ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (9-февралдан 15-февралга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Ишиӊизде бир аз кыйынчылыктар жаралат. Андан оӊой чыгуу үчүн кесиптештериӊиздин жардамына таяныӊыз. Каржы жаатында маселе жаралбашы үчүн акчаны туура бөлүштүрүӊүз. Жеке жашооӊузга өзгөртүү киргизем десеӊиз киришиӊиз, ыӊгайы келип турат. Кээ бир бойдоктордо күтүүсүз таанышуунун аягы сүйүү романына айланышы ыктымал.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Кыйынчылыктарды жеӊе билүү менен ийгиликке жете аласыз. Бирок жалган жалаа аркылуу айыпка тартылып калуу коркунучу бар. Андыктан документтерге, берген отчётторуӊузга так болуӊуз. Жолдо жүрүүдө уурудан сак болууну унутпаӊыз. Шашылыш келген туугандардын ишин бүткөрүп берүү түйшүгү да күтөт. Ал эми жеке жашооӊузда өзгөрүүлөр күтүлбөйт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Документ толтурууда же акча которууда кылдат мамиле жасабасаӊыз, кыйын кырдаал жаралуусу ыктымал. Иште майда бут тосууларга маани бербегениӊиз туура. Ичеги-карында оору жаралбашы үчүн тамак-ашты ылгап жегенге көнгөнүӊүз оӊ. Жеке жашооӊузда мурда маани бербей келген мамилеге башкача карап, ал адам менен жакындашасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Иште жүрөк жылытчу ийгиликтерди күтө бериӊиз. Маселелерди чечүүдө улуулардын кеӊешине таянсаӊыз, натыйжасы жакшы болот. Сүйүктүүӊүздөн кол үзүүнү каалабасаӊыз, эски жараны козгобоӊуз жана орунсуз кызганбаӊыз. Апта аягында тамактан уулануу, суукка урунуу коркунучу жогору экендигин эске алыӊыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта сиз үчүн кызыктуу учурларды камдап турат. Бирде ийгилик коштосо, бирде кылганыӊыздын акыбети кайтпай кейийсиз. Ийгилик жаратыш үчүн кайда болбосун оюӊузду, жаӊы сунуштарыӊызды тартынбастан айтыӊыз. Акча жаатындагы маселенин чечилишине досторуӊуз салым кошот. Апта аягында жүрөгүӊүзгө жакын адам менен сейилге чыкканыӊыз туура.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул аптада күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр жашооӊузду жаӊы нукка бурмакчы. Кээ бирөөлөр тааныштарынын колдоосу менен ишин алмаштырып, жаӊы кесиптештерин табышат. Жалгыз бойлор эл арасында көбүрөөк болуп, түгөйүн жолуктурууга аракет жасаса, жыйынтык чыгат. Өзүм билемдик менен дары-дармек колдонбоӊуз, аллергияга кабылууӊуз ыктымал.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын башында өзүӊүздү чарчаӊкы сезип, маанайыӊыз чөгөт. Буга таза абада сейилдөө, жакшылап уктоо даба болорун эске алыӊыз. Апта ортосунда ойлоп жүргөн буюмуӊузду сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Үйдөгүлөр менен кошо конокко барышыӊыз мүмкүн. Апта соӊунда алыстагы достордун бирине шашылыш иштер менен барып келүүӊүз күтүлүүдө.

ЧАЯН (24.10-22.11)
«Алма быш, оозума түш» деген бул аптага ылайык эмес. Иште ийгилик жаратам деп жакындарыӊызды унутта калтырбаӊыз. Апта ортосунда айрым аракеттериӊиз купулга толбой, жетекчилик нааразылыгын айтышы мүмкүн. Абал курчубашы үчүн айтышпаганыӊыз оӊ. Аптанын акырында сиз эӊсегендей жакшы адамдар менен таанышып, чөйрөӊүз кеӊейет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Ишке орношо албай жүргөндөргө ийгилик кушу жылмайып, маянасы көп ишке кириши ыктымал. Жаӊы дос күтүүдө абайлабасаӊыз, кийинчерээк кесепетин тийгизет. Ал эми жеке жашоодо оор кырдаал жаралат. Жүрөгүӊүздүн ээсинен ажырап калбоо үчүн башкаларга карата азгырык сезимдериӊизди тыйыӊыз. Жылдыздар аласа-береселерди такташуу мезгили келгенин эскертишет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Иште айтылган сындарды жана кеӊештерди туура кабыл алып, учурунда абалды оӊдоп кетүүгө аракеттенүү зарыл. Унаанын бузулганынан же жол тыгынынан улам маанилүү жолугушууга кечигүүӊүз ыктымал. Орточо өлчөмдөгү кирешенин түшүшү күтүлүүдө. Көӊүлгө жага бербеген нерселерди алгыча акчаӊызды топтоп, чоӊ буюм сатып алууну көздөӊүз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада чечкиндүү жана жигердүү кадам таштасаӊыз, оюӊуз ордунан чыгат. Жуманын ортосунда убакытты көӊүл ачууга кетирсеӊиз, маанилүү нерседен куру каласыз. Чала тааныш адамдан кандайдыр бир сунуш түшөт, жеке коопсуздугуӊуз үчүн баш тартыӊыз. Дем алышта чалкалап жатпай, балдарга берген убадаларды аткарууӊуз зарыл.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Өнөктөштөр тараптан келишим бузуулар болуп, иштериӊиз аксашы ыктымал. Ага карабастан жыйынтык жакшы болоруна ишене бериӊиз. Сезимдерди билдирүүгө, баш кошууга аптанын ортосу ыӊгайлуу дешет жылдыздар. Жакын адамыӊыз жаӊы идеяӊызды колдоого алат. Ашыкча салмактан арылууну көздөгөндөр диетага отуруп, спортко жакын болуулары кажет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 640, 6-февраль-12-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан