Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун «Саясаттагы 10 жыл» деген китебинин үзүндүлөрү интернетте жарыяланып, ал учурда кызуу талкууда. Анда 2011-жылы 30-октябрда Кыргызстандан Түркияга жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн гуманитардык жүк менен кошо 3 тонна алтын алынып чыгып кеткендиги тууралуу жазылган. Албетте, автор окуяны баяндаганы менен далил катары кароочу фактылар берилген эмес.
Бул боюнча 21-январь күнү башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруучу Темирбек Бекмаматов комментарий берип, башкы прокуратура Садыр Жапаровдун китебиндеги маалыматтарды текшерүү мөөнөтүн узартканын айтты. «Көп сандагы адамдарды сурап чыгуу керек. Текшерүү иштери аягына чыга элек. Бирок алдын ала маалыматтар боюнча, алтын чыгарылып кеткенин тастыктаган материал жок. Жүк үч жолу текшерүүдөн өткөн, анын ичинде алтын болгон эмес»,- деди Бекмаматов.
Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч буга байланыштуу "Азаттыкка": "3 тоннадан ашуун алтын өтө чоӊ жүк. Аны бирөө жарымдын байкабай калуусу мүмкүн эмес. Автор китепте чындыкка дал келбеген жана негизсиз нерселерди билдирип жатат",- деп айткан.
Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg