«КОРЬ» ИЛДЕТИ КЫЗЫЛЧА ЭМЕС, КЫЗАМЫК!

Ушул кезге чейин «корь» оорусу өлкөбүздө кызамык деп которулуп келгени белгилүү. Жакындан бери айрым басылмаларда «корь» – кызылча деп берилип, «кайсынысы туура?» деп элдин башы айланды. Бул суроого жооп алуу максатында филология, терминология жана медицина жаатындагы тажрыйбалуу инсандарга кайрылдык.

Аалы Молдоканов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын котормо жана жарнама бөлүмүнүн башчысы:
– «Корь» – бул медициналык термин. Муну илгертен кыргыздар кызамык деп айтып, жазып да келген. Анан жакында эле «корь» – кызылча деп которулат турбайбы» деген ызы-чуу чыгып калды. Айрым басма сөз каражаттары «корь» оорусун кызамык деп берсе, ай­рымдары кызылча деп жаза башташты. Мунун баары биздин тил комиссиянын мүчөсү, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин улуттук тил боюнча координатору Мейманжан Жээналиевдин катачылыгынан кетти. Ал комиссия мүчөлөрү менен «корь» термининин кыргызча котормосу тууралуу кеӊешпей эле, өзүнүн пикирине таянып туруп «корь» – кызылча деп берилиши керек» деп Саламаттыкты сактоо министрлигине айтып салган. Ал биз менен кеӊешип, анан жалпы бир чечим кабыл алганыбыздан кийин котормосун бериши керек эле.
Мен Мейманжанга «корь» сө­зү­нүн котормосун туура эмес берип коюпсуз» десем, ал өзү да эки анжы пикирде экен. Кыскасы, оюн мага ачык айтпай койду.
Кайсы тармактын кызматкерлери болбосун, кө­бү Юдахиндин сөздүгүн колдонушат. Ошол сөздүктө «корь» – кы­зылча, «краснуха» болсо «балдардын жугуштуу оорусунун бир түрү» деген бойдон турат. Котормосу жок. Анан кантип «корь» сө­зү­нүн которулушу кызылча дегенге ынаныш керек? Юдахин сөздүктү түзгөн мезгил башка мезгил болчу. Азыр ал сөздүктү кайра карап чыгуу керек.
1992-жылы Каракол медициналык окуу жайынын (азыр колледж) окутуучусу, хирург Канымет Жакыпбеков жана Эрмек Токтомамбетов экөө «Орусча-кыргызча медициналык сөз­дүктү» чыгарышкан. Ошондо деле «корь» – кызамык, «краснуха» – кызылча деп берилген.
Медициналык терминдердин которулушу азыр баш аламан, ар ким түрдүүчө которуп жүрөт. Андыктан бул жаатта атайын сөздүк түзүү алдыдагы иш.
А сиздер, журналисттер, «корь» – кызамык, «краснуха» – кызылча деп бергениӊиздер оӊ.

Венера Майтыева, Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн жетекчиси:
– Илгертен эле «корь» оорусу кызамык деп айтылып да, жазылып да келген. Ал эми «краснуха» оорусу кызылча делет. Түрк тилдүү элдер деле, мисалы, татарлар, марийлер (Марий Эл Рес­публикасынын жашоочулары) «корь» оорусун кызамык дешет.

Гүлжигит Аалиев, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчиси:
– Ооба, мурун «корь» оорусу кызамык деп берилип келген. Азыр деле биздин ооруканада «корь» оорусун кызамык деп айтып интервью берген врачтар бар. Бирок биз Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына «корь» сөзүнүн так котормосун бериӊиздер» деп кайрылганыбызда «корь» – кызылча деп беришкен. Саламаттыкты сактоо министрлигине да ушундай котормону беришкен. Андыктан министрлик да «корь» – кызылча деп бекитип, тараткан.

Таалайбек Токоев,
К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз тили кафедрасынын жетекчиси, филология илимдеринин доктору, профессор:
– «Корь» термини эзелтеден эле кызамык деп которулуп, айтылып келген. Аны башкача өзгөртүүгө болбойт.

Дамирахан Чыныева,
КММАнын Балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти:
– Атам замандан бери эле «корь» оорусу кызамык деп эле ко­торулуп, айтылып келген. Ал эми кызылча оорусу «краснуха» аттуу оору. Экөө эки башка дарт.

Бурул Жаркынбаева, Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 9-бөлүмүнүн жетекчиси:
– Илгертен врачтар «корь» дартын кызамык деп келгенбиз. Мен сиздердин гезитке кызамык деп маек бергем. «Бул дартты кызылча деп атагыла» деген буйрук кийин келди. Башкача айтканда, бизге жетекчилик тарабынан «Саламаттыкты сактоо министрлиги «врачтар Юдахиндин сөздүгү боюнча иштешсин, анда «корь – кызылча» деп берилиптир» дептир» деген көрсөтмө берилген.

КЫЗАМЫКТЫН КЫЗЫЛЧА ООРУСУНАН АЙЫРМАСЫ
Кызамыкта: дене табы 38-40 градуска чейин көтөрүлүп, мурун жана үн бүтүп, чимкирик көп агат. Күрсүлдөгөн жөтөл жаралат. Көз кызарып, чылпактайт. Таӊдайда кызыл тактар, ал эми жаактын ичиндеги чел кабыкта топтошкон ак чекиттер пайда болот. Денеге жыш кызыл бүдүрчөлөр ооругандан 3-4-күн­дөрү чыга баштайт (алгач кулактын артында, моюнда, бетте пайда болот, анан кийинки күнү денесине, колуна тарап, акырында буттарына чыгат). Оору кабылдап кетсе бронхит, пневмония, менингоэнцефалит жана башка ооруларга алып келет. Бойдогу балага терс таасири жок.
Кызылчада: дене табы 37,5-38 градуска чейин көтөрүлөт. Мурун, үн аздан бүтүшү мүмкүн. Чимкирик аздан гана агат. Жөтөл да аз болот. Кызыл бүдүрчөлөр адам ооругандан кийинки күнү эле дененин бардык бөлүгүнө бир маалда чыгат, бирок жыш эмес. Аял кош бойлуулуктун алгачкы 3 айында кызылча менен ооруса, ичтеги баласына терс таасири тийип, бойдон түшүү же бала майып болуп төрөлүшү мүмкүн.
Көз кызарбайт, чылпактабайт, жаактын ичине жана таӊдайга так, чекиттер пайда болбойт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
SweetLady
2015-02-02 15:15:35
Ракмат Супер. ушул макаланы аябай жакшы жаздыңар. А то Азаттык бир макаласында кызамык деп берсе бир макаласында кызылча деп берип адамдын башын айландырып жаткан болчу. Эми журналисттер да ушуга карата жазышат ко жаңылыктарын.
0
Ajar.
2015-02-03 11:24:11
"Кайсы тармактын кызматкерлери болбосун, кө­бү Юдахиндин сөздүгүн колдонушат. Ошол сөздүктө «корь» – кы­зылча, «краснуха» болсо «балдардын жугуштуу оорусунун бир түрү» деген бойдон турат. Котормосу жок. Анан кантип «корь» сө­зү­нүн которулушу кызылча дегенге ынаныш керек?"
Урматтуу Аалы Молдоканов, эмне үчүн котормосу жок, жакшылап карасаңыз көрмөксүз, котормосу бар, ал электрондук вариантында да (кызамык мед. краснуха.), китепте да (кызамык мед. краснуха. Юдахин, 476-бет) турат.
0
Ajar.
2015-02-03 23:38:32
Бардык эле адабияттарда, сөздүктөрдө, анын ичинде Юдахиндикинде "корь" - "кызылча", "краснуха" - "кызамык" деп ачык-айкын, даана, бадырайып жазылып турат.Анан эмнеге кеңешет эле, эгер сиз айткандай, "Юдахинде котормосу жок" болуп, күмөн санаса, анда кеңешмек да, ушуну которолу деп. Бул жерде "Юдахинди" дурустап карабаган, чала карап алып "котормосу жок экен" деген сизден кетиптир го катачылык, урматтуу Аалы мырза.
0
Ajar.
2015-02-03 23:55:05
Менин пикиримче, Улуттук тил комиссиясы (Аалы Молдокановдон башкасы) туура эле маалымат, тыянак бериптир, эми Аалы Молдокановдун комментарийи боюнча аталган комиссия да тиешелүү жообун берсе керек деп ойлойм. Анткени бир эле мекемеде эки башка жооп болуп калды да...
0
Ajar.
2015-02-04 00:14:31
"Юдахин сөздүктү түзгөн мезгил башка мезгил болчу. Азыр ал сөздүктү кайра карап чыгуу керек" (Аалы мырза ушинтип бериптир).
Маалымат үчүн айтып коёюнчу.
Ушул жакшынакай эмгекти жасап кеткен Юдахинге чоооң рахмат дешибиз керек.Бирок бул эмгекти өзү эле жалгыз бүтүргөн эмес, ага К.Карасаев көөп жардам бериптир. "Карасаевдин аты Юдахиндики менен чогуу туруш керек, бул эмгекте, аты жазылыш керек" деген маселе көтөрүлгөн, бир илимий конференцияда.
0
Ajar.
2015-02-04 00:21:01
Бирок аны (авторлош дегенди) ишке ашыруу үчүн көп жолду басып өтүү керек, ал оңой эле ишке аша калчу нерсе эмес экен, анткени автордук укук ж.б. деген маселелер бар. Аалы мырза Юдахинге "ишенбей", күмөн санап жатпайбы, а Карасаевге кандай карайт болду экен... Карасаев кандай филолог, кеменгер, даанышман, сөзмөр, сөз баккан киши болгонун билсе керек, анан ошол адам кызылча менен кызамыктын айырмасын билбей калабы...
0
Ajar.
2015-02-04 00:38:37
Аталган сөздүк көп эмгек менен жаралып, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон, азыр да кызмат кылып жатат.Андан кемчилик издебейм, анткени моралдык укугум жок (өзүм эч нерсе кылбай туруп), а кемчилигин ушуга чейин байкаган жокмун. Ал эми Аалы мырзанын "Юдахинде котормосу жок" деген гана негиз менен жогорудагыдай жооп бергени мени канааттандырган жок.
0
Ajar.
2015-02-04 00:43:49
Тил илимине олуттуу бурулуш жасайм деп, кемчиликти оңдойм (эгер ал бар болсо, далилденсе), түзөтүү киргизем десе, ага деле эч ким каршы болбосо керек, бирок жетиштүү аргумент керек го.
0
Azura
2015-02-04 09:53:11
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына кайрылганда терминдерди бир шумдук кылып которуп беришет.ошол эле терминди кайра жибергенде такыр башкача которот.кайсынысына ишенип кайсыны колдоноорунду билбейсин.баш аламан...
0
Ajar.
2015-02-05 00:09:31
"Ушул кезге чейин «корь» оорусу өлкөбүздө кызамык деп которулуп келгени белгилүү"... Макалада ушинтип берилиптир.
Илимий эмгектерде, макала ж.б. материалдарда "корь" "кызылча" деп гана берилиши мүмкүн.Анткени илим чөйрөсүнүн адамы кайсы бир эмгекти жазууда сөзсүз бир ишенимдүү булакка таянат.А бизде тил боюнча мурун да, азыр да ишенимдүү булагыбыз Юдахиндин сөздүгү эмеспи.Анда "корь" - "кызылча" деп турат.Демек, жаңылууга мүмкүн эмес,муну илимий чөйрөдөгүлөр жакшы билишет.
0
Ajar.
2015-02-05 01:32:22
Ооба, илимий адабияттардан, эмгектерден сырткары эл ичинде "кызамык" сөзү көбүрөөк колдонулушу мүмкүн. Анткени эл бул эки ооруну бир эле оору деп кабыл алган болуш керек. Ушундан улам сиздер да "Ушул кезге чейин "корь" оорусу өлкөбүздө "кызамык" деп которулуп келгени белгилүү..." деп жатсаңыздар керек.

0
№ 639, 30-январь-5-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА