Акыркы учурларда жаш балдар чоӊ адамдар тарабынан сексуалдык зомбулукка дуушар болгон көрүнүштөр көбөйдү. Үрөй учурган мындай окуя үстүбүздөгү жылдын 26-январында дагы кайталанды.
АТЫӉ ӨЧКҮР АЯШ АТА!
Үстүбүздөгү жылдын 28-январь күнү Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБине Дордой-2 жаӊы конушунун 35 жаштагы Нургүл (белгилүү себептерден улам каармандардын аты-жөндөрү өзгөртүлдү) аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында үйүнө конокко келген күйөөсүнүн классташы 4 жарым жаштагы Алина аттуу кызын зордуктап салгандыгын билдирген. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, көп узабай кылмышка шектүү делинген Акыл аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Биз зордукталган наристенин апасы Нургүл айымга жолугуп, окуя тууралуу өз оозунан уктук:
– Жолдошум экөөбүздүн 1 уул, 3 кызыбыз бар. Алина кыздарымдын экинчиси, 4 жарым жашта. Окуя болгон 26-январь күнү мен жумушта болчумун. Андан бир күн мурун күйөөмдүн эки классташы үйгө конокко келишкен. Кызымдын айтымында, бул каргашалуу окуя төмөнкүдөй болгон экен. Жолдошум классташтары менен үйдө майрамдап отурганда, кызым Алина колундагы акчасына дүкөндөн таттууларды сатып алмакчы болуп эшикке чыгат. Анан өзү менен чогуу дүкөнгө бармакчы болгон уулумду күтүп туруп калат. Кичүү карындашы ыйлап калганынан уулум аны сооротуп жаткан маалда аяштарымдын бирөөсү Акыл дааратканага бармакчы болуп сыртка чыгыптыр. Сыртка чыгып Алинаны көрүп ою бузулат да, чакалайдын чак түшүндө дааратканага жетелеп кирип, эшигин ичинен жаап алып зордуктаганга аракет кылыптыр. Андан соӊ дааратканадан сыртка алып чыгып короонун ичине киргизип, ал жактан да сексуалдык зомбулук көрсөтүптүр. Айтууга ооз да барбайт, кымындай кызга «тоӊкой!» дегени эмне деген шумдук?! Анан тиги дагы зордуктоого аракет жасаганда, кызым шымы шыпырылган боюнча үйдү көздөй качыптыр.
Жумуштан келсем алар дале үйдө отурушуптур. Бирок ал күнү кызым мага эч нерсе айткан эмес. Көрсө, тиги зөөкүр «эч кимге айтпа» деп коркутуптур. Жолдошумдун классташтарын ал күнү кечинде дагы бир аяшыбыз коноктогону алып кетти. Эртеси күнү саат 10дордо Алина ойноп жатып эле мага «апа, Акыл аяш атамчы, баягысынчы, баягысын» деп калды. Күйөөм менен уулум жанымда отурган. Мен бир нерседен шекшип калдым да, уулумду сыртка чыгарып жиберип, кызымдан «эмне болду?» деп такып сурасам, ал «кечээ аяш атам мени сарайга алып кирип, шымымды шыпырып туруп баягысын меникине такап, минтип-минтти» деди. Аны угуп атасы экөөбүз нес болуп калдык. Дароо эле кызымды чечиндирип карадым, көзүмө жакшынакай эле көрүнгөнсүдү. Ага чейин «апа, бул жерим ооруп жатат» деп аласын көрсөткөндө, мен назар албай, заара ушатып койгон окшойт деп ойлоп жууп койгом. Ошол замат Акылдарды алып кеткен аяшымдын үйүнө издеп барсам, тигилер ал жерден жарым саат мурун чыгып кетишиптир. Акылга телефон чалсам, сүйлөшпөй улам эле өчүрүп салат. Эртеси милицияга барып арыз жаздым. Милиция кызматкерлери аны Оштон кармап келишти. Бирок ал кылган кылмышын моюнуна албай жатат. 4 жарым жаштагы кызым оюнан токугудай анын баарын кайдан билмек эле? «Кызым, калп айткан жоксуӊбу?» деп сурасам «апа, чын» дейт. Окуя болгон үчүн башына кассетадай жаздырып алып улам-улам эле ошону айтып жатат да. Азыр кызым үйдө, ден соолугу жакшы эле. Жакында тергөөчүнүн уруксаты менен психологго алып барабыз. Кызым айтпаса биз билбей да калмак экенбиз. Күйөөмдүн айтуусунда, Акыл мурда 4 аял алып кетириптир. Учурда бойдок.
«КЫЗ МЕНИ ӨЗҮ ЖЕТЕЛЕП КОРООГО КИРГЕН»
Кылмышка шектелип кармалган Акыл аттуу жаран учурда Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тиешелүү жактардын уруксаты менен биз айыпталуучуга жолугуп, анын да бул окуя тууралуу өз «чындыгына» кулак түрдүк:
– Бишкекке жумуш издеп келгем. Жумуш таппай, кайра кетейин дегенде классташ балам үйүнө конокко чакырып калды. Барып ал күнү спирт ичимдиктерин ичкенбиз. Эртеси да кетпей калып майрамды уланттык. Түшкө маал мас болуп эшикке чыксам, досумдун кичинекей кызы туруптур. Ал мени көрүп «аяш ата, жүрсөӊүз сизге бир нерсе көрсөтөм» деп короого жетелеп барды. Барсам өзү шымын шыпырды. Чынын айтсам, аны көрүп башында оюм бузулду. Анан орто жолдон ал оюман кайтып, кайра тиги кызга «уят болот, шымыӊды кий! Экинчи антпей жүр! Болбосо атаӊа айтам!» деп урушуп, шымын шымдап коюп чыгып кеткем. Мен күнөөлүү эмесмин.«ЭКСПЕРТИЗА КЫЗДЫН ЗОРДУКТАЛГАНЫН АНЫКТАДЫ»
Бул кылмыш ишин тергеп жаткан Свердлов РИИБинин тергөөчүсү ГҮЛМИРА МУКАМБЕТОВА окуя тууралуу буларга токтолду:
– Жогорудагы кылмышка шектелип Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Фёдоров айылынын 1977-жылы туулган А.А. аттуу тургуну кармалган. Кылмышка шектүүнү өз айылына качып кеткен жеринен кармап келдик. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 4-бөлүмү (14 жашка чыга электиги белгилүү болгон кызды зордуктоо) менен иш козголду. Бирок айыпталуучу күнөөсүн толугу менен моюнуна албай жатат. 29-январда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы чыгып, наристенин зордукталганы тастыкталды.
Мындай кылмыштардын көбөйүп жатышына эмне себеп? «Гумандуу» мыйзамыбызбы же «тууганымды, таанышымды каматып жибергенден жакшы болуп кетмек беле» деп ишти жаап салган каныбызга сиӊип калган кыргызчылыкпы? Заман бузулдубу же ага шылтаган адамдар өзүбүз бузулуп баратабызбы?.. Ит да кылбаган мындай оор кылмыштарга кимдер барат? Кийинки сандарыбызда бул суроолорго жооп издегенге аракет кылмакчыбыз.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg