ОШ АЭРОПОРТУНДА МИЛЛИОНДУ ТОНОГОНДОР КАРМАЛДЫ

Жакында Ош аэропортунда ишкерлердин 5 миллион 679 миӊ доллар акчасын тоноо кылмышына шектелип 5 киши кармалды. Кылмышка катыштыгы бар дагы 6 жаран издөөдө.

БЕТ КАПЧАН АЭРОПОРТКО КИРИШКЕН
Эске салсак, бул кылмыш 27-декабрда күндүзгү саат 10:30дар чамасында Ош эл аралык аэропортунда болгон. Аэропорттун текшерип өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан сыйлуу конокторду тосуучу (vip) залына Ош-Үрүмчү авиакаттамына жүктөрдү даярдап жаткан учурда аркасында «спецназ» деген жазуусу бар кара формачан, көз айнек тагынган, Калашников автоматтары менен куралданган бет капчан 5 адам кирип келген. Колунда видеокамерасы бар бирөөсү жүргүнчүлөргө: «Атайын операция жүрүп жатат. Жерге жаткыла!» деген буйрук берген. Бет капчандар 30дан ашык ишкерге таандык Үрүмчүгө товар алууга жөнөтүлүп жаткан 5 миллион 679 миӊ АКШ доллар акчаны алып, «Асман-Тур» туристтик фирмасынын аткаруучу директору Руслан Кулатовдун колун скотч менен байлап алып чыгып кетишкен. Андан соӊ ак түстөгү Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаага отуруп из жашырышкан. Барымтага алынган Руслан Кулатовдун башына мүшөк кийгизип алып кетишип, кийин аны Араван районунун көчөлөрүнүн бирине таштап кетишкен. Бактыга жараша, ал эч кандай жаракат алган эмес. Ошол эле күнү бул кылмыш боюнча Ош ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышкерлердин бирөөсүнүн фотороботу түзүлгөн эле.

КИНОДОГУДАЙ СЦЕНАРИЙ ТҮЗҮШҮПТҮР
«Кылмышка шектүүлөрдүн арасында депутаттын иниси да бар» дейт ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов:
– Бул коомчулукта чоӊ резонанс жараткан кылмыш болду. Аны уюштургандар кинодогудай сценарий түзүшүптүр. Коомчулук «муну укук коргоо органдары өздөрү эле аралашып жасады» деп да айтып жатышкан. Кылмыштын бетин ачыш үчүн прокуратура, УКМК жана ИИМ кызматкерлери, анын ичинде биздин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы тартылган. Атайын иш пландарды түзүп, профессионалдык деӊгээлде иштеп, бир айдын ичинде кылмыштын бетин ачтык.
Январь айынын акыркы жумаларында Баткен облусунун А.С. аттуу тургунунун үйүн тинтүү учурунда октору менен 2 Калашников автоматы жана Макаров тапанчасы табылды. Автоматтардын биринин номери болсо, экинчисинин номери өчүрүлгөн экен. Кылмышка шектелип кармалгандын айтымында, куралдарды ага тоноону уюштурган Р.А.М. аттуу жаран калтырган. Азыркы тапта анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (куралдарды мыйзамсыз сактоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 30-январь күнү кылмышка шектүү 3 жаран Бишкек шаарынан кармалышты. Алардын үйүн тинтүү учурунда кылмышка далил катары 1 миллион доллардан ашык акча табылды.

«УНААНЫ АРААЛАП, АЛАКАНДАЙ КЫЛЫП МАЙДАЛАП САЛЫШКАН»
– Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, бул кылмышка 10дой адам катышкан. Алардын арасында Казакстан, Тажикстан, Кыргызстандын жарандары бар. Кылмышка шектелип кармалгандардын арасында орган кызматында иштегендер жок. Номуру бар курал кайдан алынган, кайда катталгандыгы туурасында иштер жүрүп жатат. Июнь окуясы сыяктуу массалык жаӊжалда аскерлерден же укук коргоо кызматкерлеринен тартып алынганбы деген божомолдор бар, азыр такталып жатат.
Тоногон соӊ кылмышкерлер из жашырып кеткен Тойота Эстима үлгүсүндөгү автоунааны ошол эле күнү алакандай кылып болгарка менен майдалап араалашып, мүшөккө салып металл алгандарга тапшырып салышкан. Ал эми дөӊгөлөктөрү менен отургучтарын өрттөп жиберишкен. Кылмышка шектүүлөр аэропортко ноябрь айынан бери эле жарандык кийимчен келип, качан көп суммадагы акча келерин аӊдып күтүшкөн.

