ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (26-январдан 1-февралга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)

Сүйгөн адамыӊызды басынтуу менен аброюӊузду бекемдөөдөн качыӊыз. Чыдап койсоӊуз, ал сизге канчалык кымбат экенин түшүнөсүз. Иште баарын өз алдынча жасоого үйрөнүӊүз, бул алдыга батыраак жылууга түрткү болот. Жеке ишкерлер чогуу иштешкенге жаӊы шериктерди табууга аракеттенет. Апта акырында муун, тамак ооруларына кабылып калуудан сактаныӊыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Эмнелерди пландасаӊыз да, дүйшөмбүдөн тарта ишке ашырууга киришиӊиз. Жылдыздар колдоо көрсөтүшөт. Уккан сындарга чычалабай, кемчиликтерден арылууга тырышуу керек. Иште атаандаш деп эсептеген адамыӊыз сизге жардам берип, ортоӊуздар жакындайт. Апта аягында балдарга накыл кебиӊиз менен туура жол көрсөтүүӊүз керектелет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада жөнү жок эле күйпөлөктөйсүз. Бул ийгиликтерге эмес, майда маселелерге көӊүл бөлө бергенден болот. Керектүү жолугушууну өткөрүп жибербөөгө, документти бир жерге унутуп кетпөөгө аракет кылыӊыз. Жеке жашоого келсек, сүйүктүүӊүз кайсы бир жоругу менен жиниӊизге тиет. Бирок ага катасын оӊдоп кетүүгө мүмкүнчүлүк бериӊиз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Энергияӊыз толуп-ташып, жеке жашоодогу жана иштеги көйгөйлөрдү оӊой чечесиз. Аракетиӊиз жетекчилик тарабынан бааланып, жаӊы иш оруну сунушталышы мүмкүн. Алыӊыз жете тургандай гана убада бериӊиз. Болбосо колунан эч нерсе келбеген адам көрүнүп каласыз. Күтүлбөгөн жерден көӊүлүӊүзгө толорлук буюм сатып ала аласыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бейшембиге чейин бүтүрө турган иштериӊизди бүткөрүп калыӊыз. Сапарга чыгуу же ооруп калуу коркунучу бар. Досторуӊузга да, баалаган адамыӊызга да ичтеги сезимдерди катпай, сыртка чыгарыӊыз. Бул мамилелердин бекемделишине жол ачат. Таанышыӊыздын бири сизди керектүү адам менен тааныштырат. Коӊшулар менен биргеликте бир планды түзүүгө катышууӊуз ыктымал.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада ири долбоор жана иштерге киришпеген туура. Мүмкүнчүлүгүӊүздү жана абалды туура эмес пландап алып, аткарууга жетишпей каласыз. Маанилүү документтер менен таанышып, кол коюуну шейшембиге пландаганыӊыз оӊ. Бейшембиде досуӊуздун арты менен белекке ээ болосуз. Апта акырында жакындарыӊыз айттырбай келип конок болушу ыктымал.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жемиштүү апта болору күтүлүүдө. Кара жумуш да, акыл жумушу да чарчата албайт. Бирок ден соолукту сактоо үчүн туура тамактанууга, кенен уктаганга көӊүл буруу кажет. Жеке мамиледе тирешүүдөн от чыгып кетпеши үчүн оӊ колуӊуздун ачуусун сол колуӊуз менен басыӊыз. Каржы жаатында киреше-чыгашаларды эсептеп, үнөмдөӊүз, акча ошондо гана топтоло баштайт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада иште калуу же кетүү маселеси жүрөгүӊүздү өйүйт. Мурунку сиздин таламды талашчулар аркы жээкке өтө качышат. Андыктан бирөөлөрдү күнөөлөөдөн мурда айып өзүӊүздөн кетпегенин талдап көрүӊүз. Алыс жактагы досуӊуздун бири жер көрүп кетүүгө чакырышы мүмкүн, ойлонуп көрүӊүз. Убактылуу колдонуп турууга пайызсыз акча таап, үйдөгүлөрдүн талабын аткарып, жеӊилдей түшөсүз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Нааразыланып сүйлөй берип чөйрөдөгүлөрдү тажатпоо үчүн, алардын майда катасы менен сынына көз жумуу кажет. Бирок кайсы бир талашта өз таламыӊызды талашсаӊыз, утуш сиздики. Ошондой эле пландалбаган сапарыӊыз жемиштүү болорун бөркүӊүздөй көрө бериӊиз. Жеке жашоо гармонияны тартуулап, жан дүйнөӊүздүн теӊ салмакта болушуна өбөлгө түзөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аракеттериӊиздин оӊ жыйынтыгы билине баштайт. Андыктан кол куушуруп отуруп албай, күжүрдөнө киришиӊиз. Бизнеске акча салуу өзүн актабайт. Ошондой эле чоӊ нерсени ойлонбой кымбат сатып алуунун арты өкүндүрөрүн эске алыӊыз. Аптанын экинчи жарымында өзүӊүзгө кымбат адамдардын жанында болуу, чогуу эс алуу тилегиӊиз орундалат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Чогуу иштегендер сизден жардамды жана өзгөчө идеяны күтүшөт. Алардын самаганын орундатсаӊыз, жетекчиликтен сыйлык ала аласыз. Кыймылсыз же кыймылдуу мүлккө ээ болуу үчүн керектүү маалыматтарды топтооӊуз мүмкүн. Жеке жашоодо майда чыр, таарынычтар унутулат. Апта аягында көӊүл ачуучу иш-чарага катышууӊуз ыктымал.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жылдыздар каржылык абалыӊызды оӊдоо үчүн куулукка, тобокелчиликке барууӊузду белгилешүүдө. Кайсы бир таанышыӊызды маселенин сазынан сууруп чыгып, чоӊ белек алууӊуз да күтүлүүдө. Шаршембиде чыгармачылык, кол чеберчилигиӊиз артып, бул жаатта эмгектенесиз. Апта аягында жекече эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
uzismail
2015-02-01 15:05:31
Кудай эн биринчи ширкти кечирбейт силер кудайдан отуп кеттинер толгонор менен
+1
№ 638, 23-январь-29-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан