«ДАӉАЗАЛУУ КЫЛЫМДЫН» ЖЫЛДЫЗДАРЫНАН ЖАӉЫЛЫК

Көпчүлүгүбүз «Даӊазалуу кылым» сериалы менен ооруп калбадык беле. Тасманын популярдуулугун ушундан билиӊиз, айылга барсаӊыз ар бир айылдын Сүмбүлү, Хюрреми, султан Сулейманы бар. Кала берсе концерттердин аталышы да «Даӊазалуу кылым» болуп кетпедиби. Бүгүнкү макалада популярдуулугу артып келген «Даӊазалуу кылымдын» актёрлорунун жашоосундагы сиз билбеген кызыктарын алып чыкканга аракет кылдык.

МЕРЬЕМ УЗЕРЛИ МУРАТ ЙЫЛДЫРЫМ МЕНЕН БИР ТАСМАДА
Хюррем султандын ролу аркылуу миллиондогон күйөрмандарды топтогон актриса Мерьем Узерли «Даӊазалуу кылым» сериалынан күтүүсүз кеткенден кийин бир да тасмага тартыла элек болчу. Өтүп кеткен жылдын аягында актриса жаӊы романтикалык сериалга тартыларын кабарлады. Ал эми жакында эле актрисанын тасмадагы өнөктөшү Мурат Йылдырым болору белгилүү болду. Белгилей кетсек, репортёрлор «актрисанын тасмадагы өнөктөшү Бурак Өзчивит же Кыванч Татлытуг болуп калышы мүмкүн» деген божомолдорду айтып жүрүшкөн. Бирок Мерьемдин сүйүктүүсүнүн ролун аткаруу түрктөрдүн дагы бир «красавчик» актёру Мурат Йылдырымга буюруптур. Кошумчалай кетсек, бул актрисанын акыркы жаӊылыктары эмес.
Өткөн жылдын аягында түрк папараццичилери Мерьемди «Даӊазалуу кылым» сериалындагы Рүстөм пашанын ролун ойногон актёр Озан Гювен менен кучакташып көчөдө баратканын тартып алышкан. Папараццичилердин чырагына май тамызып актриса инстаграмдагы баракчасына Озан менен түшкөн сүрөттөрүн жүктөп, «аны сүйөм» деп жазып калтырган. Көп өтпөй Озан Гювен «Мерьемди карындашымдай эле көрөм, ортобузда сүйүү мамилеси жок» деп актанганга жетишти.

БАЛИ БЕЙ МЕНЕН ФЕРИДЕ КЫЗ-ЖИГИТ
Көпчүлүккө «Даӊазалуу кылым» сериалындагы Бали бейдин ролу менен таанылган түрк актёру Бурак Өзчивит кийин сулуу актриса Фахрийе Эвжен менен даӊазалуу «Боз торгой» тасмасында тартылбады беле. Эми жакында экөө кыз-жигит экенин актёр ачыктады. Буга чейин түрк басылмалары «Боз торгой» сериалынын баш каармандары Кямран менен Фериденин образдарын жараткан актёрлорду чогуу тамактанып, чогуу эс алып жүргөн жеринен тартып алып, «Бурак менен Фахрийе кыз-жигитпи?» деген суроолуу макалалардын санын көбөйтүшкөн эле. Мындай кептер Бурак экс-сүйүктүүсү, модель Жейлан Чапа менен эки айрым жолго түшкөндө эле айтыла баштаган.
Жыл бою эки атактуу тууралуу айтылып жүргөн уу-дуу кептерге чекит коюп, Бурак Өзчивит өзү продюсерлик кылган «Сага окшош сүйүү» тасмасынын бет ачарында «Фахрийе экөөбүз башында мамилебизди ачыкка чыгаргыбыз келген эмес. Эл көчөдө жетелешкенибизди көрсө, убактысынан эрте билинип калабы деп кооптондук. Баарын кинонун бет ачарында айталы дегенбиз. Кинонун бет ачары биздин мамилебиздин жакшы башталышы болду» деп камдап жүргөн жаӊылыгын ачыкка чыгарды. Бурак «Сага окшош сүйүү» тасмасынын аталышы атайын Фахрийеге ылайыкталып коюлганын билдирди.
Айта кетсек, актёр продюсерлик кылган тасмада да Фахрийе менен Бурак сүйүктүүлөрдүн ролун жаратышкан. Ал эми Өзчивиттин экс-сүйүктүүсү Жейлан Чапа да жөн отурбай, башка жигит таап, учурда үлпөт тоюна камылга көрүп жүргөн убагы.

МИХРИМАХ НАРИСТЕ ЖЫТЫНА МАС
«Даӊазалуу кылым» сериалынын дагы бир жылдызы, падышанын алтын чачтуу кызы Михримахтын ролун аткарган актриса Пелин Карахан 27-декабрь күнү көз жарып, уулдуу болгон. Актриса ымыркай төрөлө электе эле Али Демир деген ысымды ыйгарарын айткан. Учурда наристе жытына мас болуп жүргөн актриса киного тартылууну артка жылдырып, жакынкы
жарым жылды уулу менен өткөрөрүн билдирди. Белгилей кетсек, Пелин 2014-жылдын июнь айында түрк ишкери Бедри Гүнтайга турмушка чыгып, дүркүрөтө үлпөт тоюн беришкен. Тойдо Пелиндин курбусу болуп «Даӊазалуу кылымдагы» кесиптеши Нур Феттахоглу (Махидевран) чыкса, ал эми үлпөт гүлүн Арас Булут Ийнемли (шахзаада Баязид) кармап алып, актрисанын үлпөт тою түрк басылмаларынын башкы жаӊылыгына айланган.

ХАТИЖЕ СУЛТАН ТУРМУШКА ЧЫГАТ
Хатиже султандын образын жараткан актриса Сельма Эргеч бир жарым жылдан бери кыз-жигит болуп жүргөн сүйүктүүсү Жан Өзгө турмушка чыгат. Назик, сымбаты келишкен актриса учурда ойноп жаткан сериалы соӊуна чыкса эле той түйшүгү менен алек болорун билдирген. 36 жаштагы Сельма менен 33 жаштагы Жандын үлпөт тою адабият жана кино дүйнөсүнүн атактууларын бир чөйрөгө чогултары бышык. Эргеч той көйнөгүн тандап койгондугу да айтылууда. Эске салсак, Сельманын болочоктогу жолдошу Жан Түркиядагы ири интернет басылмасын иштетет.


Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
peri-jan
2015-02-09 16:10:41
Бали Бейдин суйлошкон кызы болчу, ушул кино тпртылганга чейин, девушкасы кызганып жатат деп окуган элем Феридеден
0
murat88
2015-02-09 17:48:11
Хатиче Ибрагим пашага эле турмушка чыкчы
+2
Sweet-Lika
2015-02-10 03:34:58
murat88, жардыңыз го))))
+1
ALMAAAN
2015-02-09 19:11:46
Ушул киного эч еле кызыкпадымда.
0
Sweet-Lika
2015-02-10 03:36:34
ALMAAAN, мен да анча кызыкпаган элем.
Анан өткөндө "көрүп коеюнчу))" деп Кинозалды кыдырып, тинтип таппай койдум. Админдер жооп берип койсоңор...өчүрүлгөнбү сериал?
0
admin_superstan
2015-02-10 10:38:55
Sweet-Lika, саламатсызбы!
Кыргыз тасмаларын өнүктүрүү максатында Кинозалдан бардык чет элдик тасмалар алынган.
0
Sweet-Lika
2015-02-10 12:25:55
admin_superstan, түшүнүктүү, рахмат.
0
sema.kgz
2015-02-09 21:34:35
Тушунуксуз кино,жомок эле
-1
kg.sity93
2015-02-10 00:52:58
Ибрагим мерием узерли эле жагат мага..
0
Sayragul
2015-02-10 11:59:07
Мурат Йылдырым Саваш болуп аткарып, элдин эсинде калып, баарыбыз жакшы коробуз.
0
janko1
2015-02-10 18:19:50
админ. мурат йылдырым тууралууда маалымат бере кетсенер. менин жакшы коргон актёрум)))
0
admin_superstan
2015-02-11 10:32:28
janko1, саламатсызбы!

Ал актёр тууралуу жазылган:
http://www.super.kg/article/?article=14427
0
Aygul
2015-02-10 23:37:57
Баарынан да Ибрагим Пашанын ролу жакты. Кыйын аткарган.
0
Ayka0696
2015-02-11 09:41:17
Мерьемге ийгилик
+1
janko1
2015-02-11 19:31:17
рахмаат админ.
0
damirbek.seiil
2015-02-13 13:24:35
Ибрагимдин,Хурремди,Бали бейдин аткарган рольдору жагат мага сонун аткарышкан.Бали бейди суйомда суйом.
0
EdikoKG
2015-02-14 14:45:31
Хурремди кекиртектен алып,бууп койо турган айым. Кинодо)))
0
Maksat.1985
2015-02-15 00:32:01
Айылдагы кайын энелер ушул кинодон кийин келиндерине жасаган мамилеси озгоро баштаптыр.80 пайызы.чота апаман байкап калдым.(тамаша)
0
batma200294
2015-02-16 00:15:00
Кинодо Ибрагим пашаны олтурткондон кийин кино жакпай калды,суз.Бали бей менен Нигар экоо жагат мага ,аябай жылдыздуу
0
Faina
2015-03-02 00:37:27
Мустафаны олтургону аянычтуу,мага Баяизд жагат.
0
№ 640, 6-февраль-12-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан