МАРКУМ БЕКМАМАТ ОСМОНОВГО «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БААТЫРЫ» НААМЫН БЕРҮҮ КАРАЛУУДА

Жогорку Кеӊеште мамлекеттик ишмер Бекмамат Осмоновго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын берүү сунушу депутаттар тобунун демилгеси менен көтөрүлүп жатат. 3-февралда парламенттин эки комитетинде бул сунуш эл өкүлдөрүнүн колдоосуна ээ болду.
Айта кетсек, Жогорку Кеӊештин 2 жолку, анын ичинде легендарлуу парламенттин депутаты Бекмамат Осмоновдун көзү тирүү болгондо быйыл 70 жашка толмок. Ал 1991-жылы Жалал-Абад облусунун алгачкы губернатору болуп шайланган. Элдин эсинде калган Осмоновдун жетекчилигинин алдында Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгы, Жоомарт Бөкөнбаевдин 80 жылдыгы өткөрүлгөн жана Жалал-Абад телерадиокомпаниясы негизделген. Башкаруучулук сапаттары менен кийинки муундарга өрнөк болгон Бекмамат Осмонов, тилекке каршы, жүрөгүнө операция жасалгандын эртеси, 1997-жылдын 28-октябрында дүйнөдөн кайткан.

 

 

Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
taalai.torkent
2015-02-09 13:15:45
силер бербесенер деле- эл билет ОСОНОВ Ким болгонун ал чыныгы баатыр элдин оозунан дале тушпой мактап келишет
+2
Titi
2015-02-09 13:43:10
Олгондон кийин не кереги бар берип? Осмонов тируу кезинде кайда эленер?
0
ainuska00
2015-02-09 13:44:13
Осмоновду да иштетбей кыйнашкан...эми не кереги бар
0
Sayragul
2015-02-09 17:14:55
Татыктуу Бекмамат Осмонов. Неге бергенге болбосун. бериш керек. Андай инсан ар кылымда деле жаралышы кыйын.
0
mers8
2015-02-09 23:53:58
Тириуудо кайда калдынар эле бергиле тириуундо качан олгондон кийин бербей соз силерге

0
maestro123
2015-02-10 11:09:20
Раматылык бейиши болсун. Ал кишиге убагында бут тосуулар болбогондо президент болмок. Кыргызстанда башкача реформа болмок.
0
maestro123
2015-02-10 11:09:53
Раматылык бейиши болсун. Ал кишиге убагында бут тосуулар болбогондо президент болмок. Кыргызстанда башкача реформа болмок.
0
bakyt_2015
2015-02-11 00:00:28
Бейиши болгур Бекмамат Осмонов, Жумгалбек Аманбаев кыргыздын чыныгы уулдары, патриот баатырлары эле. Ушул адамдар бийликке келгенде биз легенда кылган казактын Назарбаеинен да мыкты иштешмек, аттин бири кем дуйно.
0
aiza.kyrgyzkyz
2015-02-12 13:47:43
Жакшы ойлопсунар, ушу жогорку кенеште отургандардын башы бир аз иштеп жатабы, же мага ошондой сезилип жатабы?))) Эми Мелис Мырзакматовго да бергиле ал киши да жакшы иш кылды,анан ага 90го чыкканда берип журбой)))
+1
aikosh1991
2015-02-13 12:57:39
aiza.kyrgyzkyz, тура атасын ошентип атышат окшойт биздикилер Эми ойлоно баштады окшойт
0
aikosh1991
2015-02-13 12:55:44
Негизи биздин чондор адамды олгондо баалап барктап калышат эмеспи наам алыш учун олуш керекби тируусундо берилбеген наамдынолгондо эмне кереги бар тируусундо ОЗУ коруп мандайы суйунбосо олгондо ал адамга курандан башка пайда жок ушуну биздин чондор эрте ойлонуп иш кылгылачы ээ суранам
0
№ 640, 6-февраль-12-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан