БИР БҮРКҮМ

  • СИРИЯДАГЫ согушка кыргызстандыктарды жөнөткөн жаран 4 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун соту 12-январда болуп өткөн отурумунда жарыялады.
  • "Ата-энелердин балдарына ЭМДӨӨ алуудан баш тарткан 6 миӊ 462 учур катталды. Анын ичинде диний ишенимдин айынан эмдөө албай жүргөндөр да бар",- деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.
  • Өлкөдө 2014-жылы 165 миӊ 398 НАРИСТЕГЕ төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилген. Балдардын төрөлүшүнүн саны боюнча Ош облусу биринчи, Нарын облусу акыркы орунда.
  • «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ишканасынын башчысы алмашты. 2015-жылдын 20-январында Дэниел Дежарден Майкл Фишердин ордуна жумушка чыкты.
  • Ар бир облуста 200дөн 300гө чейин ДАРЫГЕРЛЕР жетишсиз. Ошондуктан быйылкы жылдан тарта медициналык окуу жайларды бюджеттик негизде бүткөн адистер аймактарга жөнөтүлөт. Эгер алар каршы болсо, ала турган дипломдорунан кол жуушат. Муну вице-премьер Дамира Ниязалиева айтып чыкты.
  • Мындан ары ар бир колдонуучу ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯГА келген дүмүрчөктөгү сумманы өз алдынча эсептеп алса болот. Ал үчүн «Түндүк электр» ишканасынын severelectro.kg сайтына кирип, «Калькулятор» деген онлайн-кызматты пайдаланууга болот.
  • Өлкөдө былтыр 55 миӊ 251 КЫЗ-ЖИГИТ үйлөнгөн. Ошол эле учурда 2014-жылы 9 миӊ 276 үй-бүлө ажырашып кеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
  • Армения, Грузия, Украина, Кыргызстан өӊдүү 9 өлкөнүн экономикалык абалы РУБЛДУН наркынан көз каранды. Бул мамлекеттерге Орусиядан акча которуулар көп болот. Муну британиялык гезит "The Guardian" жазып чыкты.
  • Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери 10 түзөтүү мекемелеринде 16 миӊге жакын КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИ кайтарат. Бул тууралуу ЖАМКнын жетекчиси Советбек Арбаев билдирди.
  • "Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеӊешке депутат болуп шайланып келген НАРИМАН ТҮЛЕЕВ мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылды. Мындай чечим 21-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.
  • Былтыр балдар үйлөрүнөн 1 миӊге жакын бала АСЫРООГО АЛЫНГАН. Ал эми 2013-жылы өлкө аймагындагы 872 бала асыроого алынган.
  • Өзбекстанда 385 миӊ, Кытайда 189 миӊ, Тажикстанда 56 миӊ ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР жашайт. 2010-2014-жылдар аралыгында 8893 этникалык кыргыз Кыргызстанга көчүп келип, кайрылман статусун алды.

Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 638, 23-январь-29-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан