Канталанын 40 000ден ашык түрү, 50дөн ашык тобу бар. Алардын ичинен төшөк канталасы үйдө жашагандыктан адамдарды чагып, түрдүү ооруларга дуушар кылып келет. Бул жандык кайдан, кантип таралган, андан коргонуу тууралуу төмөнкү макаладан окуӊуз.
Кызыктуу маалымат
БАШ БӨЛҮГҮ
Башынын алдыӊкы бөлүгүндө кан сорууга ыӊгайлуу тумшугу жайгашкан. Жаактары эки каналга (кенен жана ичке) бөлүнөт. Кенени кан сорууга ыӊгайлашса, ичкеси чаккан жерине шилекей бөлүп чыгаруу кызматын аткарат. Башындагы мүйүзчөсү (антенна) багыт алганга ыӊгайлашкан.
Үчтөн жуп алты буту бар. Чоӊ кантала 1 мүнөттө 1 метр жерди басса, кичинекейи 25 сантиметр жерге жете алат.
ӨМҮР СҮРҮҮСҮ
Орточо жашоосу бир жылдан 18 айга чейин жетет. Үйдүн жылуу жерлеринде, дубалдардын кычыктарында, эмеректерде жашашат. Караӊгыны сүйгөн жандык. Жашаган жеринен азыктанар учурда гана сыртка чыгат. Көбүнчө түндөсү азыктанышат. Көлөмүнө карап 3-15 мүнөткө чейин азыктанат.
КАНТИП КӨБӨЙӨТ?
Төшөк канталасы жумурткасын төшөктөрдүн кычыгына, жумшак эмеректердин ичине таштайт. Жумуртканын өлчөмү 1 миллиметр келип, ак түстө болот. Ургаачысы өмүрүндө 500 жумурткага чейин таштайт. Эки жумада жумуртка жетилет да, 3-10 жумада кадимкидей кан сорууга жарап калат. Жумуртка таштоо милдети бүтөрү менен ургаачылары өлүп калышат.
ТУЛКУ БОЮ
Кан менен азыктанганына жараша тулку бою 1-9 миллиметр. Эркеги ургаачыларына караганда көлөмдүү келет. Төшөк канталасынын түсү киргил сары же күрөӊ түстө болот. АЗЫГЫ
Төшөк канталасы адамдан тышкары жаныбарлардын– ит, мышык, үй канаттууларынын каны менен азыктанат. Ачка болсо кыймылы жайлашып калат. Бирок жашоо шартынын канчалык кыйынчылыгына карабай кантала ачкачылыкка чыдамдуу келет.КОРКУНУЧТУУ ООРУЛАРДЫ ЖУГУЗУШУ МҮМКҮН
Кантала чагар алдында курмандыгына узун тумшугу аркылуу шилекей безин сайып алат. Бул денеден кан соруп жатканда оорутпайт. Чагып кеткенден кийин бир саат убакытка жетпей дене кычыша баштайт. Кээ бир учурда чаккандан кийин аллергияга алып келет. Мындан тышкары төшөк канталасы бруцеллёз, чечек, сарыктын В түрү, кургак учук, сибирь жарасы жана башка тери ооруларын жугузушу мүмкүн. Бир түндө 500дөн ашык жерди чагууга жетишет.
КАНТАЛА ЧАККАНДА...
КҮРӨШҮҮНҮН ЫКМАСЫ
1. Төшөк канталасынан кутулуу үчүн атайын адистердин дезинфекция жүргүзүүсү керек болот.
2. Дарылаардан мурун үйдөгү буюмдарды, балдардын оюнчуктарын, тамак-аштарды жыйнап, дары чачканда тийбей тургандай кылып жаап коюӊуз.
2. Кантала үйдөгү кайсы бурчта, эмеректе жыш жайгашып, жумурткалаганын табыӊыз.
3. Дарыны (неоникотиноид, карбамин кислотасы жана бор кислотасы) ысырап кылып туш келди жерге чача бербей, үйдүн кайсы бөлүгүнөн канталаны көп көрсөӊүз, ошол аймактарга гана чачуу керек.
4. Дары чачкандан кийин үйдүн эшик-терезелерин бекем жаап, 1 күн башка жакка үй-бүлөӊүз менен бара туруӊуз.
5. Кайра кайтып келген соӊ эшик-терезени ачып, таза аба менен желдетип, колдонгон буюмдарды ным чүпүрөк менен сүртүп, тазалап чыгыӊыз.
Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg