WI-FI ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

Азыр техниканын заманы. Кайда барба интернет аркылуу жумушубузду ылдам бүтүрүүгө жетишебиз. Кинотеатрда же кафе-ресторанда болобу, «Wi-Fi бар» деген жазууларды окуп калабыз. Сөз болуп жаткан Wi-Fi кайда, качан, ким тарабынан жаралганы, ал туурасындагы кызыктуу маалыматтарды билип алыӊыз.
Wi-Fi (wireless fidelity) – англис тилинен сөзмө-сөз которгондо «зымсыз сапат» же «зымсыз тактык» деген маанини берет. Wi-Fi 1991-жылы Нидерландыдагы «NCR Corporation»
компаниясынын инженери Вик Хейз тарабынан негизделген. Эгер сиз Wi-Fi бар мекеменин жанында болсоӊуз, бул кызмат аркылуу тоскоолдуксуз интернетти колдоно аласыз.
Азыркы күндө дүйнөнүн көптөгөн өнүккөн өлкөлөрүндө Wi-Fi коомдук жайларга: кафе-ресторандардан сырткары аялдама, сейил бак, гүлбакчаларга да орнотулган.
Тайбэй (Тайвань) шаарынын тургундары унаа токтотуучу жайларда орун барбы, көчөлөрдө тыгын жокпу, Wi-Fi аркылуу билип алышат экен.
Корпус-Кристи (АКШ) шаарында атайын камералар аркылуу курулуш боюнча инспекторлор жумушчуларды көзөмөлдөй алышат. Мындан тышкары автоунаалардын жүрүшүн дагы көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бар.

WI-FI КОЁН
Коммуникациялык Wi-Fi коёну француздар тарабынан ойлонуп табылган. Ал түрдүү түстөргө кубулуп, сүйлөп, ырдап, кулактарын кыймылдатып, аба ырайын, акыркы кабарларды билдирип турат. Мындан тышкары кат алмашуу кызматын да көрсөтөт экен. Мындай кызмат азыркы күндө кенен жайылуунун үстүндө. Орусияда да бул коёнду сатып алып, өз текчелерине коюп алгандар бар. Француздар бул коёнду адамдын электрондук досу катары санашат. Эгер сиз аны колдонуп бүткөндөн кийин уктоону сурансаӊыз, ал уктап да калат экен.

WI-FI ОРНОТУЛГАН ШПИОНДУК КАМЕРА
«WowWee» компаниясы ойлоп тапкан шпиондук камера Wi-Fi аркылуу ишке ашат. Видеокамера орнотулган бул шпиондук каражатты Wi-Fi аркылуу жеке компьютериӊизге, ноутбугуӊузга, уюлдук телефонуӊузга туташтырып алып, ал тартып жаткан видеону көрө аласыз. Камера 360 градуска бурулуп тартат.

WI-FI РУЧКА
Wi-Fi ручкалар белгилерди аныктоо үчүн ыӊгайлуу каражат. iPhone менен да колдонууга болот, капталында жайгашкан баскычты басуу аркылуу 50 метр аралыкта интернет түйүнү бар-жогун билип алууга мүмкүн.

WI-FI ЧЫЧКАН
«Hewlett Packard» компаниясы жаӊы чычкан ойлоп тапты. Аны өз компьютериӊизге же ноутбугуӊузга Wi-Fi аркылуу кошуп, колдоно аласыз. Ойлоп табуучулардын айтымында, чычкан 9 айга чейин кошумча кубатты талап кылбай иштей берет. Компьютерден 10 метр аралыкка чейин туруп алып да иштей аласыз.

WI-FI СААТ
Ноутбук менен зымсыз интернет колдонуучуларга айрым учурда Wi-Fi бар жерди табуу кыйынчылыкка турушу мүмкүн. Мындай учурда сизде
Wi-Fi саат болсо, кырдаалдан оӊой эле чыгып кетесиз. Атайын баскычын басып койсоӊуз, 10 метр аралыктан интернет түйүнү бар же жок экенин атайын белги аркылуу билип аласыз. Wi-Fi саат суунун 100 метр тереӊдигинде иштегени менен да айырмаланат.

ИТ ҮЧҮН WI-FI
Колдонуучулардын саны арбып барат. Puppy Tweets гаджетин эми айрым өлкөлөрдө иттери менен байланышуу үчүн колдоно башташты. Камкор ээлери үйүнөн жумушка кетип жатканда «итим эмне болот?» деп кабатыр болушпайт. Анткени Puppy Tweets гаджети аркылуу баарын билип турушат.
Wi-Fi`га туташылган белги бергич иттин моюнуна тагылат. Бул каражаттын жардамы аркылуу жумушунда отуруп эле компьютеринен үйдөгү жаныбарынын кыймылын көрүп, үнүн угууга болот. Мындан тышкары аталган гаджет 500дөн ашык сөздү жазып ала алат.

WI-FI АНТЕННА
Чоӊ имаратта же болбосо үйүӊүз чоӊ болсо, Wi-Fi айрым бөлмөлөрдө жай болот. Мындай учурда сиз Wi-Fi антенна орнотуп алсаӊыз, бул тоскоолдукту бат жиреп өтөсүз. Антенна интернет ылдамдыгын арттырууга жардам берет.

АРТЫКЧЫЛЫГЫ

  • Wi-Fi`дын артыкчылыгы зымсыз болгонунда.
  • Маалыматты берүүдөгү тездик, мобилдүүлүк, ыӊгайлуулук.
  • Wi-Fi толкундарынын адамга зыяны жок.
  • Жаӊы кеӊсеге же үйгө көчүп келсеӊиз, Wi-Fi`ды жеӊил орнотуп аласыз.
  • Wi-Fi`ды ыӊгайлуу жерде сыр сөзүн алып колдоно алабыз. Мисалы, поезд, кафе, бакча, соода борборлору өӊдүү жерлерде.

КЕМЧИЛИГИ

  • Wi-Fi`ды орнотууда анын кайсы жерде турарын да эске алыш керек. Мисалы, металл черепицасы, темир бетон дубалы Wi-Fi`га тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Кээде чоӊ күзгү да Wi-Fi`га тоскоолдук жаратат.
  • Wi-Fi`дын алыс аралыкка таркашы жана тездиги радиотолкундардын тоскоолдугуна жараша болот.
  • Wi-Fi уюлдук телефондун кубатын азайтат. Мунун айынан кубаттоочулардын (батарейкалардын) эрте иштен чыгуусун жана аппараттын ички иштөө температурасын жогорулатат. Мунун кесепетинен телефонуӊуз жарактан эрте чыгып же бат-бат бузулуп, мазаӊызды кетирет.

WI-FI РОУТЕР
Wi-Fi роутер интернетке кошуучу жана компьютер менен ички желени (сеть) байланыштырып туруучу каражат.

Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
admin_superstan
2015-02-11 10:17:45
vera23, жарнаманы тиешелүү бөлүмгө жайгаштырыңыз!
0
diin
2015-02-12 17:32:25
класс
0
ular.96
2015-03-30 21:51:32
мага абдан жагат
0
rayimo
2016-09-22 08:37:26
"ички желе" "сеть"компьютерге баланыштыруу дегенди жакшылап түшүндүрүп коюунчу бул мен үчүн маанилүү WI-FI РОУЕУР ди анан кандай антенна менен иштетсе болт?мисалы менин жашаган жерим щопков шаарында компьютерге кантип туташтырат?Азыркы мен колднуп жатан модемден айрымасы кандай? баасы кандай? артыкчылыктарын айтып бере аласыңбы.жазган кыйын болсо төмөнкү телефонго маяк берип кой.0773182121 вай фай жөнүндө толук түшүнүктүү малымат керек болуп атат.
0
№ 640, 6-февраль-12-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан