Биз маектеше турган инсан ийгиликтүү жеке ишкер, Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамкомитетинин экс-жетекчиси Өкмөтбек Алмакүчүков болду. «Телефондорунан көз албаган «смартфондор мууну» өсүп келе жатат, бирок уучубуз куру эмес» деп келечекке үмүт менен караган Өкмөтбек мырзанын бейнесин ачып берүүгө аракет кылдык.
АЛМАКҮЧҮКОВ ӨКМӨТБЕК МУКАШЕВИЧ
1960-жылы Ысык-Көлдөгү Семёновка айылында туулган.
1977-1982-жылдары Фрунзедеги Политехникалык институтта окуган.
1983-1984-жылдары аталган окуу жайда мугалим болуп эмгектенген.
2001-2005-жылдары Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамкомитеттин төрагасы.
Учурда жеке ишкерлик жана коомдук иштер менен алектенет.
Үй-бүлөлүү, 2 уулдун атасы.
– Өкмөтбек агай, адегенде бала кезиӊиз тууралуу кеп баштасак. Сизди айтылуу Садыр акенин тукумунан деп жүрүшөт го?
– Өзүм Ысык-Көлдүн Семёновка, азыркы Садыр аке айыл өкмөтүндө туулгам. Тарыхта калган Садыр атабыз эл башкарган кыраакы адам болгон. Өткөн кылымдарда ал башка эл башчылар менен жолугушуп, Казакстан жана Кытайдын Кыргызстан менен чектешкен аймактарын аныкташкан. Азыркы тил менен айтканда тышкы иштер министри болгон тура.
Бала кезим тууралуу айта кетсем, ата-энемдин жумушуна байланыштуу Балыкчыда, кийин Чолпон-Атада жашап калдык. Атам райондун аткаруучу комитетинин төрагасы, райкомпартиянын катчысы болгон. Үйүбүзгө Чыӊгыз Айтматов, Султан Ибраимов, Аалы Токомбаев өӊдүү залкар адамдар көп келип турушчу. Балалыкта ой чаржайыт болот эмеспи. Бир багытты тандап, мен ушундай болом деген эмесмин. Бирок ошол залкар адамдардын колуна суу куюп, алардан бата алып жүргөнүм келечегиме оӊ таасирин тийгизди деп ойлойм.
Ысык-Көл Советтер Союзу учурунда курорттук аймак болуп, 15 республикадан эс алуучулар келип турушар эле. Биздин үй бүгүнкү күндөгү мамлекеттик резиденциянын бет маӊдайында болчу. Ошол резиденцияда сугатчы болуп иштеп, аянтын тазалап чоӊойгон баламын.
– Улуу муун «биздин учурда баары башкача болчу» дегенин угуп калабыз. Өткөнгө кайрылып, студенттик күндөрүӊүздү, Фрунзени бир эскерип өтпөйсүзбү?
– Ал кезде борбордо «Ала-Тоо» аянты жок эле. Шаардыктардын эс алчу аймагы мурунку Дзержинский, азыркы Эркиндик гүлбагы болчу. Элге эмгеги сиӊген агаларыбыз ошол жерде баарлашып отурушчу. Мына ошол агайларыбыздын колун кармап учурашып өтүү үчүн гүлбакка келер элек. Ал жерде үйлөнүү үлпөт тойлору көп болуп, улуулардын батасын алышчу. Азыркыдай семичке чагып отургандарды көрчү эмеспиз.
Борбордон Политехникалык институттун инженер-куруучу бөлүмүндө окуп калдым. Эл катары эле жатаканада, батирде жашаган күндөр болду. Ошондо атамдын кызматтагы достору «балаӊ бул жакта жатаканада жашап жатыптыр, жашаган жерин уюштуруп берели» дешкен экен. Анда атам «жөн койгула, өзү таап, өзү жетишсин, ошондо бар нерсенин баркын билгенди үйрөнөт» деп коюптур. Ушул мага чоӊ тарбия болгон. Окуумду бүтүп, Политехникалык институтта мугалим болуп иштеп калдым. Жаш адис катары кезексиз батир беришсе керек деп аракет кылдым. Бирок ага да илинбей калдым. Кийин 1985-жылы өз каражатыбызга ата-энебиздин жардамы менен бир бөлмөлүү «хрущёвкага» ээ болгонбуз. Азыр Кудайга шүгүр. Маселе мүлктө деле эмес, негизи койгон максатка жетиш керек экен.
– Агай, сиз жеӊебизди сүйүп, ошол сиз айткан Дзержинкада үлпөт той кылып алгансызбы же көчөдөн эле ала качып келип отургузуп койгонсузбу?
– Жок, таанышып, сүйлөшүп жүрүп, макулдашып анан үйлөнгөнбүз. Жубайымдын аты Чынара. Эки балалуу болдук. Улуусу азыр жеке ишкерлик менен алектенип жүрөт, кичүүсү Швейцарияда окуйт. Буюрса, быйыл бүтүп Кыргызстанга келет.
– Эмгек жолуӊуз тууралуу айта кетпесеӊиз болбос. Сиз жөнүндө сураштыра келсем, «Ысык-Көл өрөөнүндө кадыр-баркы бар адам» деп айткандар чыкты. Айтсаӊыз, Өкмөтбек Алмакүчүков деген атты кантип жасадыӊыз?
– Мугалим болуп иштеп жүргөндө илимий жакка ыктайм го деп ойлогом. Бирок окуу жайдын башчысы, агайларым чогулуп мени чакырышып «сенин жолуӊ башка, коомдук иштерге аралаш» деп кеп-кеӊешин айтышкан. Бир жарым жылдан кийин комсомол комитетинин орун басары болуп шайландым, андан соӊ студенттер профкомунун төрагасы болуп иштедим. 1990-жылдардын аягында Комсомолдун борбордук комитетинде жаштар эл аралык уюмунун туризм багытында иштеп баштадым. Ошондон бери туризм багытында иштеп келе жатам, ал кездеги жумушум кийинки ишкерлигим менен шайкеш келип калды. Учурда туристтер, чет элдик коноктор үчүн мейманканаларды, ошондой эле Ысык-Көлдө «Роял Бич» пансионатын иштетип келем.
– «Ысык-Көл демилгеси» аттуу курултайда 1842-жылы кыргыздар Ормон Ниязбек уулун хан көтөрүп, мамлекет курууга далалат кылгандыгы тууралуу кептер айтылды. Курултайдын уюштуруучусу катары айтсаӊыз, ал тарыхый окуяны эске салууга эмне түрткү болду?
– Дүйнө жүзү боюнча акыбалды көрүп жатабыз. Ошол эле Украина, Сирия, Ливия... Мындай глобалдык көрүнүштөрдө Кыргызстан өзүн жоготуп койбош керек. Кеп Ормон хан жөнүндө эмес, кеп ынтымак, мамлекеттүүлүктү бекемдөө жөнүндө болуп жатат. Элди сактайлы деп Кокон хандыгынын алдында келечек жок экенин түшүнүп, добушка салып демократиялуу принциптер менен иш жасашкан. Аталарыбыздын кыраакылыгы менен Орусиянын курамына кирүүнү чечишкен. 1991-жылы эгемендүүлүк асмандан түшүп калган жок. Кылым башында ошол эле 1924-жылы аталарыбыз Москваны көндүрүп, кыргызды өзүнчө мамлекет катары тааныта алышкан. Биз учурда бабаларыбыздын жолун улап Бажы биримдигине кирдик. Бул туура кадам болду деп ойлойм.
– Келерки парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын катарында ат салыша тургандыгыӊызды айтып башташты. Бул чынбы?
– Ар бир адамдын өзүнүн укугу бар, кайсы багытта иш алып барат, кайсы саясий көз карашты карманат, өз эрки. Жогоруда айтылган курултайга «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Чиркешович өзү барып катышып, ойлорун теӊ бөлүштү. Жаштар менен диалог пайда болду. Мен өзүм жаштардын тагдырын чечип жиберем деген жокмун. Саясат, ишкерлик, коомдук иш кайсы жерден башталары боюнча тажрыйбам менен бөлүшөйүн деп жатам.
Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Ата Мекен» туруктуу, тарыхы бар партия. Бир-эки айдын ичинде биздин саясий аренада ким кандай багытты карманат белгилүү болуп калат. «Ата Мекен» партиясы түзүлгөндөн тарта анын бекемделишине, түптөлүшүнө салым кошкондор жүрсө, анан мен бара калсам туура эмес, бирөөнүн көӊүлүн оорутуп алам. Мындай иштер ортого салынып, кеп-кеӊеш менен чечилет. Татыктуу адамдар толтура.
– Сиз кезинде саясатта да жүрдүӊүз, ишкерликте да ийгилик жаратып келе жатасыз. Ийгиликти багынтканга кайсы сапатыӊыз көп жардам берди?
– Жумуштан чарчабастык, андан ырахат алууну билүү керек. Менимче, ушундай жагдай ийлигиликти жаратат болушу керек.
– Маегиӊиз үчүн чоӊ рахмат!
КӨЗГӨ ИШЕНИШ КЕРЕК...
– Эмнени тандайт элеӊиз, китептиби же интернеттиби?
– Китепти.
– Кымызбы же вискиби?
– Коноктор келгенде кымызды пропагандалап ичем.
– Сомбу же долларбы?
– Буюрганын алабыз да.
– Көзгө ишенген оӊбу же сөзгө ишенген оӊбу?
– Көзгө ишениш керек.
– Саясатта акчалуу болгон пайдалуубу же абийирдүүбү?
– Абийирдүү болуу пайдалуу.
– Азыркылардын акчасы көппү же абийириби?
– Башкалардын чөнтөгүнө кызыга бербейм.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg