Ыргал Кадыралиева: "КЫЛМЫШКЕРЛЕР СИМ-КАРТАСЫН АТАЙЛАП МАРКУМ АГАМДЫН АТЫНА КАТТАТЫШКАН"

Жогорку Кеӊештин депутаты Ыргал Кадыралиева 5-февраль күнү парламенттик жыйында үй-бүлөсүн каралоо үчүн атайын уюшулган иштер болуп жатканын айтты. «Жакында эле Ош аэропортунан акча тоногондорго байланыштуу чоӊ кылмыш иши ачылды. Азыр колумда кылмышкерлер колдонушкан SIM-карта бар. 2014-жылдын 15-декабрында алар SIM-картаны маркум агам Санжарбек Кадыралиевдин атына каттатышкан. Кылмышкерлер мындай жол менен кылмышты бир тууганым Канжар Кадыралиевге оодарууга аракет кылышкан. Менин үй-бүлөмдү каралоо үчүн атайын уюшулган «подстава» болуп жатат. Мунун артында турган адам белгилүү партиянын өкүлү, алдыӊкы шайлоодогу негизги талапкер экени айтылууда»,- деди депутат.
Эске салсак, Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата «бейбаштык», «өзүм билемдик» жана «зомбулук көрсөтүү менен акча талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Издөөгө жарыяланганына карабай ал бүгүнкү күнгө чейин кармала элек.
Ал эми Ош аэропортунан акча тоноо боюнча кенен макаланы гезитибиздин 10-бетинен окуй аласыздар.

Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
kubaychbek
2015-02-09 20:47:32
Урматтуу депутат айым, 7 жыл мурда олгон адамдын атына сим карта каттап коюу мумкунбу?
+5
Uliyana
2015-02-13 14:52:32
kubaychbek,Акча болсо баарын каттоого болотго Кыргызстанда ))) сим карта эмес жалгандан башка докуменнтерди акчага каттап жатпайбы сим карта эмне болуп калыптыр))
-1
monchok
2015-02-09 22:43:26
Агаларын оздору жон журушпойт бироонун мулкуно коз артканы арткан! Агаларыныз акырындан качып эми очередь сизге келеин деп калды окшйт.
+5
Bakulya79
2015-02-10 01:09:42
Элди эч ким алдай албайт.болгон учун айтып жатышатта.шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайnю
+1
Alfiya
2015-02-10 17:49:16
Ушул айым актанып эле журо берет да, бир тууганы куноолонсо анын эмне тиешеси бар дейм да, оз иши менен эле алек болсо... Акесине иш козголсо деле, инисине иш козголсо деле мурдун тыгып басып журот экен тообо прессаны башына кийип.
+1
nazikerbol
2015-02-10 23:35:14
Ыргал Кадыралиева не бийлике ака укаларинин кылмышын жаап жашырып коргогону бардыныз беле,кылса жазасын алсын,Канжардын криминал экенин баарыле билетго....Дагы мен билген нерселерди жазсам очуруп койушат экен.
+1
tin90
2015-02-11 01:46:24
Мен ойлойм кыргыз качан онолот, азыркы бийликтегилердин баааарын кетирип бирин калтырбай законго олум жазасын киргизип анан тууганчылыкт жоготуш керек деп кытайдын законун чындап киргизиш керек кыскача айтканда
0
taku0214
2015-02-11 10:57:16
Тууганчыл бийде ыйман жок. Ыймансыздыгын корсотуп элди алдап отурат.
+1
Stervochka
2015-02-11 13:20:46
Мен Санжар Кадыралиевмин деп барса эле эч докумен-покументин корбой эле каттап салгыдай уюлдук операторлордун кенсесинде келесоолор отурушкан жок да. Жалганды окшоштуруп айтынызчы урматтуу депутат эже. ЖКда Кыргызстан учун эмне пайдалуу иш жасаданыз озу? Кылмыш кылды деп шектелген туугандарынызды актагандан башка ишиниз барбы озу? Эгер менин тууганым кылмыш жасаганы аныкталса ал жазасын тартсын дештин оордуна ойду-тоону суйлоп юбканызга жашырып отурасыз уялбай. Бул сизге аброй алып келбейт
+3
ular74
2015-02-11 23:01:27
эмне учун МВД эмдигиче Канжарды кармашпайт,бир кичинекей райондун ичинде же кармагысы келбей жатышабы.Министр мырза озгон районуна барарда Сашканы кармашты эле.
0
chanel11
2015-02-12 00:02:37
оооооооооооо
0
sabina29.91
2015-02-12 17:25:36
Сим картаны паспорт менен каттайт да, оозун чормойтуп калп айткандан уялса боло
0
Latyshka
2015-02-13 09:26:43
Негизи айтканда, пр регистрации выходит полная информация: дата регистрации и есть камера в каждом центре обслуживания.Так же есть спец. архив,где можно поднять дела путем соответствующих органов.Далее,если судить субъективно, то можно сказать, что криминал и депутаты не регистрируют свои номера,дабы отойти от палева.Так что судите сами.Возможно он действительно не регистрировал свой номер, но пусть это проверят.
0
Latyshka
2015-02-13 09:29:21
Кстати, у меня много знакомых,которые знают Санжара и Канжара, но никто не говорил плохого о них. Они многим помогали, и были очень простыми.И обычно убивают тех, у кого больше информации и власти, чтобы не палиться.Короче когда-нибудь правда откроется ВСЕМ!!!
-1
bopos
2015-02-13 15:37:20
кыргызстанда жакында эле башталды го сим картаны паспорт менен каттаган.мен аны жактаган жокмун реалдуу корунушту айттым.чынында бизде сим карта эле эмес андан чон документтерге акча толоп жумуш бутуруп жатышпайбы.
0
carnivore91
2015-02-13 19:16:44
мумкун азыр 21 кылым баарын кылса болот ал деген просто потстава болгон бул жерде ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2015-02-13 19:23:13
carnivore91, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эсиңизде болсун!
0
№ 640, 6-февраль-12-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан