Максат айылы Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы эӊ көйгөйлүү аймактардын бири болуп эсептелет. Аталган айылга Тажикстан аркылуу барууга мүмкүн болгондуктан, чек арадан өтүүгө туура келет. Эгерде чек ара жабылып кала турган болсо, анда максаттыктар Лейлектин Байзак жайыты аркылуу жолго чыгып, 2 сааттан ашуун адыр-дөӊсөөлөр менен коштолгон 70 чакырымга жакын сапар карытууга аргасыз. Капыстан өзгөчө кырдаал жаралып же жергиликтүү тургундардын бирине тез арада медициналык жардам керек болуп калса, аймактык ооруканага баруу үчүн бир топ кыйынчылыктарды өткөрүүдөн башка арга жок.
АЙЫЛГА КАРАШТУУ 75 ГЕКТАР ЖЕР ТАКТАЛА ЭЛЕК
1994-жылы айыл макамына ээ болгон Максат айылы Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнө карайт. Ошондон тарта Лейлектин ар бир айыл өкмөттөрүнүн тургундарына жер тилкелери бөлүштүрүлүп, жаӊы конушту түптөө иштери башталган. Аталган айыл Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында жайгашкандыктан коӊшу өлкөнүн жарандары бул аймакты жайыт катары пайдаланып келишкен. Бирок 1994-1995-жылдары экс-президент Аскар Акаевдин демилгеси менен чек араны коргоо максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 60 үй курулуп, пайдаланууга берилген. Бул үйлөргө жаратылыш кырсыктарынан жабыркап үйсүз калган, жашоо шарты оор үй-бүлөлөр баш калкалашкан. Ал кезде башталгыч класстагы окуучуларды гана окуткан мектеп бар болгондуктан, Максат айылынын тургундары жогорку класста билим алган балдарын 3-4 чакырым алыс жайгашкан Интернационал айылынын мектебине жиберүүгө аргасыз эле. Интернационалга баруу үчүн тактала элек чек арадан өтүүгө туура келип, жергиликтүү тургундар башынан бир топ азаптарды өткөргөн. Ушундай кыйынчылыктардан улам Максат айылына барып жашагысы келген жаштардын саны аз. Ал тургай айрым жашоочулар үйлөрүн сатышып, башка жакка орун которуп кетишкен учурлар да катталган.
Максат айылы түндүк тарабынан Тажикстандын Овчу-Калача айылы, чыгыш тарабынан Лейлек районунун Жаӊы-Жер айыл өкмөтү менен чектешет. Батыш тарабындагы 75 гектар жер тактала элек. Бирок кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн жаӊы келишимине ылайык, бул жерге убактылуу пайдалануу үчүн «Достук» көпүрөсү курулууда. Сапарали Адинаев, Максат айылынын башчысы: «ЖЕР ТИЛКЕЛЕР БАР, КӨЧҮП КЕЛЧҮ КИШИ ЖОК»
– Максат айылында жашап жатканыма 18 жыл болду. Башында көчүп келгенимде кыргыздар аз эле. Тажик туугандар бул аймакты жайыт катары пайдаланчу. Азыркы тапта 138 кожолук бар. Жакында 1000 кожолук үчүн жаштарга жер тилкелери бөлүнүп берилди. Азырынча көчүп келише элек. Анткени бул жерде жумуш жок, суу тартыш, чек арадан өтүү кыйын.
2014-жылдан тарта Максат айылына көӊүл бурула баштады. 235 окуучуга эсептелген, заманбап шарттагы спорт залы бар эки кабаттуу орто мектептин курулушу башталды. Кулунду айыл өкмөтү менен эл аралык уюмдар тарабынан ФАП курулду. Айыл башчы болуп иштегенден бери иш бөлмөбүз жок, айылдаштарды үйдөн, көчөдөн жана башка жайлардан кабыл алчу элек. Эми ФАПтын имаратынын бир бөлмөсүн иш бөлмөсү кылып бөлүп бергенден тарта элди ошол жерден кабыл алып калдык. Мындан тышкары суу менен камсыз кылуу максатында тереӊдиги 1 метр, узундугу 8,5 чакырымга созулган траншея казылды. Кудай буюрса, жаздан тарта оӊдоо иштери башталып, суу түтүктөрү көмүлөт. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен биргеликте айылды көрктөндүрүү максатында арчаларды, бактарды тиктик.
Айылдын эли менен биргеликте чек араны бекемдөө үстүндөбүз. Айрым учурларда кооптуу жагдайлар жаралганда жигиттерибиздин баары чек арачылар менен биргеликте күзөттө турабыз. Чек араны отурукташкан эл өзү коргобосо, аскерлерибиздин да чамасы чектелүү. Андыктан мамлекет жаштарга узак мөөнөткө ссуда бөлүп берсе, Максатка келип отурукташып, мал алып, бак-дарак тигип жашоосун өткөрүшө бермек. Себеби жайыт кенен, жер түшүмдүү. Ташбалта Абдибапов, Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеӊешинин депутаты: «АЙРЫМДАР ЖЕРДИ АЛГАН СОӉ САТЫП ЖИБЕРИШҮҮДӨ»
– Максаттын түптөлгөнүнө жыйырма жылдан ашуун убакыт болду. Бул аралыкта кичинекей айыл өнүгүп кетиши керек эле. Бирок бийлик тарабынан жеткиликтүү деӊгээлде көӊүл бурулбагандыктан таз кейпинде турат. СССР мезгилинде Жаӊы-Жер айыл өкмөтүндөгү Достук, Арка айылдарына бир типтеги үйлөрдү чек ара боюна салып койгон экен, бүгүнкү күнгө чейин ал үйлөрдө адамдар жашап, чек араны сакташат. Ошол сыяктуу эле Максат айылынын Тажикстан менен чектешкен аймагынын бир эле катарына үй салып, жаштарды киргизип койсо, чек ара бекемделмек. Азыркы тапта Кулунду айыл өкмөтү дагы чек араны бекемдөө максатында чектешкен аймактардан жерлерди бөлүп берип жатат. Тилекке каршы, айрым жарандарыбыз жерди алган соӊ кайра сатып жиберип, бизнес жасап жиберишүүдө. Андыктан бул маселени токтотуу зарыл. Бурул Кудайбердиева, Максат айылынын тургуну: «ЖАРДАМ КЕРЕК БОЛСО ТЕЛЕФОН ЧАЛА ДА АЛБАЙСЫӉ»
– Бул жакта байланыш операторлору иштебейт. Эч ким менен телефон аркылуу сүйлөшө албайсыӊ. Айрым жерлерде гана байланыш болбосо, көпчүлүк жерлерден телефон чала албайсыӊ. Өзүм ФАПта эмгектенгендиктен абалы оор айылдашыбыз келип калса, аймактык оорукананын «Тез жардамы» менен байланышуу кыйынга турат. Айылдаштарыбыз оорулууну автоунаага салып, түз эле аймактык ооруканага алып жөнөшөт.
«Достук» көпүрөсүн курууда кыргыз чек арачылары менен тажик чек арачыларынын ортосундагы болгон былтыркы атышуудан улам мырзаларыбыз Тажикстан тарапка ээн-эркин түшө албай калышты. Күнүмдүк оокаттарды алуу үчүн Тажикстанга аялдар гана барышат. Мавжида Надирова, Максат айылынын тургуну: «БАЛДАРЫБЫЗ МЕКТЕПКЕ ЧЕК АРАДАН ӨТҮП БАРЫП КЕЛИШЧҮ»
– Канал 2 чакырымга чейин казылып, чакан салынып калган. Суу тартыш. Ошондон улам дыйканчылык кыла албайбыз. Өзүм үй-бүлөм менен турам. Балдарым Максат орто мектебинде билим алышат. Мурун жогорку класста окуган уулум Интернационал айылынын мектебине барып билим алчу. Себеби өзүбүздүн мектепте 1-4-класска чейин гана билим берчү. 2011-жылы экс-президент Роза Отунбаева келип абал менен таанышкан соӊ өзүбүздүн мектеп орто билимди толук берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ага чейин чек араны кесип өтүүгө туура келгендиктен, балдарыбыз башынан бир топ кыйынчылыктарды өткөрүшчү. Кар калыӊ жааган күндөрү же чек арада кооптуу абал жаралганда мектепке барууну токтотушчу эле.
Гезитибиздин «Менин айылым» рубрикасынын астында мекенибиздин айылдарын кезеги менен чыгарып турууну чечтик. Айылдардын абалы, көйгөйү, башкаларга окшобогон өзгөчөлүктөрү жана кызыктары менен тааныштырабыз.
Анда күтүӊүз, биз сиздин айылга да барабыз. Өзүӊүздүн айылыӊыздагы кызыктар, көйгөйлөр тууралуу маалымат бергиӊиз келсе,
koom@super.kg электрондук дарегине кат жөнөтүӊүз.
Темирбек Матаев
koom@super.kg