«ШЕКТҮҮЛӨРДҮН АРАСЫНДА ДЕПУТАТТЫН ИНИСИ БАР»
– Бул кылмышка шектелип кармалгандардын арасында Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин депутаты Замир Сыргабаевдин Мирбек аттуу бир тууган иниси да бар. Ал Казакстандын жарандыгын алган жана Кыргызстанда кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Кармалгандардын эӊ улуусу 46 жашта болсо, эӊ кичүүсү 31 жашта. Кылмышка шектүүлөрдүн арасында үч бир туугандар да бар. Колго түшө элек кылмышка шектүүлөрдү расмий түрдө издөөгө бере элекпиз. Ошол себептен кармала электердин сүрөттөрүн, жашын, аты-жөнүн азырынча айта албайбыз.

Бул каракчылык кылмышына шектелип жакында Баткен облусунун беш тургуну кармалды. Алар:
Р.М. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну,
О.Д. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну,
С.М. Кыргызстанда туулуп, Казакстандын жарандыгын алган (ИИМдин тизмесинде кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган),
З.Р. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну,
А.С. Баткен облусунун тургуну, бул жаран «кылмышкерлерге таандык куралдарды мыйзамсыз сактап жүргөн» деп шектелүүдө.

Кылмышка шектүүлөрдүн үйүнөн табылган акчалар.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
Pantherka
2015-02-09 16:39:02
мдаа акча табылбагандан кийин пайда не??? отурган адамдар жон эле отуруп койгондор да болушу мумкун)))))
0
milan_92
2015-02-09 19:16:05
tagokg. betkaptyn kozu achyk bolot je kordun bele kozu jabyk betkap.
0
tagokg
2015-02-10 10:58:34
milan_92, ошо козу ачык жерине коз айнек тагылганын элестетчи )))))
0
milan_92
2015-02-09 19:17:34
bulardy olum jazasyna buiruw kerek tajikterge ne jok deymda
0
sema.kgz
2015-02-09 21:04:16
м.м.м.
0
nurik-77788
2015-02-09 23:29:46
эмне эле кылмыш кылган адамдарды тергеп Р.А М.А У.А деп жазышат тушунуксуз аа эмне суротторунда жашап жашырышат бардыгын тоолук корсотушпойбу мумкун башка адамдарда булардын курмандыктары болуп журбосун
+1
admin_superstan
2015-02-10 11:56:00
nurik-77788, саламатсызбы!
Кээ бир кылмышкерлердин аты-жөнү жана сүрөттөрү атайын органдардын уруксаты менен жарыяланат.
0
dosym
2015-02-10 17:57:13
кантип кайсы жерде кармадынар
0
Alfiya
2015-02-10 18:02:13
Мына сага... жакшы жомок экен фантастический мага жакты.
+1
Bili
2015-02-12 00:30:44
Ким билет элди тынчтандыруу учун да жалгандан айтып жатышат .
+1
ooki8888
2015-02-12 10:26:16
"Кыкенбайларды" сынатып эле койсо. Иштесе да жакпайт, иштебесе да жакпайт. Деги эмне жагат силерге????!!!!
+1
kuba7888
2015-02-13 13:06:02
Заложникти Араванга алып барып не кылат десен.... Башка жерге алыр барып таштап... Ийиздерин суутса болмок....
0
shamilaisan
2015-02-14 16:47:46
Myndailardyy jok kylbasa myndai ishter dagyda koboio beret oshon ushun daiym ozubuzgo sak bololu
0
senchi
2015-02-14 17:28:07
Фото робот суротко бирида окшобойтко
0
zero.obd
2015-02-14 18:57:11
укмушко
0
Jigitchem
2015-02-15 01:22:59
кайран
0
Nurmatova
2015-02-16 20:54:16
Жигиттер жарайсынар!!!
Криминал онуго берсин.....
0
№ 640, 6-февраль-12-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан