Акыркы жылдары эл аралык сынактарга Кыргызстандын атынан калыс болуп байма-бай барып жүргөн Айчүрөк Иманалиева апрелде Санкт-Петербург шаарында өтө турган «Baltiс super star» сынагына калыстык кыларын кабарлады. Аталган сынакка өлкөбүздүн атынан Бек Исраилов, Ислам Акматов, Адилет Азимовдор барышмакчы. Андан сырткары Айчүрөк айым арт-студия ачканын кошумчалай кетти.
«Буга чейин ар кайсы имаратты ижарага алып жүдөп эле жүрчүмүн, эми өзүмдүн карамагымдагы мекемеде каалагандай иштей берсем болот. Буюрса, «Айчүрөк» эстрада театрын жандантып, окуучуларды таптап өстүрүп, чет өлкөгө алып чыгам»,- дейт сүйүнгөн ырчы.