21-январь күнү президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө республиканын жогорку билим берүү системасында жана илим тармагында реформа боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сөз болду. Эльвира Сариева мектептерге жана мектепке чейинки мекемелерге билим берүүчү инновацияларды киргизүү боюнча пландар туурасында да айтып берди.
Мамлекет башчы өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн билим берүү жана илим чөйрөлөрүндө реформаларды натыйжалуу ишке ашыруу маанилүү экенин белгилеп, билим берүү жана илим министрлигине финансы министрлиги менен бирдикте өлкөнүн мугалимдеринин айлык акыларын жогорулатуу жөнүндө маселени иштеп чыгуу тапшырмасын берди.
Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg