Өткөн аптада Санкт-Петербург шаарында футбол боюнча КМШ өлкөлөрүнүн жаштар курама командалары арасында жыл сайын өткөрүлүүчү «Шериктештик Кубогу» жыйынтыкталды. Анда башкы машыктыруучу Мирлан Эшенов баштаган Кыргызстан курама командасы аталган мелдештин башкы ачылышы аталып, кыргыз футболунда буга чейин болуп көрбөгөндөй жыйынтыкка жетишти.
1-ТУР. АЛГАЧКЫ ОЮН – АЛГАЧКЫ УПАЙ
Молдова – Кыргызстан 1:1
(Голдор: Спэтару 71-мүнөт; Сагынбаев 81-мүнөт)
Кыргызстан жаштар курама командасы бул мелдешке даярдыкты Катар өлкөсүндө өткөрүп, башынан эле алдыга чоӊ максаттарды койгон. Мелдештин чүчү кулагы боюнча өлкөбүздүн курама командасы «А» тайпасында Латвия, Молдова жана үй ээлери менен ойномой болушту.
Биздин футболчулар алгачкы беттеште молдовалыктар менен кезигишти. Кызуу чыӊалууда өткөн оюндун жыйынтыгы 1:1 эсебин каттады.
2-ТУР. БАШКЫ КААРМАН БИЗДИН ДАРБАЗАЧЫ
Латвия – Кыргызстан 1:1
(Тиденбергс 56, Козубаев 75)
2-оюнда Кыргызстан – Латвия беттеши орун алды. Оюндун 53-мүнөтүндө Кыргызстандын дарбазачысы Андрей Шикин 11 метрлик айып соккуну (пенальти) тоскону менен, Эдуардс Тиденбергстин соккусуна каршы тура алган жок. Намыска бек турган биздин жаш футболчуларыбыз 75-мүнөттө эсепти теӊешти. Бурчтан чыгарылып берилген топту Тамирлан Козубаев голго айландырды. Айыгышкан беттеште 1:1 эсебиндеги теӊ чыгуу катталып, курамалар бирден упай ала алышты.
3-ТУР. ФАВОРИТТИ АРТКА ТАШТАП...
Кыргызстан – Орусия 2:1
(Дүйшөбеков 45; Умаров 50; Евсеев 85)
Тайпалык оюндардын акыркы турунда Кыргызстан жеӊишке жетишпесе, мелдешти андан ары улантышы мүмкүн эмес эле. Андыктан жеӊиш гана керек болчу. Ал эми атаандаш – мелдештин чемпиондугуна башкы талапкер Орусия эле. Көпчүлүк бул оюнда үй ээлери атаандашынын ындынын өчүрүп утуп алат деп божомолдошкон. Бирок...
Кыргыз футболчулары 90 мүнөт бою бери дегенде Орусия менен теӊ ойноп, кези келгенде алардан мыкты ойной алышты. Бактыяр Дүйшөбеков менен Акрам Умаров керекке жарап, жыйынтыгында 2:1 эсеби катталды. Бул жеӊиш Кыргызстан жаштар курамасынын тарыхында биринчи ирет аталган мелдеште тайпадан чыгуусун камсыздады.
КЫРГЫЗСТАН 6-ОРУНДА
Чейрек финалга жолдомо алган футболчуларыбыз Финляндия жаштар курамасынан 1:0 эсебинде жеӊилүүгө дуушар болушту. Ал эми 5-8-орундар үчүн беттештерде Тажикстанды 3:1 эсеби менен жеӊсе, Орусияга ушундай эле эсеп менен жеӊилип калды. Жыйынтыгында Кыргызстан курама командасы 12 өлкөнүн ичинен алдыӊкы 6 команданын катарына илинди.
Ал эми «Шериктештик Кубогу-2015» мелдешинде ТАР (Түштүк Африка Республикасы) чемпиондукту илип кетти.
«КАНДАЙ ГАНА КОМАНДА БОЛБОСУН, АНЫ МЕНЕН ТЕӊ ТАЙЛАША ОЙНООГО ДАЯРБЫЗ»«Команда жеӊсе, жалпы команда мыкты, команда жеӊилсе, машыктыруучу күнөөлүү» деп айтылгандай, машыктыруучулук чоӊ түйшүк. Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов мелдеш кандай өткөнү тууралуу өз ойлору менен бөлүштү.
– Быйылкы өткөрүлгөн «Шериктештик Кубогу» биздин курама команда үчүн ийгиликтүү болду. Сыры эмнеде?
– Биздин ийгилик бир гана команданын ийгилиги деп айта албайм. Мында Футбол федерациясынын ар бир кызматкеринин салымы, машыктыруучулардын жана албетте футболчулардын эмгегинде жатат. Команда кантип ойноо керектигин туура түшүндү деп айта алам. Өзүбүздүн оюн алып баруу стилибиз, философиябыз тапталды. Балдар өздөрү да кандай гана команда болбосун аны менен ойной ала тургандыгын түшүнүштү.
– Кыргызстандын оюндарда топко көбүрөөк ээлик кылуусу көзгө көрүнүп жатты...
– Ооба, топту көбүрөөк башкаруу менен оюн жүргүзүштү. Бул «Барселона» жана «Бавария» клубдарынын стилиндей десек болот. Көрүүчүлөргө да байкалды болуш керек. Ал эми топту башкарууну пайыздык эсеп менен караганда «Барселонага» салыштырмалуу бир аз жетпей калуудабыз. Бул жерден биздин футболчулардын түшүнүп, бири-бирин угуп ойноп жатканын белгилеп кетпесем болбос.
– Биздин курама командадан кимдер оюну менен айырмаланды? Кимдерди белгилей кетесиз?
– Мен командадан баарын белгилейм. Мага бардыгы бирдей. Оюн талаасындагы 11 футболчудан тышкары алмашууда отургандар да өздөрүнүн энергиясы менен жардам беришет. Алар да кубанган жерден кубанышат, дем беришет дегендей.
– «Шериктештик Кубогу-2015» мелдешинин башкы талапкери аталган Орусия курама командасын жеӊип, тайпадан чыга алганыбыз көп убакыт унутулбайт болуш керек...
– Өзүӊүздөр көргөндөй, ал оюн өтө оор болду. Ошентсе да Орусия сыяктуу курама команданы утуу кубандырбай койбойт. Биздин футболчулар өзүлөрүн толугу менен арнашып, чын дилдери менен ойногону жыйынтык берди. Мен футболчуларга ыраазымын. Мындай ийгилик Кыргызстан үчүн керек. Бул алдыдагы жылдарда мелдешке катыша турган жаш футболчулар үчүн мерчемдүү чек да болуп берет. Машыктыруучулар да кийинки жылдары команданы ушул ийгиликти айтып шыктандырат.
– «Инчхон-2014» Азия оюндары , «Шериктештик Кубогу-2015» мелдешиндеги ийгиликтер кыргыз футболу өнүгүү жолуна түшкөнүн билдирет деп айта алабызбы?
– Азия оюндарында эӊ күчтүү деген Иран командасын артка калтырып, тайпадан чыга алганбыз. Бул да бир нерседен кабар берет. Ошондой эле «Шериктештик Кубогу-2015» мелдеши да биз үчүн ийгиликтүү болду. Футбол тилинде айтканда, футболчулар кандай оюн жүргүзүү керектигин билип калышты. Жүргүзгөн оюн бар. Мындан тышкары быйыл өтүүчү жаштар арасында Азия кубогуна даярдык да болду.
Сөз соӊунда өлкөбүздөгү машыктыруучуларга ыраазычылык билдиргим келет. Алардын салымы өтө чоӊ. Ушундай мыкты футболчуларды даярдап, өстүрүп жатышат. Бизди колдоп, дем берген күйөрмандарга рахмат айтам. Ошондой эле мени дайым колдоп келе жатышкан үй-бүлөмө, айрыкча жубайыма ыраазычылык билдиргим келет.
– Маегиӊизге рахмат! Ишиӊизге ийгилик!
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg