МУШКЕРЛЕРИБИЗ НАМЫСТЫ АЛДЫРГАН ЖОК

Ринг. Жогорку деӊгээлдеги мушкерлер. Сүрөөгө алган эл. Жаӊы чемпиондор... Мунун баарын Бишкекте 28-январдан 1-февралга чейин өткөн Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш камтыды.

«БУЛ ТУРНИРГЕ КАТЫШУУ АР БИР МУШКЕР ҮЧҮН СЫЙМЫК»
Аталган мелдештин ачылыш аземинде кадырлуу коноктордун бири, «AIBAнын» (Бокс сүйүүчүлөрүнүн эл аралык ассоциациясы) вице-президети Серик Конакбаев бул эл аралык мелдеш жылдан жылга жогорку деӊгээлде уюштурулуп жатканын белгиледи. «Быйылкы турнир Дүйшөнкул Шопоковдун 100 жылдыгына жана Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына арналып жатканы менен айырмаланат. Жылдан жылга аталган мелдештин катышуучулары өсүүдө. Бул кыргыз боксунун жогорку деӊгээлде экенинен кабар берет. Ар бир мушкер үчүн мындай турнирге катышуусу сыймык».

ФИНАЛДЫК БЕТТЕШТЕР. КИМ КИМДИ ЖЕӉДИ?
Финалдык беттештер өткөн күнү Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бут коёрго жер табылган жок. Көрүүчүлөрдүн сүрөөнү мушкерлерге мындай учурда абадай эле дем кошуп жатты. Мелдештин эӊ жеӊил салмагында (49 кг) «Инчхон-2014» Азия оюндарынын коло медалчысы Турат Осмонов менен Баткендин кулуну Рахманкул Аватов болду.
Бул финалдык таймашта тактикалык уруш орун алып,
3 раунд бою чапчаӊ кыймылдаган Рахманкул Аватов жеӊишти илип кетти. Беттештен соӊ ал бир нече суроолорубузга жооп бергенге үлгүрдү:
– Алгач жеӊишиӊ менен куттуктай кетели. Беттеште мыкты даярдыкта экениӊ байкалды...
– Чоӊ рахмат! Ооба, бул турнирге бир ай бою даярданганбыз. Жеӊиштин баары машыгуулардын жыйынтыгы. Машыктыруучулардын эмгегинин акыбети кайтып отурат.
– Бул турнирде сен үчүн кайсы беттеш оор болду?
– Бардык беттештер оор болду. Турнирге келген мушкерлердин бардыгы эле мыкты даярдыкта экени билинди. Ал эми баса белгилеп айтсам, чейрек финалдагы тажик мушкери менен болгон беттеш татаал болду.

«КҮЙӨРМАНДАРДЫН СҮРӨӨНҮ ЖЕӉГЕНГЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ ЭКЕН»
Жамбул облусунан келген 75 килограмм салмактагы Нурсултан Жанабаев жеӊүүчү деп табылды. Алгачкы жолу бул турнирге катышкан мушкерге суроо узата кеттик:
– Жеӊишиӊ кут болсун! Бул мелдешке алгачкы ирет катышып жатыптырсыӊ...
– Д.Шопоковдун элесине арналган мелдеш тууралуу көп эле жолу угуп келсем да, быйыл алгачкы ирет катышып жатам. Андан да жагымдуусу бул турнирде биринчиликти багынтканым болду. Өзүм Казакстандын Жамбул облусунун чемпиону болом.
– Турнирдин жүрүшү боюнча айта кетсеӊ. Казакстанда өткөрүлгөн мелдештерден айырма байкай алдыӊбы?
– Турнир жогорку деӊгээлде өттү. Мага күн сайын зал толо күйөрмандар келип, мушкерлерди алдыга сүрөгөнү жакты. Ошондой эле ар бир беттеште таамай тийген соккулар сайын кол чаап жатып, беттешти жеӊип алууга чоӊ жардам берет экен.

БИРИНЧИЛИКТИ БАГЫНТКАН КЫРГЫЗ МУШКЕРЛЕРИ
Айта кетчү жагдай, бул турнирге Дүйнөлүк бокс сериясындагы беттештерди өткөрүп жүргөн Азат Усеналиев менен Өмүрбек Малабеков катышкан жок. 52 килограммга чейинки салмакта Азаттын жоктугун пайдаланып, кыргызстандык Жаныбек Мусаев жеӊишти колго алды. Ал эми финалда 60 килограмм салмактагы Медер Мамакеев менен Акжол Сулайманбек уулунун беттеши кызыктуу өтүп, жыйынтыгында калыстар Медер Мамакеевди жеӊүүчү деп тапты.
Азия чемпиондугунун коло байге ээси Эрмек Сакенов өз салмагында (64 кг) жеӊишти эч кимге берген жок. Ал финалда орусиялык мушкер Григорий Лизуненкону утуп алды. Ошондой эле оор салмакта Чыӊгыз Борбашев Сергей Паренкону утуп, Кыргызстан үчүн 5-алтын медаль алып берди.

«МУШКЕРЛЕР ҮЧҮН ЧОӉ СЕКИРИК БОЛОТ»
Аталган эл аралык мелдеш көп мушкерлер үчүн чоӊ секирик болорун Кыргызстандын бокс федерациясынын президенти Абдубакыт Калмурзаев айтып өттү:
– Көп мамлекеттин мушкерлери жыл башында алгач ушул мелдешке катышышат. Мушкерлердин көпчүлүгүнө баштапкы секирикти да ушул турнир түзүп келет. Бул мелдештерде тажрыйбалуу чет өлкөдөн келген калыстар тейлеп жатышканы беттештер адилеттүү өтүп жатканын айгинелейт. Ошондой эле биздин мушкерлер үчүн 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган Олимпиадага лицензия алууга даярдыктардын бир этабы болуп саналат.

МЕЛДЕШ ТУУРАЛУУ

  • Быйылкы турнир 38-ирет өткөрүлдү
  • Жалпысынан 9 өлкөнүн 179 спортчулары катышты
  • Мушкерлер 10 салмак категориясында күч сынашты
  • 5 күн бою жалпы 168 беттеш өткөрүлдү
  • Кыргызстан 5 алтын, 3 күмүш, 8 коло медаль менен командалык эсепте 1-орунда

ЖЕӉҮҮЧҮЛӨР ТИЗМЕСИ:

49 кг Рахманкул Аватов (Кыргызстан)
52 кг Жаныбек Мусаев (Кыргызстан)
56 кг Онгжунта Танес (Таиланд)
60 кг Медер Мамакеев (Кыргызстан)
64 кг Эрмек Сакенов (Кыргызстан)
69 кг Махмуд Гаипов (Өзбекстан)
75 кг Нурсултан Жанабаев (Казакстан)
81 кг Георгий Кушиташвили (Орусия)
91 кг Чыӊгыз Борбашев (Кыргызстан)
+ 91 кг Баходыр Жалолов (Өзбекстан)

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстан курама командасы мыкты болду.

Мелдештин мыкты мушкери Эрмек Сакенов аталды.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
edu.kg
2015-02-09 10:17:22
Аябай жаашы бизден да бир кол чабуу ... Ийгиликтин артынан ийгилик жарата бергиле кыргыз спортчулары.
+2
AzaBaza
2015-02-09 14:56:29
Чынгыз Борбашев ийгилик сага!!! Биз сен менен!!!
0
nurjana83
2015-02-09 16:03:24
Спорттун чебери Данияр Бабакулов жонундо да маалымат бергилечи
0
admin_superstan
2015-02-09 17:09:54
nurjana83, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
0
Maxx
2015-02-09 20:35:26
Азаматтар.Мындан ары да ийгиликтерге жетип журо бергиле!
0
ernazar.88
2015-02-11 06:35:58
азаматтар.куттуктайбыз
0
zamakure
2015-02-12 03:08:10
Молодцы
0
Davlet1994
2015-02-14 13:52:37
Азаматсынар!
0
Zhazgul.toichubekova
2015-02-16 19:07:14
Азаматтар Ийгилик.
0
№ 640, 6-февраль-12-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан