ЭРКИН ТУУЛГАН КҮНҮН КАЙРЫМДУУЛУККА БАГЫШТАДЫ

Адатта белгилүүлөр туулган күнүн жакын санаалаштарынын курчоосунда кучак толо роза, шаан-шөкөт менен тосушат. «2014-жылдын ТВ персонасы» Эркин
Рыскулбеков
алардан айырмаланып, өздүк майрамын пайдалуу иш менен айкалыштырды. Дегенибиз, алып баруучу туулган күнүнө бир күн калганда «Туулган күн – бул балалыктын майрамы. «Мени куттуктап койгула» деп кээде гана айтчумун, бирок бул жолу сурангым келип турат. Достор, 0772 00 20 15 номерине бирдик салып, мени туулган күнүм менен куттуктагылачы! Бул номерге түшкөн акча онкологиялык оорудан жабыркаган Арстандын дарылоосуна сарпталат» деген билдирүүсүн интернет баракчасына жазып калтырган.
Бул тууралуу алып баруучунун өзүнө кайрылганыбызда: «Кайрымдуулук кылуунун аябай өтүмдүү жолун таптым, өзүмө чалып «ошол номерге бирдик салып койдук» дегендер болду. Эгер Арстан чогулган акча менен дарыланып айыгып кетсе, бул туулган күн мен үчүн эӊ сонун өткөн майрамдардан болуп калат»,- дейт. Кайрымдуулук кылуунун өзгөчө жолун ойлоп тапкан Эркинге баракелде демекчибиз!

"Туулган күнүмдө досторум кафеге чакырышканынан барсам, менин сүрөтүм түшүрүлгөн футболка кийип тосуп алышты. Мен үчүн күтүүсүз сюрприз болду".

 

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
bossmos7
2015-02-09 12:33:25
Эркин Рыскулбеков начар алып барат. Орусчаалап корсотууну алып барганын коруп ! Кыжаалат гана болом!
0
Apsi
2015-02-09 14:55:16
bossmos7,кеп жаман же жакшы алып барат деген соз болгон жокко ботом?
+2
Aselina_kg
2015-02-09 16:44:35
Таланттуу алып баруучу.Азамат!Кылган ишинен Алла ыраазы болсун!
0
jass
2015-02-10 00:17:01
башкысы ниети жакшы экен,алла ыраазы болсун.
0
Bakulya79
2015-02-10 01:05:09
Али жаш.келечеги астыда дегендей.
0
Ariet7
2015-02-10 03:56:13
Азамат аябай жакшы мые ты иш кылыптыр
0
Ariet7
2015-02-10 03:58:01
Азамат мыкты
0
kaducha-luk
2015-02-10 09:18:45
Кылган ишинизден АЛЛАХ ыраазы болсун. Аллах да сизге жар болсун Эркин байке
0
ALIK-BRO
2015-02-10 17:32:16
Эн сонун азамат Эркин мыкты ой. Алла разы болсун. Баракелде!
0
№ 640, 6-февраль-12-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан