«ЧЕТ ЖЕРДИК БИРӨӨ КЕЛИП КЫРГЫЗСТАНДЫ САКТАП БЕРБЕЙТ»

 Ысык-Көлдө 24-январь күнү «Ысык-Көл демилгеси» курултайы болуп өттү. Бул иш-чарада кыргыз саясий элитасынын аттуу-баштуу өкүлдөрүнүн түркүн ойлору ортого салынып, мамлекеттүүлүктү сактоо, ынтымак тууралуу сөз болду.
Демилгечи болгон Өкмөтбек Алмакүчүков курултайды баштап берди. Ал: «Бүгүнкү күндө Ысык-Көл жаштарынын «Ысык-Көл демилгелери» Кыргызстанга керектүү демилге болуп турат. Ааламдашуу мезгилинде күчтүү өлкөлөр жок болуп кетип жатат. Чет жерден келген бирөө мамлекетибизди сактап бербейт. Мамлекеттүүлүгүбүздү өзүбүз сактап калууга аракет кылышыбыз керек»,- деди.
Ал эми коомдук-саясий ишмер Медеткан Шеримкулов тарыхка кайрылып, кыргыз эли байыртадан эле эгемен мамлекет болууну көксөп келгенин, 1842-жылы Ормон Ниязбек уулу кыргыздардын ханы болуп шайланганы эгемендүүлүккө болгон чоӊ кадам болгондугун белгиледи.
Курултайда сөз алган «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев:
– 2014-жыл – Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп бекеринен аталган жок. Ысык-Көлдүн жаштары тарабынан чыгып жаткан жогорудагыдай демилге Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн келечегин түптөйт. Эгемендүүлүк Кыргызстанга 1991-жылы жөндөн-жөн эле келип калды деген миф бар. Бул мифти биз жокко чыгарышыбыз керек.
Кыргыздар байыртадан эле эркиндиги үчүн, көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп келишкен. 1842-жылы кыргыздар, азыркы тил менен айтканда, президентин шайлап, Конституциясын кабыл алган, армиясын, кол башчыларын аныкташкан экен. 1990-жылы кайра жаралуу кыймылы Ашар кыймылынан башталган. Өз борборунда квартиралап, жер ала албай, жумушка кире албай жүргөн жаштар чыгышкан. Ошондон келип КДК, ошондон келип демократиялык кыймылдар, ошондон келип "Ата Мекен" партиясы түзүлгөн. Сиздердин демилгени эӊ туура, өз маалында көтөрүлүп чыкты деп эсептейм,- деп билдирди.
Жогорку Кеӊештин депутаты Болот Шер 1842-жылдан кийин Ормон ханга Кокон хандыгы парваначы деген наам берүү менен өздөрүнө тартуу аракетин көрүшкөндүгүн белгиледи: «Парваначы наамы датка наамынан төрт тепкич өйдө турат. Бирок ошол наамды алууга макул болдубу Ормон хан? Жок. Өзүнчө мамлекет болууга, эркиндик үчүн аракет кылышты»,-деди. Ал 2017-жылы 1842-жылы болуп өткөн курултайдын 175 жылдыгын республикалык деӊгээлде Ысык-Көлдө өткөрүүнү, ошол тарыхый окуя тууралуу китептерди чыгаруу, кинотасмаларды тартуу иштерин колго алууну, Балыкчы шаарынын кире беришине Ормон, Жантай, Медет, Качыке, Ажыбек баатыр өӊдүү инсандардын айкелдерин тургузууну сунуштады. Ал эми экс-каржы министри Акылбек Жапаров эӊ ириде мамлекеттин экономикалык кызыкчылыгын коргой билүү керектигине токтолду.
Жыйынтыгында «Ысык-Көл демилгелери» иш-чарасынын декларациясы жарыяланды. Ал эгемендүүлүктү чыӊдоо максатында кыргызстандыктарды дүйнөлүк билим мейкиндигине интеграциялоо, эмгек мигранттарына туруктуу колдоо көрсөтүү, башка өлкөлөрдөн алынган тажрыйбаны өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө багыттоо керек деген өӊдүү маселелерди камтыйт. Ушундай максатты көздөгөн курултайларды өлкөбүздүн башка аймактарында да өткөрүү керек деп белгиленди.

ЧЕК АРАДАГЫ ЧУУ БОЮНЧА ЖЕТЕКЧИЛЕР КЫЗМАТТАН БОШОТУЛУШТУ
Баткен облусундагы «Айкөл» чек ара тозотундагы окуя боюнча териштирүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында Лейлек чек ара бөлүгүнүн башчысы жана анын тарбия иштери боюнча орун басары кызматтарынан бошотулушту. Баткен облусу боюнча Чек ара башкармалыгынын жана борбордук аппаратынын жогорку деӊгээлдеги 8 кызматкерине тартиптик жаза көрүлдү. Ага ылайык, аларга сөгүш берилет жана кызмат ордунан которулат. "Айкөл" чек ара тозотунун жеке курамы да толугу менен алмаштырылды. Кызмат өтөп жүргөн жоокерлер башка чек ара тозотторуна жөнөтүлүштү.
Эскерте кетсек, 16-январь күнү Лейлектеги «Айкөл» чек ара тозотунда атылган октон 1988-жылкы ага лейтенант Тынчтык Исмаилов каза таап, дагы эки чек арачы жарадар болгон. Жарадар болгон аскер кызматкерлеринин абалы учурда жакшы. Бири Бишкек шаарындагы ооруканада дарыланууда жана ал бутуна туруп, басып калды. Экинчи жоокердин бутуна ок тийгендиктен, ал дале баса элек, учурда Баткен облусундагы бейтапканада. Окуя боюнча кызмат өтөгөн жоокер кылмышка күнөөлүү деп табылган жана ал тууралуу кенен маалымат тергөө иштери аягына чыккан соӊ берилери маалымдалды. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин айтымында, расмий эмес маалыматтар боюнча аталган тозоттогу окуя «дедовщина» көрүнүшүнүн жыйынтыгынан улам келип чыккан.

Мирлан Өмүралиев,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
vankuver.
2015-02-02 09:47:00
Мекеним Кыргызстан!
0
temirov76
2015-02-02 10:10:55
Чек арадагы окуя боюнча тийиштуу адамдарды кызматынан алып койсо эле мындай окуя эми кайталанбай калабы деген ой пайда болуп жатат?
0
Rifle
2015-02-03 19:29:52
Коррупция менен жашагандар кантип актансын элдин алдында ? Башка арга жок , оздорунун курсагын ойлоп журсо, башкалар кыйратып иштейт беле ?
0
JaliwoodKG
2015-02-05 16:47:30
78 жолу курултай болгондо дагы эч качан
0
№ 639, 30-январь-5-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА