ШАМАЛ МЕНЕН ЖАРЫШКАН «ШУМАХЕРЛЕР»

Кадимки жүргүнчүлөр каттаган кан жолдо мыйзамсыз өткөрүлгөн автожарыш – стрит-рейсинг деп аталат. Акыркы убакта машиналарын зуулдата айдап МАИчилердин «чекесине чыккан чыйкандар», тагыраак айтканда, стрит-рейсерлер Бишкектин көчөлөрүндө да көбөйдү. Ошол жолдордун кожоюндары же кыргыз «шумахерлери» өздөрүнүн хоббиси тууралуу биздин гезитке кеп салып беришти.

«ЖАРЫШКА ТҮШКӨН КЫЗДАР ДА БАР»

УНААСЫ ТУУРАЛУУ
Үлгүсү
– Тойота Алтеза
Эӊ жогорку ылдамдыгы – Саатына 240 чакырым
Кыймылдаткычынын көлөмү – 2000 см3
Чыккан жылы – 2003-жыл
Баасы – 6200 доллар (кошумча жасатууга 1000 доллардай сарптаган)
Чыгарган өлкө – Япония

Көчөдө чаӊ ызгыта машинасын айдагандардын бири ИСЛАМ МАМЫРОВ Кыргызстандагы автосүйүүчүлөрдүн жашоосу тууралуу кызыктарды айтып берди:
-
7-классымда атамдын машинасын уурдап алып айдаганды үйрөнгөм. Ошондон бери рулдамын. Унаа менен трюктарды жасаганды 11-классымда өз алдынча үйрөндүм. Анан көчө жарышына кызыга баштадым. Азыр Кыргызстанда да унаа жарыштыргандар көбөйдү, арасында кыздар да бар. Көбүнчө жекшемби күндөрү түнкүсүн 100гө чукул унаа, 200гө жакын күйөрмандар чогулуп, автожарыштын дрэг-рейсинг түрү боюнча 402 метр аралыкка жарышабыз. Кээде атайын биз менен жарышуу үчүн казактар да келишет. Байгебиз болсо атаандаштардын өз ара сүйлөшкөнүнө жараша болот. Мелдештерде эӊ көп уткан байгем 500 доллар болгон, ага 10 күн даярдангам. Анда-санда кырсыктар деле болуп турат, бирок өтө оор кырсык боло элек. Кээде шаарда айрым компаниялар тарабынан өкмөттөн уруксат алып, автоспортунун дрифтинг түрү боюнча мелдештер уюштурулуп турат. Мен ал мелдештерге бир нече жолу катышып, байгелүү орунга илингем. Анда көбүнчө ылдам айдоого эмес, трюктарга басым жасалат.
Кээде көчөдөн «жарышпайлыбы» деген адамдар чыгып калат. 2 ай мурун Мерседес айдаган бир байке келип, «жарышпайлыбы» деп калды. «Утуласыз, байке» десем, «менин машинамдын кыймылдаткычынын көлөмү чоӊ, утам» деди. Макул болуп жарышып, мен утуп, бак толо бензин куюп берген. Мындайлар көп эле болот.
Унаам заводдон чыкканда кубаттуулугу 220 аттын күчү болчу, бирок кыймылдаткычынын кубаттуулугун көбөйтүп, азыр 260 аттын күчүнө барабар. Өзүбүздүн хоббиден акча аябайбыз. Тапканымдын көбү машинамды оӊдоп-түзөөгө кетет. Сапаты жакшы майларды куябыз. Анан да бизге дөӊгөлөк түтпөйт, дөӊгөлөккө демөөрчү болчулар чыкса жакшы болот эле (күлүп).
Күнүнө бир жолу катуу айдап, трюктарды жасап адреналин алып албасам, тынч уктай албайм. Унааны ордунда турганда атырылтып айдап, саатына 100 чакырым ылдамдыкты 5 секундда кармайм. Шаар ичинен болушунча жай айдаганга аракет кылам. Ким мага «жарышасыӊбы?» деп тийишсе, аларга жок дей албайм. Кээде достор арасында көрүнгүм келип трюктарды жасап коём. Бош убактымда кардар ташып, таксист катары да иштейм. Америкалык, түркиялык жана казакстандык кардарларым бар. Менин айдаганымды жактырышып атайын түшүшөт да, трюк жасоомду суранышат. Анан жеткирчү жерине жеткирген соӊ 100 доллардай төлөп коюшчу. Бир режиссёр мага кардар болуп чыгып калып айдаганымды жактырып, бир тасмага каскадёр-дублёр болуп да тартылгам.

«МАИЧИЛЕР ТОССО КАЧАМ»

УНААСЫ ТУУРАЛУУ
Үлгүсү
– Тойота Чайзер
Эӊ жогорку ылдамдыгы – Саатына 360 чакырым
Кыймылдаткычынын көлөмү – 2500 см3
Чыккан жылы – 2001-жыл
Баасы – 15 миӊ доллар (кошумча жасатууга 4000 доллардай сарптаган)
Чыгарган өлкө – Япония

Дагы бир ылдамдыкты сүйгөн ЭРЛАНБЕК БЕКБОТОЕВ аттуу мекендешибиз менен маектештик:
-Өзүм касапчы болуп иштейм. «Форсаж» аттуу тасманы кызыгып көрчүмүн. Рулду алгачкы жолу 3-классымда таякемдин тракторун айдап кармадым. 2009-жылдан тарта Бишкектеги автожарыштарга катыша баштагам. Кыштан башка мезгилдерде ар жекшемби сайын машина көп чогулганда кечки 9дан таӊкы 4кө чейин жарышабыз. Жарышчыларга караганда күйөрмандар көп келишет. МАИчилер келип кубаласа деле телефон аркылуу байланышып, башка жактан чогулуп алабыз. 2013-2014-жылдары дрэг-рейсинг боюнча Кыргызстанда чемпион болдум. Машина менен трюктардын бардык түрүн жасай алам. Шаар ичинде жүрсөӊ кээ бирөөлөр баасы 50-60 миӊ долларлык, кыймылдаткычтарынын көлөмү 6500 см3 болгон кымбат машиналарды айдап келип «жарышалы» деп тийишишет. Ашып кетсеӊ таӊ калышат. Кээде көчөдөгү мотоцикл айдаган байкелер менен жарышып, ашып кетебиз. Мелдешип жарышууда көп эле байге уттум, эӊ көбү 2000 долларга чейин жетти. Өзүм 2 жолу, бирөөсүндө 500 долларга, экинчисинде 5 миӊ сомго утулдум.
Бир жолу Казакстандан Порше 909 үлгүсүндөгү унаа айдаган бирөө келди. Казакка бул жактагы бирөөлөр акча коюшту, мага болсо досторум акча сайышып, казактарды утуп, 1000 доллар алганбыз. Шаар ичинде деле катуу айдап, трюктарды жасамай бизде адат болуп калган. Мени кумир тутуп, «айдаганды үйрөтчү» дегендер көп.
Турбиналуу меникиндей үлгүдөгү унаа Кыргызстанда үчөө эле. Негизинен заводдон 280 аттын күчү менен чыгат, мен башка турбина коюп жасатып, 500 аттын күчүнө жеткирип алгам. 800 аттын күчүнө жеткирем деген максаттарым бар. 3 секундда саатына 100 чакырым ылдамдыкты кармайм. Дөӊгөлөк түтпөйт, жумасына алмаштырып турам. Биздин атаандаштар казактар. Буюрса, жазында чоӊ мелдеш болот, унаабызды башма-баш байгеге коюп жарышабыз.
Бир жыл мурун Казакстанга барып айдоочулук күбөлүгүмдү алдырып жибергем, ошондон бери ала элекмин. Ошол себептен көбүнчө МАИчилер тоссо токтобой качам. Бир окуя айтып берейин. Бир ирет МАИчи тосконунан токтобой качып кетсем, кубалады. Бөлөм жер үйдө жашайт, анын үйү тарапка баратып «дарбазаны ачып койгула» деп телефон чалдым. Алар мен баргыча дарбазаны ачууга үлгүрбөй калып, дагы бир квартал айланып келип үйгө унаамды токтотуп, дарбазаны жаап көчөгө чыксам, мени кууп жүргөн МАИ кызматкерлери токтоп, «Жаӊы эле бул жерден спорттук машина өткөн жокпу?» деп сурап коюшат (күлүп). Бийлик унаа жарышчылардын көптүгүн эске алып атайын жарышка түшчү трасса куруп берсе жакшы болмок, көрүнгөн жерде жарышпай, акчасын төлөп ошол жакка барат элек.

Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Titi
2015-01-26 12:48:24
Окмот шаардын ичиндеги жолдорду одной албай жатат.силерге кайдагы :атайын: жол?
+3
ainuska00
2015-01-26 20:16:11
тооба ,каяктагы жолду сурайт?центральный кочолордо жол нормальный эмес анан
0
demo009
2015-01-27 01:20:01
акчасын толоп беребиз деп атышпайбы,макул деп койсонор эми.
0
Deesmond
2015-01-29 13:12:29
demo009, мен макулмун )))))
0
Ayperi94
2015-01-27 13:26:17
Чын эле атайын ушундай жол салып койсо бийлик жакшы болмок...экен
0
B.roza
2015-01-29 17:29:11
jОшентип жарышып атып бир кун доиграетесь.Кээ бирде эч нерсени карабай зуулдатып айдап канча авария канча адамдын олуму мойнунарда болот ошонун жоопкерчилигин сезесинерби!Туну кечирээк бир жерден кайтсан ушундай жарышкандарды коруп журогун тушот.
+1
B.roza
2015-01-29 17:37:40
Окмот атайын жол салып берсе абдан жакшы болмок.Башкаларга зыянынар тийбейт эле.Южный магистраль кочосундо абдан коп жарышышат.Тун ичинде уйку беришпейт.Тун ичинде ал кочодон машина айдап откондон дагы коркосун.
0
patriot_jigit
2015-01-29 20:42:10
Маиден качкандар созсуз турдо аварияга туш болушат бирде болсо бирде кабыласын шумахерчи
0
№ 638, 23-январь-29-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан