(Башталышы өткөн сандарда)
Темирдин өлүмүн таштуу башат конушунда угузбады беле, эӊ акыркы зыяпатын да ошол угузган маалында, ошол жерден өткөрүштү.
Кыздын карасын төркүн алат. Жамгыр баштап үч-төрт киши, катын-калач келишти. Айзааданы үч жыл бою түндөй тумчуктуруп баскан аза кийимин отко ташташып, ак көйнөк, ак жоолук салышты. Эми кайната, кайын журт келинге уруксат кылса, эрк ошолордуку, же туугандардын бирине нике кыйып алып калышса да жол ошолордуку. Жамгыр ачык айтпаса да мамилеси менен Теӊирбердиге жалынып, шор баскан Айзааданын өмүрүн, тагдырын ошондон тиленип, делбиреп жүрдү.
– Кудам... Кудай дешкен куда элек... Кантели, тагдыр ушул экен, Кудай бизди айрыды... Айланайын кудам, сен дагы баланын атасысыӊ! Жаш эле, жаштыгына күй, шордуу Айзаадага уруксат кыл...
Жамгыр жашып кетти. Теӊирберди сөздүн ордуна шолоктоп ыйлап жиберди. Тияктан Санем озондоп чыкты:
– Оо, коку-уй!.. Кокуй, Темир эми чындап өлгөн турбайбы, кокуй...
Теӊирбердинин кеби Жамгырды ого бетер күйүткө салды. Ал «баш байлары жок дейсиӊби?» деп койду. Өз ара сүйлөшүп чечише албай, жанагы сылыктык, сый жок кудалар бирин-бири заардуу тиктей башташты. Акыры экөө топко түшө турган болуп, Жамгыр да көшөрө жөнөп бараткан жолунан калып, түнөп калды.
Топ эртеси эле чогулду. Жамгыр байкуш кичинекей көк сакалын эрбейтип, ар кимди жалбарып тиктеп, кызынын тагдыры үчүн ушул айылдын итине да үч тегеренип кетчүдөй. Бекназар аксакалдардын этегине келип мандаш урунду. Башында ак кийиз тебетей, бутунда көн өтүк, көөнөргөн теке чалбар шымчан. Ал азыр башка туугандарынан айырмасы жок.
– Мага топтун кереги жок, баатыр, сенин гана бир ооз сөзүӊ керек. Бар, бара бер, жесир биздики десеӊ, турам да кете берем... Күйгөнүм жалгыз кызым... Жаш эле... Шордуу балам көӊүлүнө отурбаган бирөөгө байланып, кор болуп калабы?..
– Кана, не дейсиӊ, Теӊирберди? Айт, бүлө ээси сенсиӊ. Нике кыярым бар десеӊ салт да, шарият да сен жакта. Жок, келин балама уруксат берем десеӊ эрк да, айкөлдүк да сен жакта.
Теӊирберди мисирейип туруп баягы сөзүн дагы айтты:
– Мен Темиримден өлүп айрылдым, эми келинимден тири айрыларга алым жок! Уучум куру эмес... Темирим сынса Болотум турат!..
Жамгырдын көзү чекирейип кетти.
– Эркек он экисинде, кыз бала тогузунда балакатка жетишет. Быйыл Болотум он экиге чыгат, нике буйруйт. Болотума нике кыйдырам...
Айлана дым боло түштү. Бекназардын эки көзү шибеге болуп Теӊирбердиге кадалды.
– Болбойт!- деди Бекназар кесе. – Болбойт! Балаӊ келиндин жарым жашында. Бою да, ою да эки башка. Эки адамдын убалы уктатабы сени?! Ава, Кудайга кара, ой, ава!
– Кайсы Кудайга карайм?! Ошол Кудай мага жол берди, Кудайдын шарияты жол берди!
– Болбойт дедим!
– Бекназар! Бекназар! Оо, Бекназар, менин үйүмө киришпе! Жетет! Темирди ээрчитип жүрүп өлтүрүп бердиӊ, жетет!.. Куда-ай, кайдасыӊ, туугандын зордугун көрсөткүчө, оо, алсаӊчы мени!
Кишилер Теӊирбердини жөлөп, кайрат айтып, бир даары Бекназарга ичтен нааразы, айрымдары анын да кебин туура көрүп, Жамгырдын чекесинен тер кетип, бул чатактын акыры эмне менен бүтөрүн билбей, акылдары жетпей турду.
– Кана, эмне дейсиӊер?!
Бекназар кыдырата тиктеп, кесе сурады. Бир аксакал гана ордунан түйшөлүп, нурсуз көзүн ирмегилеп, сөз таппай калды. Минтип бүлө ээсинин эркине, шарияттын эрежесине каршы бүтүмдү көргөн эмес. Бекназар да муну түшүндү. Кылымдар бою ыйык сакталган бүлө ээсинин укугун, айыл аксакалдарынын кадырын жалгыз өкүмдүк, өткүрлүк менен аттап өтүп кетүүдөн чочуду.
– Болуптур! Келин мында келип айтсын, тагдыр ошонуку, өзү эмне десе, бүтүм ошол!
Зайыпты топко чакырганды ким көрүтүр?! Катын акылы чөлгө, эр акылы өргө. Болбойт бул иш! Болбойт! Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет. Бекназар акеӊ болтурам десе болтурары ошо. Ким алдына чыгат? Өз айылында кебин эки кылганды жаман көрөт. Өйдөсүнгөн, басынткан кишини көрсө көзүнө кан толо түшөт, колу дароо кылычына жабышат, бул жан кечти. Ошон үчүн баатыр.
Топ ушундай адат менен адил жан кечтиликтин ортосунда кысылып турду. Акыры ыйбаа басып, ак шалпар жоолукту үлпүнчөк таштап, жанына Кулкишинин зайыбын коштотуп Айзаада келди.
– Мен бул үйгө кунга келген эмесмин. Же сатылып келген эмесмин. Көӊүлүм сүйгөн киши менен качып келгем... Арбакты сыйлайм. Артында калган атасын, энесин капа кылуу мага кыйын. Атам чын көӊүлү менен уруксат кылса кылсын, болбосо буларды боздотуп таштап кете албайм. Бирок атам мени кичине балага нике кыям дебесин. Ал Темирдин бир тууганы болсо, менин да бир тууганым болбойбу?! Мен кетпейин. Чачымды желкеме түйүп, тебетей кийип, Темирдин ордуна Темир болуп, катуу жумушун капшырып, жумшагын жууруй кармап кызматын кылайын. Ошондо атамдын көӊүлү жибир...
Кишилер Айзааданын кебине таӊ болушту. Теӊирберди да, Жамгыр да үӊкүйүп отуруп калышты.
– Айтарым ушул. Атам мунумду эп көрбөсө таарынам. Турам да кете берем... Алдымда кызыл камчы турмактан өлүм өзү туура тосуп жатсын, тике карап кете берем. Өлүм бактуунун багын, шордуунун шорун алат...
Бири да чук этпей, тымтырс болуп калды эки жак теӊ...
«Баатыр, ушби куш тилиндей кабарды улуу агабыз Абилден деп билгейсиӊ. Көптөн бери табым жок. Теӊирберди акеми алып, бир келип кет. Акылдашар ишим бар...»
Ишенимдүү жигит Абил бийдин бул катын Бекназарга апкелип тапшырды.
Абил бий сопсоо болчу. Кыйноо тарткан кишидей кабагын чүрүштүрүп, көзүн үлдүрөтүп тосуп алды.
– Кантели, Теӊирберди аке, жаш балдарга туугандын баасы жок болсо болоттур, а минтип бир бутубуз көргө малынып турган чакта, Теӊирберди аке, сиз менен бизге тууган кубат...
Бекназар Абил бийдин жасалма кейпин эшиктен киргенде эле байкаган. Бирок сөздү, шартты баалап, акылдын жетегине карап да иш кыла билген кашкөй, мынчалык алдына келип отурган соӊ мамилеге жараша ыгып отурду.
– Абике, кабар укпадык, чакыртпай келип ал сурап туруш, ырас, биздей кичүүнүн милдети эле, бирак...
– Бөөдө эле ортого чычкан жорголобой калгандын кесепети ушу,- деп өкүнгөн болду Абил.
– Түбү «бөөдө» эмес го... Биздин бийлер ордо башы ким экенине карабай ошоякка чабышат. «Кара аламан» деген эл ордо башылардан өлө жадап бүткөн. Мына, «бийлер» менен «кара аламан»
эки башка ойлонот, биринен бири жатыгып калган, ошон үчүн...
Абил бийдин көзү ачыла түштү. «О-о, тектүү кедей, дымактуу кул...» деп таӊ берди ичинен.
– Эми ары дейбиз, бери дейбиз, канткен менен «ордо жок болуп кетсин» деген ой эч кимибизде жок. Элге бир уютку керек. Ансыз озунган кыйкырып чыга берип эл тополоӊго учурайт. Арыз угары, өкүм чыгарары калбай эл тозуп кетет. Мааниси ушул ки, ордого көрсөткөн ак кызматыбыз өз журтубуздун арын сатканыбыз эмес, өлкөбүздүн бирлигин тутканыбыз болот.
(Уландысы кийинки сандарда)