Бүгүнкү каарманым цирк ханышасы, балерина, бийчи, актриса, «жакында чоӊ сахнага ырдап чыгам» деген максаттары бар бийкеч Светлана Аширова. Ал Мирбек Атабековдун «Алдадыӊ» деген ырынын клибинде өз тоюнан качып кеткен кыздын ролун жараткан. Светлана мындан сырткары кинолордо роль аткарып элге таанылып келет.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Түп району
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 27-март
Билими – Чолпонбай Базарбаев атындагы хореографиялык училищенин бүтүрүүчүсү
Катышкан клиптери – Мирбек Атабеков, «Алдадыӊ», Замир Мырза, «Сүйүүгө таазим», Данияр Эрматов, «Сага» жана башкалар
Тартылган тасмалары – «Салам, Бишкек!», «Жаӊгак токоюнун элеси»
Билген тилдери – Орус, англис, француз, казак, өзбек, испан тилдеринде эркин сүйлөйт
Учурда – Балерина, бийчи, фотомодель, актриса
– Куш келипсиӊ, Светлана! Сенин көп кырдуу талант экениӊди билебиз. Азыр кайсы кесипти аркалап жатасыӊ?
– Саламатсыздарбы? Туура баамдадыӊыз, мен көп кесиптин ээсимин. Баарына жетишиш кыйын, унутуп калбаш үчүн кайсы күнү эмне кыларымды алдын ала дептериме жазып алам. Күттүргөндү жаман көрөм, ошондуктан бүгүн маекке эртерээк келип, кеӊсеӊиздердин сыртында күтүп, сиздер айткан убакытта кирдим (күлүп).
Кесибим тууралуу айтсам, искусствонун бир топ тармактарында эмгектенип келем. Учурда кыргыз циркинде жигитовкада солистмин, аттар менен оюн көрсөтөм. Аны менен катар аба гимнасты болуп иштейм. Биз циркте камсыздандыруусу жок иштейбиз. Өмүрүӊө коркунуч жарала турган трюктарды жасасаӊ, ага өзүӊ гана жооп бересиӊ. Даярдануу учурунда бутуӊду чоюп аласыӊ, же аттан кулап түшүп бутуӊ сынып калат дегендей, айтор, жаракат алган учурлар көп эле болот.
– Сага көп кырдуу талант ким тарабынан өткөн?
– Мен 8 жашымда балдардын «Рабаят» берүүсүн алып барып иштегем. Негизи эле мендеги артисттик өнөр бала чакта эле ойгонгон. Анан да менин искусствого болгон кызыгуумдун ойгонушуна апамдын кошкон салымы чоӊ. Анткени апам Айнаш Аширова Куурчак театрында көп жыл эмгектенди. Учурда КТРКнын «Дөөлөт» студиясында үн режиссёр болуп иштейт. Менин балалыгым Куурчак театрында өттү десем болот.
– Алма сабагынан алыс түшпөптүр да?
– Ооба, апам мени катуу, бекем тартипте чоӊойтту. Оюнчук эмне экенин билбей өстүм. Көпчүлүк убакта ийримдерге катышып, окуум менен алек болуп жүрчүмүн. 3 жашымда тамга таанып, 4 жашымда китептерди шар окуп калгам. Андан сырткары апам мени балетке берген, учурда циркте аба гимнасты болуп иштегеним да ошондон. Кээде мен деле кадимки балдардай болуп көчөдө ойногум келчү, терезеден теӊтуштарымды көрүп апама «эмнеге мени жөнөтпөйсүӊ?» деп наалый берчүмүн. Ошол маалда апамдын менин келечегимди түптөөгө болгон аракетин жаман көргөн экенмин.
Бир жолу апам «ойноп кел» деп 1 саатка жиберген, мен аны унутуп калып кечинде үйгө келсем, эшикти ачпай койду. Подъездде отуруп алып ыйладым, ошол кезде «апам мени таштап кетип калыптыр» деп ойлосом керек да. Жарым сааттан кийин эшикти ачып, «мен сени канча убакытка жибердим эле, азыр саат канча болду, карачы?!» деп аябай жемелеп, эшикти жаап кирип кетип калды. Дагы 40 мүнөттөй эшикте турдум, анан «экинчи мындай жоругуӊду кайталабайсыӊ» деген талап менен үйгө киргизген. Ошондон кийин балдар менен ойносом да, улам-улам колумдагы саатты карай берүүнү адат кылып алгам.
– Айрым мырзалардын колунан келбеген ат оюндары менен алектенүүӊө, кара күчтү талап кылган аба гимнасты болушуӊа апаӊ кандай караган?
– Апам кичинемден эле мага атанын да, апанын да тарбиясын берип чоӊойтту. Балетке барып жүргөндө «өзүн-өзү коргогонду үйрөнсүн» деп мени айкидого да берген. 3чү же 4-классымда болсо керек, жакын тууган инимди чоӊ класстагы балдар опузалап жатканда аларды сабап салганым эсимде. Анда да апам чыйпылыктап, «кой, бул эркек болуп кетет» деп башка ийримге берген. Мен «бул эркектин кесиби, бул айымдын кесиби» деп бөлбөйм. Мисалы, бизде бодибилдинг менен машыккан айымдар аз. Бул спорттун түрү менен 3-4 жылдан бери профессионалдык деӊгээлде машыгып келем. Бодибилдинг боюнча Кыргызстандын атынан эл аралык турнирлерге катышкым келет. Негизи эле бизде чымыр денелүү, келбети келишкен, спорт менен машыккан айымдар аз. Өзүм чет өлкөдө цирк боюнча гастролдоп көп жүргөнгөбү, ал жактагы айымдардын спортко болгон мамилесин көрүп таӊ калам.
– «Жакында чоӊ сахнага ырдап чыгам» деп даярданып жатыптырсыӊ?
– Ооба, жакында өзүмдү ырчы катары сынап көрөйүн деп жатам. Бизде саны бар, сапаты жок ырчылар көбөйүп кетти. Албетте, аларды сындагым келбейт, бирок эски элдик ырларды жаӊылап, бузуп ырдагандары жакпады. Мен вокалдан сабак алгам. 5-6 ыр жаздырып койгом, угармандар угуп, өздөрү баа беришсин, алдын ала мактангым келбейт.
– Актёр Канат Абдрахманов менен тасмага, клиптерге чогуу тартылганыӊданбы, көпчүлүк экөөӊөрдү жашоодо да кыз-жигит деп ойлошот экен?
– Ооба, Канат экөөбүз Мирбек Атабеков, Данияр Эрматовдун клиптерине, «Салам, Бишкек!» тасмасына чогуу тартылганбыз. Канатты биринчи жолу Мирбектин клибин тартуу учурунда көргөм. Билбейм, бул жөн гана дал келүүчүлүк болсо керек, эстесем, чындап эле көп жолу чогуу тартылыптырбыз. Бирок биз жакшы достордонбуз, ал жакында эле Кытайга барып Жеки Чандын киносуна тартылып келди, менин Кореядан келгениме аз эле болду.
– Жеке жашооӊдо абал кандай? Сендей ажарлуу кыз бойдок болбосо керек?
– Мен 2009-жылы турмушка чыккам. Жолдошум чет өлкөдө көп жүрөт, мен да гастролдор менен чыгып, айтор, көпчүлүк убакта экөөбүз эки жакта болуп калабыз. "Алыстык мамилени бузуп коёт" дегендей, биз ошол аралыкты кыскартканга аракет кылып жатабыз.
– Маегиӊе чоӊ рахмат!
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg