«Атанын кадыры болот» деген сөзгө маани бербептирмин. Чоӊ атамдын колунда чоӊойгонум менен, эркелигимден тарбия деле албадым. Айткан акылын, көрсөткөн жолун уксам да укмаксан, көрсөм да көрмөксөн болуп койчумун. «Балалык кылган экем, ээ» деп башымды урууга акым жок. Акыл угуп, жол тандаар убагымда айылды башыма көтөрүп, тентектикти болушунча кылдым. Өзүмдөн кичине балдарды токмоктоп, ал аз келгенсип далай ирет мугалимдерди да тилдедим. Анын айынан чоӊ атам жарыктык улуу башын кичүү кылып мугалимдердин алдынан өттү. Акылсыз уулу үчүн далай ирет кечирим сурады.
– Уулуӊуз канчанчы ирет тартип бузуп жатат. Катуураак кармабайсызбы?!
– Жарыгым, кечирип койгула. Тентектик кылган тура...
– Сиздей кишинин уулу да ушундай болобу?
– Балам эми андай кылбайт,- деп турганда, ка-ап...Ары жактан дагы бири зиркилдеп чыкчу.
– Кайсы ата-эне уулун ушинтип тарбияласын?! Бала үйдөгүсүн кылат да. Аксакал, уулуӊузга тарбия бересизби?
Чоӊ атам сот алдында сурак берип жаткандай туюлчу.
– Кечирип койгула, кагылайындар. Уулум эми тентектик кылбайт. Жаштык кылып жатпайбы...
Чоӊ атам минтип жалынып-жалбарып бүтпөдү же мен токтолгон жокмун. Үйгө келгенде акыл-насаатын айтуудан тажачу эмес.
– Кулунум, сен эр жетип калдыӊ. Атаӊды уятка калтыра бересиӊби?- дегенде үн катпай кутулчумун.
– Ээ, балам, атаӊ барда эл тааны, атыӊ барда жер тааны. Оку, билим ал.
– Окубайм.
– Кантет?! Анткениӊ жакшы эмес.
– Окубайм дедимби, окубайм!- деп короӊдоп басып кетчүмүн.
– Кулунум, сен эми жаш эмессиӊ да, 18ге толгону турасыӊ. Заман билимдүүнүкү. Чоӊ окуу жайга тапшыртам. Сен тартиптүү бол. Классташтарыӊа, мугалимдериӊе сый мамиле жаса,- деп көп кайталачу. Атамдын сөзү абага калкып кеткени болбосо, акылыма кирчү эмес. Үйрөнгөн адат калмак беле? Өзүмдү токтото албай ичимдик ичип, тамеки чеккеним күчөй берди. Чоӊ атам болсо мен үчүн көрүнгөн ата-эненин алдында кечирим сурап бүтпөй койду. Досторум менен коӊшу айылдарга кыздарга барабыз. Короодон койду көрсөтпөй сатып болушунча шапар тебебиз. Мен үчүн ушул нерсе гана кызык. Ушундай күндөрдүн биринде төмөнкү айылдагы өзүмдөн улуу кыздын апасы үйгө кыйкырып келди.
– Балаӊарды башкарып албайсыӊарбы, бул балабы же балээби?!
– Эмне болду түшүндүрчү, бай болгур?..
– Эмне болмок эле? Баласын билип туруп, эмне болду деп турганын. Кызымды бузуп, боюнда кылып отурат балаӊар. Эмне болду деп коёт! Түз эле милицияга барайын дедим. Бирок сиздин сакалыӊызды сыйлап келдим.
Милиция деген сөз чоӊ атама алдында ажал тургандай туюлду өӊдөнөт.
– Макул, келин кылып алабыз,- дей салбаспы.
Ошентип 11-классымда өзүмдөн улуу кызга үйлөндүм.
– Бузулган кызды алды.
– Аны менен мен да болгом.
– Ии, аны менен болбогон эркек барбы?
Балдардын, айылдын темасына айландым. Күндө ичем. Үйдө жаӊжал. Мектепти биротоло жыйыштырдым. Жубайымды «кет!» деп сабайм. Ал чырылдайт. Ошентип жүргөнүмдө чоӊ атам кейип, кайгырып, кан басымы көтөрүлүп о дүйнөгө кете берди. Берекенин баары атамда экен. Аркасынан көп узабай энем кайтыш болду. Короо толгон кой, үйүр толгон жылкы өзүнөн-өзү жок болду. Үйдүн куту, берекеси качты. Келинчегимди сабап жүрүп ай-күнүнө жетпей төрөп, чүрпөбүз чарчап калды. Ортобуздагы от күйбөй эки айрылыш жолго түштүк. Өз ата-энем шаарда тургандыктан, жанына алып келишти. Шаар мени андан бетер бузду. Оюн автоматтары, кумар жайлар, сойкуканалар менин сүйүктүү жайыма айланды. Атам менен апам экөөлөп кылбаганды кылышты. Такыр моюн берген жокмун. Күчөсөм күчөдүм, артка кайтпадым. От менен жалындын арасында жүргөн күндөрдүн биринде атамдын машинасын айдап баратып эки жаш баланы бирдей коюп кеттим. Экөөсү теӊ мерт кетти. «Киши өлтүрдү» деп абакка кесилдим. Мөөнөтүм бүтүп, абактан чыкканыма аз эле болду. Жашоону эмнеден баштаарымды билбей жүрөм. Артка кылчайгым келбейт. Жашоодо баарынын өз орду болот тура. Ата кадырындай кадыр, доор эч кайталанбайт экен. Баарынан да кейигеним, жүрөгүмдүн ооруганы, сакалына жаш тама ыйлаган чоӊ атам, ага кылган кыянаттыгым. Ата, мени кечир...
Эрмек
Султан Төрөбеков
lira@super.kg