Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде «Интерфакс» маалымат агенттиги «кыргыз парламенти жакынкы айларда таркап, парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурун өтөт» деген жоромолдорун жазып чыга баштады. Жогорку Кеӊештин учурдагы 5-чакырылышынын мөөнөтү 2015-жылдын күзүндө аягына чыгат жана парламенттик шайлоо ноябрь айында өтөрү айтылып жаткан болчу.
Маалыматтарга караганда, коалиция өлкө башкаруусундагы жаӊжалдардан улам ыдырашы ыктымал. Анын негизинде көпчүлүк кайра тил табыша албай, башка фракциялар да өз ара коалиция кура албай калышса, анда парламенттин таркашы толук күтүлө турган окуя. «Жогорку Кеӊеш мөөнөтүнүн аягына чейин иштейт жана жарым жыл калганда парламенттин таркашы күмөн» деген пикирлер да арбын.
Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg