«ГАЗПРОМ»: КАЛКТЫН ЖАРЫМЫНАН КӨБҮ ГАЗ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛОТ

«Газпром» компаниясы 2030-жылга чейин Кыргызстандын калкынын 60 пайызын газ менен камсыздайт жана бул үчүн инвестициянын көлөмү 45,5 миллиард сом болуп көбөйтүлдү. Бул тууралуу 30-январда президент Алмазбек Атамбаев менен «Газпром» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллердин жолугушуусунда белгилүү болду. Анын жүрүшүндө Кыргызстанда жаратылыш газын геологиялык чалгындоо, ошондой эле газ транспорттук системин өнүктүрүү, объектилерди реконструкциялоо жана куруу боюнча пландар талкууланды.
Миллер азыркы тапта Кыргызстан калкынын 22 пайызы гана газ менен камсыздалганын белгилеп, долбоор ишке ашканда республиканын 7 дубанынын 411 калк жайгашкан пункттарына жаратылыш газы жеткирилерин айтты. «Кыргызстандын газ транспорттоо тармагына киришип жатканда беш жылдын аралыгында бул тармакка 20 миллиард рубль инвестициялоого милдеттенме алганбыз. Бирок иш-чараларды карап чыкканда 45,5 миллиард сом керектигин түшүндүк. Муну менен инвестициянын суммасы 1,7 эсеге өстү», - деди Миллер.
Быйыл Кыргызстанга 450 миллион метр куб жаратылыш газы ташылып келинет. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп.

Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
macho90
2015-02-09 22:54:59
2030- jyly dep ozunordu aldabai ele koigula
0
nazikerbol
2015-02-10 23:40:09
Дагы куру соз,2030-жылга чейин жей турганын жеп,дагы калган нерсенин баарын тегиздеп бутушотда.
0
№ 640, 6-февраль-12-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан