Жоомарт Оторбаевдин премьер-министр катары иштегенине бир жылга жакындап калды. Бул аралыкта премьер кандай жетишкендиктерди көрсөтө алды, эмне кемчиликтерди кетирди? Мындай суроолор менен серепчилерге кайрылдык.
«ЭӉ НЕГИЗГИСИ, ТАЗА ИШТЕП ЖАТАТ» Жумакадыр Акенеев, экономика боюнча эксперт:
– Жоомарт Оторбаев өзүнүн укугуна жараша колдон келишинче иштеп берип жатат. Азыркы премьер-министр болобу же буга чейинки өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Өмүрбек Бабановбу, баары өздөрүнүн командасы менен иштей алышкан жок. Аларга Жогорку Кеӊеш кимди бекитип берсе, ошо менен ишти алып кетүүгө мажбур болушту. Анткен менен бир жылдын ичинде Оторбаевдин өкмөтү 90 пайызга алмашты. Эки-үч эле министр алмашпаса, калгандарынын баарын кетирүүгө туура келди.
Эми кандай десек, экономикабыз чөгүп кеткен жок. Алынын жетишинче иштеп жатат. Мындан да чечкиндүү кадамдарга барса жакшы болмок. Андай жолго барууга өкмөттүн укугу жетишсиз. Өзгөчө маселе болуп турган "Кумтөрдү" батыраак бүтүрүп койсо жакшы болот эле. Бул иш аягына чыкпай турат. Анын кесепетинен бюджетке 60-70 миллион доллар түшпөй жатат.
Жалпы жонунан алганда, Оторбаев орчундуу кемчиликтерди кетирбей, эӊ негизгиси, таза иштеп жатат. Орун басарларынын, мисалы, Тайырбек Сарпашевдин тегерегинде бир топ сөздөр жүрүүдө, бирок өкмөт башчынын тегерегинде мындай бир да сөз болгон жок.
«КАРАЖАТТЫН АЗДЫГЫ ЖАНА САЯСИЙ ОЮНДАР ӨНҮГҮҮНҮ АРТКА ТАРТЫП ЖАТАТ»Шерадил Бактыгулов, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт:
– Жоомарт Оторбаев премьер-министр болгондон кийин көптөгөн жаӊы реформаларды киргизди. Ал жетектеген министрлер кабинетинин жетишкендиктерине токтолсом, Бажы союзуна кирүү даярдыгына байланыштуу кыргыз өкмөтү 30дан ашык документтерди иштеп чыгып, жактырды. Ушул документтердин мониторинг иштери менен жогорудагы реформаларды айкалыштырып кетүү жакшы иштелип чыкты деп эсептейм. Экинчиден, электр энергия тармагында түзүлгөн каатчылык кырдаалынан чыгуу аракети көрүлүп, биринчи жолу казактар менен келишим түзүлдү. Буга көбү эле ыраазы болду, анткени ишканалар да, калк да системдүү түрдө жарык өчүрүүлөрдөн азырынча кутулду көрүнөт.
Дагы айта кетсек, электр энергиясынын тарифтик саясатын түзүү Энергетика жана өнөр жай министрлигинен бөлүнүп чыкты. Тарифти түзүү министрликтин карамагында болуусу туура эмес болчу. Мындай мыйзам долбоор Жоомарт Оторбаевдин тушунда көтөрүлүп чыкты жана тарифтик саясатты түзүп чыгуу өкмөттүн алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу агенттигине жүктөлдү.
Коррупцияга каршы күрөшүүгө келсек, бүт дүйнө боюнча коррупциянын деӊгээлин изилдөө "Transparency International" уюмунун индексине ылайык, Кыргызстан 2014-жылы 175 өлкөнүн арасынан 136-орунга чыккан. Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан 2013-жылы 150-орунда болчу. Ортодогу 13 өлкөнү секирип өтүү өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштүн жакшырганынан кабар берет. Бул жетишкендик жалгыз премьер-министрдики деп айта албайбыз, ошентсе да көзөмөл салган башчыдан көп жагдай көз каранды.
Кемчиликтерден айтсак, каражат аз, ар кандай саясий оюндар бар, ошолор өнүгүүнү артка тартып жатат. «ЖАШ КАДРЛАРГА КӨӉҮЛ БУРУЛУП ЖАТАТ»
Азамат Акелеев, финансы тармагы боюнча серепчи:
– Жоомарт Оторбаев адегенде эле реформаларды иретке келтирүүгө аракет кылды. Мунун натыйжасында, мисалы, бюджеттин кирешеси өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 20 пайызга өстү. Ошол эле убакта ички дүӊ өндүрүмүбүз орто эсеп менен 4 пайызга жогорулаптыр. Андан мурун 7 пайызга өсүш болот деп мерчемделген болчу, ага жетпей калышты. Бирок кирешелерди башкаруу жагы жакшырды.
Мындан тышкары кадрдык реформа жагында бир топ жылыштар болду. Жаш кадрлар Мамлекеттик каттоо кызматына, билим берүү мекемелерине, энергетика тармагына жана кээ бир мамлекеттик компаниялардын башчылыгына дагы келди. Энергетика тармагында көптөн бери чечилбей келе жаткан тарифтик маселе каралды, жабдыктар 60 пайызга жаӊыланды. Анан Кыргызстан боюнча авариялык өчүрүүлөр 20 пайызга кыскарды. Биометрикалык маалыматтардын чогултулуп жатышы келечекте көптөгөн плюстарды алып келет деп ойлойм. Мисалы, коррупцияга каршы күрөшүүдө, шайлоо системин жакшыртуу, бардык жарандарды каттоого алуу жана башка иштерде жакшы жыйынтык берет.
Эми кемчиликтерди айтсак, көптөн бери айтылып, анча-мынча башталып келе жаткан реформалар аягына чейин чыга элек. Каржы министрлигин алсак, ал жерде автоматизация маселеси чечилбей турат. Акча бөлүштүрүү процесстери дагы иреттелип, регламенттери жакшы жазыла элек. Анан айыл чарба тармагы да анча каралган жок. Ошого көбүрөөк көӊүл буруп, кандай реформалар керектигин аныктоо зарыл. Айыл чарба бирден-бир киреше алып келчү тармактардын катарына кирет.
Тоо-кен тармагы боюнча бир топ жылыштарды күтүш керек. Бул жаатта суроолор бар, көбүнчө бул жергиликтүү калк менен болгон маселелер. Мындан тышкары эл аралык соттук процесстерде Кыргызстан өкмөтүнүн утулуп калган учурларында юридикалык кызыкчылыктарыбыз жакшы корголбой калып жатат.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg