Биздин жашоо күн жана түндөн турат. Ар дайым таӊ атып күн кирет да, анын ордун караӊгы түн каптайт. Эми силерге бул сырдуу көрүнүштүн сырын ачып берели.
Биз бул нерсени кадимки кубулуш катары кабыл алып, эмнеге мындай деп көп деле ойлоно бербейбиз. Көрсө, балдар, асманда биз көргөндөй Күн жылбай эле, анын айланасында биз жашап жаткан планета – Жер айланып жүрөт тура. Жер күндүн айланасында өз огунда айланып тургандыктан бирде Күн тарабы жарык болот, ал эми экинчи жагын түн каптайт. Жер күн нуруна экинчи капталынан турганда түн болгон жакка күн тиет. Ошентип, күн менен түн алмашып турат.
Гүлжамал Бөрүкулова
balakai@super.kg