(Башталышы өткөн сандарда)
Бийлер дөӊдө. Алар да майдандан көз алышпайт. Насирдин бек ат ойнотуп турган элеттин азаматына аваз кылып жатты.
– Ана! Тага! Бизге көк бөрү таштаган азаматтын өзү! Ана!..
«Эр чыкпаса баатырдын байгесин чыгарсын дешет аксакалдар» деп чаап келген жигитти токтотуп койду Абил. «Шашылбайлы. Эр чыкканча шашылып, байгесин өзүлөрү алып койду дешет»...
Абил бийдин да көӊүлү жылып турду. Бекназар баатыр кыйкырык сайын оштонуп, кара кашка аргымакты кош аяктата тик тургузуп, майданда чимирилте чаап жүрдү. Ушунун өзү бөтөндүн көзүнө сүр болуп, өзүнө ариет жалгап, зоболосун көтөрүп жатты.
Аштын тамашасын Абил бий Насирдин бекке башкарткан болчу. Ошондуктан ага кайрылды:
– Жиеним... Биздин баатырга диттеп киши чыга албады. Не дегейсиз?
Булардын кебин бектин жан жигит баатыр башы Ташкалле бөлүп кетти. Кокондун, Маргалаӊдын чебинде бекерчиликтен урушарга киши таппай, чатак издеп, чайкана кыдырып наша тартып мас болуп, ар кимге кылыч тап кылып, ызылдап качкан кишинин артынан каткырып басып жүрчү. Ким кой дейт? Ташкалле хазрети хандын тун уулу Насирдин бек мырзанын эрке жигити. Күрөштө, мушташта өз чөйрөсүндө буга теӊ чыкчу эмес. Нечен жылдан бери жаш мырзасына караштуу сыпайларды кылыч ыгына машыктырып жүргөн устаты болчу. Андыктан бүгүн элеттин боз башынын эрөөлгө өзүнөн мурда чыгып, ат ойнотуп турушуна ал чыдай албады.
– Жигит пири Шаймардан колдосун, Ташмат баатыр... Оминь!
Ушул сөз менен кошо Насирдин бектин көзүндөгү бейпил аваз жоголуп, кооптуу ойноктоп, эрөөл майданга жалт этти. Ташкалле жулунуп жөнөп берди.
– Йе, бул не?.. Ызырынып чыкты да?
Ушуну менен жанагы бейпилдик түгөндү. Сыпайлар бүт атка чуркап, корккон, табалаган сөздөр чегинен ашып, камышка тийген өрт болуп чатырап кетти.
– Ой, турасыӊарбы? Башыӊар дарбыз болуп колуӊарга түшкөндө ойгоносуӊарбы?
– Кокуй! Минтип жоон саптуу камчы албай келип отурганда... Бу кокуйлар кокуйду салат көрүнөт!..
Бир тарапта Насирдин бектин жигиттери, бир тарапта жардаган элет... Жылчыксыз аска болуп, тымтырс тирелип калышты. Ушул тапта бир да жумуру баштын оюна тиги биринин ажалын бири колуна кармап бетме-бет келаткан эки жигиттин каны, кырчын өмүрү келбеди. Эски кек, өткөн өктө тартып, эки жакты бирдей тымызын каршыктырып, көкүтүп турду.
О Теӊир, намысты кетирбе! Сакалы белине түшкөн карысын да, айрымачта отурган жашын да жалпы мүдөө, самоо жетектеп жатты. Намыс! Ушу сөз ортого ташталып калган жерде көчмөндөр көк мелжиген чеп болуп туруп беришет.
Майдандан көз албай, улам обдулуп ат үстүнөн тура калып, муундары титиреп чыйпылыкташып турган эл чур дей түштү.
– А-ий! Кайран жигит! Бу кимиси болуп кетти, садагаӊ кетейиндер?!
Шыбыраган үндөр тып басылып, дүйнө өлүк жаткан үйдөй шырп этпей калды. Улуу кубаныч менен коркунуч кылтылдап кыл таразага түштү. Ким? Кимиси?..
Боз топуракта эрдин башы тоголонуп жатты. Ошол учурда экинчи баатырдын колундагы кандуу кылыч көккө ыргыды. Бекназар!
Эл жеӊген жигиттин алдын утурлап, селдей дүӊгүрөп агыла жөнөдү.
(Уландысы кийинки сандарда)