ТАЙЫРБЕК САРПАШЕВ: «БАТКЕНДЕ ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУНУ ЖАЙЫЛТУУ КЕРЕК»

Баткен облусунда акыркы 3 жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча бир топ маселелер каралууда. Республикалык бюджеттен жана донорлордун жардамы менен бул аймакка 300 миллион доллар каражат жумшалган. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Баткен облусунда өкмөттүн өкүлүнүн коллегиясында билдирди. Сарпашевдин айтымында, азыркы тапта облуста күнөскана чарбачылыгын жана тамчылатып сугарууну өнүктүрүү боюнча профилдик орган түзүү пландалууда.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеӊиш Разаков: «Былтыр аймак боюнча буга чейин токтоп турган 6 өнөр жай компаниясы ишке берилген. Дубанда дагы 8 жаӊы ишкана иштей баштады. Алардын үчөөсү кыш куюучу заводдор, үчөөсү көмүр казып алуучу компаниялар жана экөөсү курулуш материалдарын чыгарат»,- деди.

 

 

 

Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
macho90
2015-02-09 23:04:36
Jakshy batkenge da konul burula bashtaptyr. Ushul sarpashev degen jakshy ishtep atkandai korunotko.
-1
№ 640, 6-февраль-12-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан