АШКАНА МЕНЮСУН ТӨӨ БУУРЧАК МЕНЕН ЖАӉЫЛАӉЫЗ!

Баштыкта салынып бери жагы жарым жыл ашкана текчесинде турган төө буурчак ар бир үйдөн табылат. "Бүгүн эмне тамак жасасам?" деп баш катырып жатсаӊыз, анда тамак-аш менюӊузга төө буурчактан жасалган даамдарды кошуӊуз. 

ТӨӨ БУУРЧАКТАН ДАЯРДАЛГАН КОТЛЕТА

Керектелүүчү азыктар:
Төө буурчак – 400 грамм
Пияз – 1 даана
Тоок эти – 350 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Ашкөк – 1 боо
Ун – 150 грамм
Жумуртка – 2 даана
Катырылган нандын күкүмү – 400 грамм
Өсүмдүк майы Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Пиязды аарчып, туурап майга куурабыз.
2. Тоок этин майда туурап, сууга бышырылган төө буурчакты эт туурагычтан өткөрүп кошобуз. Ага сарымсак, ашкөктү туурап жана куурулган пиязды салабыз. Аралаштырган соӊ
колубузду суулап, тегерек формадагы котлеталарды жасайбыз.
4. Котлеталарды алгач унга, андан соӊ жумурткага жана нандын катырылган күкүмүнө оонатып, ысыган майга бышырабыз. Сырты катыганга чейин ар бир бетин 2-3 мүнөттөн бышыруу керек.
5. Фантазияӊызга жараша жашылчалар менен кооздоп коюӊуз.

ТӨӨ БУУРЧАК МЕНЕН АЛМА САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:
Төө буурчак – 300 грамм
Алма – 300 грамм
Кызылча – 1 даана
Уксус – 1 чай кашык
Быштак – 50 грамм
Зайтун (оливковое масло) же өсүмдүк майы
Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Төө буурчакты таза жууп, муздак сууну көмө куюп, 7-8 саатка чылап коюу керек. Бул убакта төө буурчак жумшарат. Андан соӊ толук бышкыча кайнатыӊыз. Бул 1,5-2 саатка созулат.
Бышып калганда татымына жараша туз салып 15 мүнөт жай отко кайнатып, суусун төгүп салыӊыз.
2. Алманын бир аз кычкылын тандап алганыӊыз оӊ. Бул салатыӊыздын даамдуу болушуна салым кошот. Алманы аарчып, жука жана узун-узун кылып туурап алыӊыз.
3. Кызылчаны сууга бышырып, алманы туурагандай формада туураӊыз.
4. Булар даяр болгуча төө буурчак дагы муздайт. Ага тууралган алма менен кызылчаны кошуп, өсүмдүк майын, уксусту 150 грамм сууга аралаштырып куюп, татымына жараша туз, мурчтан сээп, жакшылап аралаштырып коюӊуз. Салатты дасторконго коёрдо үстүнө быштакты себелеп коюӊуз.

ТӨӨ БУУРЧАК ШОРПОСУ

Керектелүүчү азыктар:
Төө буурчак – 150 грамм
Уй эти – 1 килограмм
Картошка – 3 даана
Пияз – 1 даана
Сабиз – 1 даана
Кызылча – 1 даана
Капуста –1 даана (кичирээги)
Лавр жалбырагы – 1 даана
Томат пастасы – 1-2 аш кашык
Өсүмдүк майы – 30 миллиграмм
Татымына жараша туз, калемпир, мурч, каймак

Даярдоо ыкмасы:
1. Төө буурчакты жууп, сууга 7 саат чылап, анан сууга бышырып алабыз.
2. Уй этин да сууга бышырабыз.
3. Жашылчаларды аарчып, капуста, сабиз жана кызылчаны ичке узунунан туурап алабыз. Ал эми пияз менен картошканы төрт бурчтук кылып туурайбыз.
4. Кайнап жаткан эттин үстүнө алгач кызылча менен капустаны салып, кайнатабыз. Андан соӊ картошканы жана тууралган пияз менен сабиздин жарым бөлүгүн салып бышырабыз.
5. Ысыган көмөч казанга май куюп, пияз менен сабиздин жарымына томат, татымына жараша туз, мурчту кошуп, куурабыз.
6. Муну казандагы шорпого кошуп, үстүнө бышкан төө буурчакты аралаштырып жиберебиз. Лавр жалбырагын салып, 10 мүнөт жай отко коюп коюу керек. Шорпого каймак салып, иче берсек болот.

ТӨӨ БУУРЧАКТАН УПА ЖАСАШКАН

  • Төө буурчактын түпкү мекени Борбордук жана Түштүк Америка, Индия болуп саналат. Дүйнө боюнча төө буурчактын 250дөй түрү бар.
  • Төө буурчакты туура сактайм десеӊиз, кургак жана муздак жерде кармаӊыз. Курт-кумурскалардан коргоо үчүн арасына сарымсактын тишчелеринен салып койсо болот.
  • Төө буурчакты тамак-ашка колдонуу алдында сөзсүз түрдө сууга 7-8 саат чылап коюу керек. Бул кадамдын 2 пайдалуу жагы бар. Биринчиден, жумшарып, бышырууга оӊой болот. Экинчиден, төө буурчактын данында сакталган олигосахарид (адамдын организми эритүүгө күчү жетпеген кант) сууга чыгып кетет да, дан зыянсыздалат. Эгер олигосахаридди чыгарып жибербесе, ал адамдын тамак сиӊирүүсүн начарлатып, ичти да көптүрөт.
  • Байыркы Римде төө буурчак косметикалык каражат катары да кеӊири колдонулган. Андан косметологдор бетти агартуучу упа даярдашкан. Даярдалган упа беттин терисин жумшартууга чоӊ салымын кошкон. Ошондой эле төө буурчактан даярдалган бет терисине арналган ботко атактуу Клеопатранын косметикалык каражаттарынын арасында сыйлуу орунду ээлеп турган.
  • Төө бурчактын курамында организмге пайдалуу белок, калий, кальций, йод, темир жана В1, В2, В9, В, Е жана башка витаминдер бар. Аны тамак-ашта колдонуу ревматизм, ичеги оорулары, бронхит жана тери ооруларынын алдын алып, атеросклероз менен жабыркагандарга жана жүрөктүн согуу темпи бузулган адамдарга да жардам берет.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
kyrgyz_girl
2015-02-02 09:23:57
тоо бурчак эмне эле?
0
Kroxa
2015-02-02 09:29:10
Фасоль
0
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2015-02-02 19:58:12
мен мурдакы санындагыдай да, мындай да котлета жазагандарды укпапмын.Мен котлета жазаганда озумдун билгенимди жазып коеюнчу.0,5кг пияз,0,5кг картошканы "мясорупкадан"(аралаштырып откорсо боло берет)откоробуз.пияздын суусу коп болунуп чыккандыктан атайын марлиге салып суусу калбай калганча сыгып алабыз.Ага 0,5кг фарш кошобуз ж-а 0,3же 0,2кг нанды(кара булка болсо жакшы) сууга эзип (суусу сыгылбагандай) кошобуз.эки жумуртка, кара мурч,татымына жараша туз кошуп аралаштырсак даяр болот.
+3
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2015-02-02 19:59:35
андан сон тоголок болукторго болуп алып, унга оонатып, фигурага келтирип май аябай ысыганда салып бышырасыз
+2
zari0505
2015-02-03 12:05:10
рахмат!
0
kaltunlu
2015-02-03 17:55:41
fasol tamagı tursıyada tomondogudoı dayardashat
Fasoldu suuga kechınde chılap koyet ertesı anı bıshırıp alıp suusun togup salat(gaz bolboshu uchun). mıskeyge ettı kuurup pıyazdı tomattı kuurup alıp anan ustuno bıraz suu kuyabız.chesnoktun bır tıshın maydalap salabız uzun 2-3 perestı butun bydon salıp ustuno fasoldu koshup kaynatabız. fasol oto ezılbeshı kerek.
0
kaltunlu
2015-02-03 17:56:57
fasol tamagının janında sozzsuz turdo plov sunushtalat
0
altynaiB
2015-02-03 22:14:56
Фасольду бизде лоя дешет тоо бурчак деп аталышын укпаган экем.
0
lolalola
2015-02-04 01:00:48
altynaiB,
noya emespi?
0
snikers.777
2015-02-04 02:02:23
Тообурчак дегени жашылы болсо керек ээ бизде туштукто маш деп коюшатго а лоя деп Кызыл тусун айтабыз...дагы билбедим
0
Zamknutaya92
2015-02-04 14:14:51
Бир бышырып коруш керек экен. Жашылын маш дешет а кызылын, агын лоя фасоль деп айта беришет го.
0
aikera1992
2015-02-05 19:17:01
Саламатсыздарбы?Мен кобунчо Ош базарында кичине баштыкчаларга топурак салып сатып жаткандарын корчумун,бирок конул бурчу эмесмин.Бир куну синдим тим эле жыргап жеп жатканын коруп мен да ооз тийсем ташы жок майлуу экен.Кулбото деп коюшат,аны Бишкекте корбогон адам жок болсо керек..Сураныч ошол сырдуу топурак жонундо маалымат бериниздерчи.Неге кун откон сайын кобойуп баратат,кайдан келет,пайдасы,зыяны,жана кандай адамдар жешет?Алдын ала чоон рахмат.
0
admin_superstan
2015-02-06 09:47:41
aikera1992, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Аракет кылабыз.
0
Turgunai
2015-02-07 09:18:29
aikera1992, ал жерден казылып алынат,анын пайдалуу тарабын билбедимго бирок ал гемоглабинди тез тушуруп салат,зыян эле болуш кадимки эле топурак да.Аны коп учурда кош бойлуу кыз-келиндер жешет
0
№ 639, 30-январь-5-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан