«Былтыр дал ушул маалда кыздуу болуп, кубанычым коюнума батпай сүйүнсөм, быйыл уулдуу болуп отурам»,- деп актёр Азамат Арыков интернет баракчасына сүйүнчүлөп жазды. «Бешик бооӊор бек болсун!» деп байланышка чыкканыбызда, Азамат:
– Тун кызыбыз Фатима 24-январда бирге чыгат. Ал эми уулум болсо 21-январда борбордогу №6-төрөт үйүндө 3 килограмм 650 грамм салмакта жарыкка келди. Ага таятасы Төрөкул деген ысым ыйгарды. Былтыр кызым төрөлгөндө дарыгерлерге сүйүнчү берейин десем, акчаларым кесек болуп «майдалатып келейин» деп айта албай, бир аз буйдалып калгам. Бул жолу келинчегимди ооруканага киргизип коюп акчамды майдалатып, курсагымды тойгузуп алайын дегиче эле аялым телефон чалып «уул төрөдүм» деп сүйүнчүлөдү. Эми чоӊ сүйүнчүнү келинчегиме камдашым керек,- дейт.