19-январда Жогорку Кеӊештин депутаты Өмүрбек Текебаев Үй куруучулар коомдук бирикмесинин кезексиз курултайына катышты. Анда «Ата Мекен» фракциясы тарабынан «2012-жылдын 3-августуна чейин өз билемдик менен курулган жеке турак жайлар курулган жер тилкелерин легалдаштыруу жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлганын билдирди. Жыйында акыркы 20-25 жылда Бишкектин чет-жакасында жарым миллионго жакын адам жашаган 47 жаӊы конуш пайда болгону, ар кандай себептерден улам 6 миӊден ашуун турак жайдын ушу кезге чейин документи жоктугу белгилүү болду. «Кыргызстан боюнча 52 миӊден ашуун мыйзамсыз салынды деген турак жай бар. Каттоосу, документи жок жарандар балдарын же мектепте окута албайт, же бала бакчага бере албайт. Алар социалдык жеӊилдиктерден куру калган. Бул көйгөйдү мыйзам жолунда чечип, биротоло чекит койбосок болбойт»,- деди Текебаев.
Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg