15-январь күнү миллиондогон байге фондусу бар «Элдик лотерея» соода маркасынын «Белек» лотереясы баш байгеге коюлган 7 миллион сомдун ээсин аныктады. Бул ирет ийгилик кушу Талас облусунун тургуну Жаныбек мырзага жылмайып, ал миллионду уткан күнү уктабай чыкканын айтты.
Кубанычы коюнуна батпай турган Жаныбек мырза 7 миллион сомду кандайча утуп алганы жөнүндө айтып берди:
– "Талас" базарынан 3 билет алгам. Алардын бирөөсүнөн 7 миллион сом уттум. Элдин баарына «ойногула, уткула!» демекчимин, анткени бул таза оюн. Эми утушума балдарыма үй салып берем жана өзүм дыйкан болгондуктан, дагы бир трактор алсамбы деп турам. Кудай кааласа, калган акчаны элге жардам катары берем.
Чынында, баш байгени алганымда ишенген эмесмин, эми гана акчаны колго алгандан кийин ишенип отурам. «Элдик лотерея» соода маркасына чоӊ рахмат. Өзгөчө ал жерде иштеген кыздарга ыраазымын, барганда жаркылдап тосуп алышты.
Ошондой эле бул күнү 400 миӊ сомдук байгени утуп алган 2 жеӊүүчү аныкталды. Алардын бири Акмарал Ош облусунун Ноокат районунун тургуну:
– Мен Кызыл-Кыя шаарынын «Айбек» базарынан үй-бүлөбүздүн ар бир мүчөсүнө арнап 5 билет сатып алгам. Алардын ичинен 5 айлык балама деп алганыман утуш чыгып, минтип 400 миӊ сомдун ээси болдук. Утуп алабыз деп күткөн эмеспиз, алып ойноп көрөлү дедик. Буга чейин мага «бул оюн жалган» деп айтышчу. Бирок андай эмес экенине ынанып отурам. «Элдик лотерея» ишеничтүү экен, ойногула, уткула! Эми бул акчаны үй-тиричилигине коротолу деп турабыз. Дагы бир мекендешибиз 400 миӊ сом утуп, кубанычы коюнуна батпай турган кези. Ал Баткен облусунун Кадамжай районунан келген Бегайым айым:
– Учурда биздин бир кыз, үч уулубуз бар. Бул акчаны балдарыбыздын келечеги үчүн үй-тиричилигине жумшамакчыбыз. Мындан ары да ойнойбуз. Элге айта кетейин, бул чын оюн экен. Ойноӊуздар, утуӊуздар!