени, суракка алганда мага орган кызматкерлери "балаӊ эси ооп жолдо келе жатканда зордуктадыӊ" деп ойго келбеген нерселерди моюнума илүүнү көздөштү. Балам өлүм менен жашоонун ортосунда калып кыйналып турсам, ушундай жагымсыз нерселерди айтып, телефонумдан туугандарыма ар кандай СМСтерди жиберип жатышты. Бул жерде күнөөнү зордоп бирөөнүн моюнуна илиш эмес, кылмыштын бетин ачып, чындыкты ачыкка чыгаруу керек да. Мен үчүн учурда эӊ негизгиси – уулумдун сакайып кетиши. Ал менин жалгыз байлыгым, бакытым. Эми аны эч кимге бербейм, куса болуп мени күтүүсүнө да жол бербейм. Өзүм 11 бир тууганмын, азыр уулумдун дары-дармегин берип, бир туугандарым менен кезектешип анын жанында болуп жатабыз.
"НАРИСТЕ ӨЗ АЛДЫНЧА ДЕМ АЛУУДА"
Борбордогу 3-шаардык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Альберт Кагарлицкий төмөнкүлөрдү билдирди:
– 16-январдан баштап наристе өз алдынча дем ала баштады. Андан башка олуттуу өзгөрүү жок. Учурда аны комадан чыгаруу үчүн бардык аракеттер жасалууда.
Кылмышка шектелип кармалгандардын 5 кызы бар. Алардын улуусу 16, кичүүсү 5 жашта. Жашы жете электер менен иштешүү инспекторлору алардын ата-энесинен жапа чеккен, чекпегендиги
туурасында да иликтешүүдө.
Буга чейин деле балдарды коргоо тууралуу демилгелер көтөрүлүп, ага жетишерлик көӊүл бурулбай келген. Бул үрөй учурган окуядан кийин балдарга карата зомбулукка өлкө жетекчилиги да көӊүл буруп, президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев балдарды коргоону күчөтүү керектигин билдиришти.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg