Африканын Мозамбик өлкөсүнүн 25 жаштагы тургуну Сальвадор Айрес өмүр бою издеп келген апасына, кыргызстандык Залина Абдалиевага жолукту. Унутта калган сүйүү, узап кеткен бала, үзүлбөгөн үмүт, жолугушуу бактысы, деги эле жомоктогудай окуянын баяны...
АФРИКАЛЫК ЖИГИТ МЕНЕН КЫРГЫЗ КЫЗЫ БАШ КОШУШКАН
1988-1989-жылдары алыскы Африкадагы Ангола өлкөсүнүн тургуну Сальвадор Сильва Фрунзедеги учкучтарды даярдоочу окуу жайга келип окуган. Окуп жүргөн кезинде тубаса дудук Залина аттуу кыргыз кызы менен таанышып калып, кийин баш кошушат. Ошентип, 1990-жылы уулдуу болушуп, ага Тилек деген кыргызча ысым ыйгарышкан. Тилек 7 айга толгон кезде атасы Сальвадор Сильванын окуусу аяктап, өз мекенине кетмекчи болот. Өзү менен кошо келинчеги менен уулун алып кетүүгө аракет кылган. Бирок өлкөсүндө согуш башталып кеткендиктен, Сальвадор уулу менен гана кетүүгө аргасыз болгон. Залина коогалаӊ токтогондон кийин артынан бармакчы болот. Бирок жубайлар бири-биринин дарегин так алышкан эмес, ошентип байланыш үзүлгөн. Ал жакка барган соӊ баланын Тилек деген атын атасы өз ысымы менен Сальвадор Айрес деп коюп алган. Ортодон 25 жыл өткөндөн кийин Тилек-Сальвадор өз апасын таап отурат. Сальвадор Айрес англис тилинде гана сүйлөйт. Ал эми апасы Залина Абдалиева тубаса дудук жана дүлөй болгондуктан, алар менен сүйлөшүүдө котормочу (дудуктар менен кол жаңсап сүйлөшүп, алардын оюн сөз менен айтып берүүчү) жана англис-кыргыз тилдүү котормочулардын жардамы менен баарлаштык.
Залина Абдалиева: «УКТАП КАЛГАН ЭНЕЛИК МЭЭРИМИМДИ ОЙГОТТУ»
– Өткөн жылы мага курбум келип, «Залинка, сага баа жеткис жаӊылыгым бар» деди. Бул жаӊылык күтүлбөгөн кубаныч, бакыт болду. Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери чакырып, биринчи эле баламдын сүрөтүн көрсөтүштү. Ооба, ал чын эле менин Тилегим экен. Анын жылмайып турганы жүрөгүмдөгү уктап калган энелик мээримди ойготту. 7 айлык наристе кезинде кеткен эле, татынакай, келишкен жигит болуп кайра келди. Баламды тартиптүү, акылдуу, мээримдүү кылып чоӊойткон Африкадагы апасына ыраазымын.
«КЫРГЫЗСТАНДА ӨЗҮМӨ ОКШОШ АДАМДАР КӨП ЭКЕН»
Учактан түшүп, апасы менен көрүшкөн Тилек-Сальвадор Айрес кубаныч сезимдери менен бөлүштү:
– Мени атамдын аяш апасы багып чоӊойтту. Эс тарта баштаганымда «сенин өз апаӊ башка, мен сенин баккан апаӊмын» деп айтып турчу. 11 жашка толгонумда өз атамдын колуна келдим. Ал үй-бүлөлүү, 3 баласы бар. Атам мага күндө апам жөнүндө кеп кылып, «апаӊа окшошсуӊ, аны сөзсүз табышыӊ керек» деген сөздү көп айтты. 16 жашка келгенде социалдык тармактар аркылуу апамды издөөгө билек түрө кириштим. Менин көп жылдан берки үмүтүмдү ишке ашырып берген Кызыл жарым ай коомуна ыраазычылыгымды билдирем. Апам менен жолуккандагы сезимди, бакытты айтып берүү аябай оор. Наристедей эрке сезимдер пайда болду. Кыргызстанда өзүмө окшош адамдардын көп экени мени таӊдантып жатат. Карды, суукту биринчи жолу көрдүм. Мени күндө кыргыз тамактары менен сыйлап жатышат. Даамдары аябай жакты, бат эле көнүп кеттим. 10 күнгө келгем, бул убакыттын ичинде көп нерселерди көрүп, үйрөнүп кетем. Апамды Мозамбикке алып барып келсем деген оюм бар. Үй-бүлөлүүмүн, 5 айга толгон кызым бар. Өз мекенимдеги жогорку окуу жайдын биринде бизнес башкаруу факультетинде 4-курста окуйм. Кызым торолуп калганда келинчегим экөөнү туулган жериме алып келип, тааныштырып кетем. Мындан аркы жашообуз кандай болот азырынча айта албайм. Апам, атам болуп бул туурасында сүйлөшүп жатабыз.
Сальвадор Айрестин атасы да Кыргызстанга келген. Бирок аба алмашкангабы же өткөн окуяларды эстөө таасир эткенби, кан басымы көтөрүлүп, учурда ооруканада. Фатима, Залина Абдалиеванын курбусу: «САЛЬВАДОР СИЛЬВАНЫН ДОСУНАН МЕН ДА УУЛ ТӨРӨГӨМ»
– Залина экөөбүз дудук-дүлөйлөрдүн атайын өндүрүштүк ишканасында чогуу иштечүбүз. Бир күнү экөөбүз базарга бардык. Артыбыздан келишкен кара терилүү 2 жигит тийишип, ээрчип алышты. Биздин кулагыбыз укпаарын, сүйлөй албастыгыбызды түшүндүрсөк, алар кагазга жазып биз менен сүйлөшө башташты. Орус тилин мыкты билишчү. Ошентип достошуп калдык. Чогуу эс алып, сейилдеп, көп убакытты бирге өткөрдүк. 1990-жылы 29-мартта Сальвадордун досунан уул төрөдүм. Ал төрөлгөндө атасы аябай кубанды. Көп өтпөй ал 2 айга мекенине барып келгени кетти. Келгенден кийин мамилеси өзгөрүп калыптыр, менден уулумду алып кетем деп талашты. Каршы болуп, баланы бербей койгом.
Кийин мен башкага турмушка чыгып, Тажикстанга көчүп кеттик. Жолдошум экөөбүз 3 балалуу болдук. 1992-жылы тун уулумдун атасы Кыргызстанга келип бизди издептир. Жолуга албадым. Сальвадорлор Залинаны издеп келгенин угуп, жумушумду таштап, аларга жолукканы келдим.
Алтынай Абдалиева, Залина Абдалиеванын бир тууган эжеси: «САЛЬВАДОР СИӊДИМДИН ЖАЛГЫЗ УУЛУ»
– Залинка менен Сальвадор Сильва өз алдыларынча турмуш курушуптур. Бир күнү үйгө алып келип, «ушуга турмушка чыктым» деди. Ата-энебиз макул болуп, баталарын беришкен. 1990-жылы кышында уулдуу болушканда өз алдыбызча бешик той кылып, ырым-жырым жасадык. Сальвадор Тилекти алып кетип, кайра алып келген жок. Залина көпкө чейин депрессиядан чыга албай, кыйналып жүрдү. Кийин турмушка чыгып, ал жолдошу менен 17 жыл бирге жашады. Бирок балалуу болушкан жок. 4 жыл мурун ал жолдошу каза болуп калды.
«МЫНДАЙ БАКТЫЛУУ ОКУЯЛАРГА КӨП СЕБЕПКЕР БОЛОБУЗ»
Эне менен балага мындай бакытты тартуулаганга Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунун үй-бүлө байланыштарын калыбына келтирүү долбоорунун кызматкерлери себепкер. Бул долбоордун координатору Салтанат Абдыжапарова издөө иштери боюнча буларга токтолду:
– 2014-жылы май айында бизге Мозамбиктин тургуну Сальвадор Айрес «апамды таап бергиле» деп кайрылган эле. Анда апасы менен атасы жөнүндө бир аз маалымат жазыптыр. «Апамдын аты Залина» деп фамилиясын так билбегендиктен «Абдалиева», «Абдыкеева» деген сыяктуу 3 окшош фамилияны жазып коюптур. Ал жазган маалыматтарга таянып апасын дудук-дүлөйлөр коомуна издеп бардык. Тапкан соӊ эне-баланы skype менен сүйлөштүрдүк. Ошол учурда Сальвадордун келинчеги кош бойлуу болгонуна байланыштуу «6 айдан кийин барам» деп сөз берген эле. Залина уулун таап, неберелүү да болду.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg