Үстүбүздөгү жылдын 10-январында Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасына атасы 2 жаштагы баласын оор абалда алып келген. Ал наристенин өз туугандары тарабынан токмоктолуп, атүгүл зордукталганы да аныкталган. Акыркы убактарда көп катталган мындай кылмыштар коомчулуктун үрөйүн учуруп, башкы темага айланды. Балдарды зордуктагандарга өлүм жазасын киргизүү боюнча кол топтогондор да чыкты.
МЫЙЗАМДА:
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129- (зордуктоо) жана 130-беренелери (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча күнөөлүү деп табылган кылмышкер 5 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Ушул беренелердин 3-бөлүмүнүн 1-пункту (18 жашка чыга электерге карата жасалганда), 2-пункту (атасы же мыйзамда жашы жете электи тарбиялоо милдети жүктөлгөн башка адам, ошого тете мыйзамда жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим берүү, тарбиялоо, дарылоо, же болбосо башка мекеменин педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда) боюнча 15тен 20 жылга чейин, ал эми 4-бөлүмү (14 жашка чыга электерге карата жасалганда) менен күнөөлүү деп табылса 20 жылга же өмүр бою эркинен ажыратылат.
СТАТИСТИКАГА ҮӉҮЛСӨК...
ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ ТУУРАЛУУ:
Илгертеден эле элде өлүм жазасы колдонулуп келген. Бирок бир нече жылдар мурун көптөгөн өлкөлөрдө бул жазаны колдонуу токтотулган.
БАЛАСЫН КАРАБАГАН АТАСЫ ДА КҮНӨӨЛҮҮ
2 жаштагы наристени ушул абалга жеткиргенге шектелип баланын атасынын аталаш агасы менен жеӊеси кармалган эле. Ал эми 26-январь күнү "баланы коркунучка таштаган" деп күнөөлөнүп наристенин атасы да кармалды. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду.
ЖАКАӉДЫ КАРМАТКАН ОКУЯЛАР
Мындай окуялар өтө көп катталууда. Алсак, 2014-жылдын декабрь айында Ош облусунун Өзгөн районунун 47 жаштагы тургуну укук коргоо органына кайрылып, кызын таякелери зордуктап жүргөндүгүн билдирген. Иликтөөдө 2010-жылы ошол убакта 10 жаштагы ал кызды өзүнүн эле 65 жаштагы таякеси жана анын 36, 32 жаштардагы 2 уулу зордукташкандыгы белгилүү болгон. Кылмышка шектүү катары кармалганда, үчөө теӊ күнөөлөрүн моюндарына алышкан. Жабыр тарткан кыздын ата-энеси ажырашып кетип, ал апасынын колунда калган. Бирок апасы башка турмушка чыкканда кийинки жолдошу өгөй кызын кабыл албай койгон. Айла жок апасы кызын туугандарынын колуна таштап, Казакстанга жумуш издеп кеткен.
21-январь күнү Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан "6 жаштагы жээнин сабап жүргөн" деп шектелип Сокулук районунун 35 жаштагы Руслан аттуу тургуну кармалган. Текшерүү учурунда анын үйүнөн наристени сабагандан кандын тактары калган камчы, кур жана таяк табылган. Кыздын бүт денесинде көк ала тактар болгон жана баш мээси чайкалгандыгы аныкталган. Ал кызды апасы 2014-жылдын июль айында атасынын үйүнө таштап, Орусияга иштегени кеткен.
19-январдан 24-январга чейин Нарын облусунда жүргүзүлгөн рейддин алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айылында жашы жете элек кыз зордукталганы аныкталган. 29 жаштагы Ж.Б. аттуу жаран бир тууган агасынын 8 жашар кызын ур-токмокко алып, бир жылдан бери зордуктап жүргөнү белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыздын ата-энеси ажырашып кеткен жана ал атасынын кичүү инисинин үйүнө кароого калтырылган. Кылмышка шектүү кармалып, анын үстүнөн кылмыш иши козголду.
Үстүбүздөгү жылдын 19-январында Чүй райондук ИИБине Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну кайрылып, 10 жаштагы кызын тууганы зордуктап койгондугун билдирген. Күйөөсүнүн мурдагы аялынан туулган 44 жаштагы уулу 11-январь күнү жабырлануучу кызды коркутуп, унаасында зордуктап салган. Жабырлануучу кыз ооруканага жеткирилген. Ал эми зөөкүр кармалып, тергөө иштери жүрүп жаткан чагы.
Мындан сырткары Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери өткөн жылдын 1-декабрында мектепке бара жаткан 15 жаштагы кызды сабап, зордуктап койгон 35 жаштагы кишини кармашкан.
«ИЛГЕРИ ТАШ БАРАӉГА АЛЫП ӨЛТҮРҮШЧҮ»
Мындай үрөй учурган окуялар өлүм жазасын киргизүү жөнүндө кептерге жем таштады. Жаш балдардын кордолуп жатканына нааразы болгон энелер тобу Ак үйдүн алдына акция өткөрүшүп, андай кылмышкерлерге жазаны күчөтүүнү талап кылышты. Кээ бирлери "мындай жырткычтарды өмүр бою абакта багабызбы, таш бараӊга алып эле өлтүрүп салуу керек" деп сунушташса, дагы бирлери каршы чыгышууда. «Кыргыз журтум» коомдук фондунун жетекчиси САПАРГҮЛ БЕРДАЛИЕВА төмөнкүлөрдү билдирди:
– Акыркы убактарда жаш балдарга карата зомбулук көрсөтүү көбөйүп кетпедиби. Мындай адамдар коомго коркунучтуу, аларды өлүм жазасына тартуу туура деп эсептейбиз. Жаш балдарды зордуктап, кордук көрсөткөн аӊгилерди илгерки заманда деле асып же таш бараӊга алып өлтүрүп келишкен. Бирок биздин өлкөдө өлүм жазасына тартууга мораторий киргизилген. Ошондуктан мындай кылмышкерлерге карата мораторийди алып салуу боюнча кол топтоп жатабыз. Бүгүнкү күнгө карата 7 миӊдей кол топтолду, 10 миӊден ашкандан кийин Жогорку Кеӊешке, президентке жөнөтөбүз.
"КАНЧАГА ЧЕЙИН ЧЫДАЙБЫЗ?"
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев да өлүм жазасын киргизүүгө каршы эмес. Ал мындай оюн 27-январда өкмөттүн жарандык коомчулук жана бейөкмөт уюмдар менен балдарга карата зордук-зомбулук маселесине арналган жыйында билдирди.
"Алардын сүрөттөрүн аянтка илип коюу керек. Же болбосо өлүм жазасына да жеткирүү керек. Болду эми, канчага чейин мындайга чыдай беребиз?!"- деди өкмөт башчы.
Балдарды зордук-зомбулуктан коргоого сиз да катышыӊыз! Мындай кылмыштардын алдын алалы! Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча милицияга же бекер юридикалык жана психологиялык жардам алуу үчүн тиешелүү борборлорго кайрыла аласыз:
«Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борбору»:
(0312) 54-29-34, 44-25-10
«Баланын укугун коргоо лигасы» коомдук фонду:
(0312) 66-25-87, 90-86-18
ЭСКЕ ТҮЙӨ ЖҮРҮӉҮЗ!
Баланы зомбулуктан коргоонун эӊ мыкты жолдорунун бири – бул мындай болуу кокустугунун алдын алуу.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg