«Дарыгерлердин айынан жакыным майып болуп калды, каза болуп калды» деген арыздануулар акыркы убакта өтө эле көбөйүп бараткандай. Эмне үчүн дарыгерлерге нааразы болгондор көп? Буга себеп бул кесиптин ээлеринин кээ бирлеринин өз ишин жакшы билбегендигиби, шалаакылыгыбы же бейтаптардын кайдигерлигиби?
АДАШЫП СОО КӨЗГӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАШТЫБЫ?
Үстүбүздөгү жылдын 10-февраль күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБине Талас облусунун Бакай-Ата районунун 1976-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында «9 жаштагы баламдын сол көзү ооруганына байланыштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун офтальмология бөлүмүнө алып келгем. Баламды текшерген дарыгерлер анын сол көзүнө операция жасоо керектигин айтышкан. Бирок врачтар оорулуу көзгө эмес, оорубаган оӊ көзүнө операция жасап салышкан" деп билдирген. Орган кызматкерлери бул иш соттук-медициналык экспертизага жиберилгенин, анын жыйынтыгынын негизинде кылмыш иши козголорун айтышты.
Ошондой эле 2007-жылы да Ош облусунун Ноокат районунун ооруканасында 41 ымыркайга дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ВИЧ илдети жугуп, чоӊ чыр болгон эле.ООРУЛУУГА ӨЗҮ ИШТЕГЕН ФИРМАНЫН ДАРЫСЫН САТКАН
Ош шаарынын тургуну Гүлдана Бердигуловада 2011-жылы кургак учуктун белгилери пайда болуп, ал Ош шаардык Кургак учукка каршы күрөшүү аймактык бейтапканасына барып Анара Акматова аттуу дарыгерге көрүнгөн. Оорулуунун суранычы менен дарыгер аны үйүндө эле дарылоого макул болот. Гүлдана айымдын айтуусунда, дарылоо курсу башталгандан 6 ай өткөн соӊ дагы текшерилип, оорусу күчөп кеткенин билген. Гүлдана Бердигулова «Дарыгер Анара Акматова мага кургак учукка каршы дарыларды бербестен, өзү иштеп жаткан «Ипар» фирмасынын күчтүү дарыларын берип жүргөн экен. Алар оорума жардамын тийгизбей, кайра терс таасир этти» деген. Ал эми Гүлдана айымды кийин дарылап баштаган Ош облусундагы тубдиспансердин дарыгери Козубай Жолдошев «Гүлдана Бердигулованын оорусу бир өпкөсүнүн экинчи бөлүгүнө тарап, күчөп кеткен. Бул амбулатордук дарылоо начар болгондугунан, дарыгер жакшы дарылабай же туура эмес дарылап койгондон болгон. 2013-жылдан бери көп дары таасир этпеген формасына өтүп кетиптир. Азыр кургак учук боюнча 1-топтогу майып болуп калды. Абалы оор, жылыш жок»,- деп жооп берген эле.
Гүлдана Бердигулованын тагдыры ЖКда да каралган. Аны бул абалга салган дарыгер Анара Акматованын ишин Саламаттыкты сактоо министрлиги түзгөн комиссия карап чыккан. Бирок дарыгерге эч кандай чара көрүлгөн эмес.АЛЛЕРГИЯНЫ КЫЗАМЫК ДЕП ДАРЫЛАШЫП...
Рыскелди Садыбакас уулу ооруп калып, 2015-жылы 6-январда дарыканадан терафлю дарысын алган. Эртеӊ менен бирин, түштөн кийин экинчисин ичкен соӊ көздөрү кызарып, мурдунан кан агып, денесине кызыл чекиттер пайда боло баштаганын байкаган. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылып, ал жерден Рыскелдини кызамыкка каршы дарылай башташкан. Бирок анын абалы оорлошуп, бети-башын жара басып, териси сыйрылып түшүп калган. Кийин ага лайелла синдрому (аллергиялык оорунун оор варианты) деген диагноз коюшат. Кийин Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө которушкан. Рыскелдинин туугандары анын мындай абалга түшүп калышына дарыгерлер күнөөлүү дешүүдө. Ал эми жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева мындай абалга туш болушуна Рыскелдинин туура эмес дары ичип алышы себепчи дейт:
– Рыскелди декабрдын акыркы күндөрү эле кызамык оорусун жуктуруп алган. Анын дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, көзү кызарып баштайт. Сасык тумоо болуп калдым деп ойлоп терафлю дарысын ичип алган. Кандай гана антибиотик болбосун кызамыкты күчөтүп жиберет. Дарынын жыйынтыгы жигитти лайелла оорусуна алып барды.
Рыскелдинин туугандары бул окуя боюнча укук коргоо органдарына кайрылышкан эмес.КОМАДАГЫ БАЛАНЫ ООРУКАНАДАН ЧЫГАРЫП САЛЫШКАН
Кара-Балта шаарынын тургуну Советбек Наралиев 10 жаштагы уулу 3 айдан бери комада жатканын айтат.
-Уулум 10 жаштагы Арген Аскарбеков 6-октябрда «ичим ооруп жатат» дегенинен апам Жайыл райондук ооруканасына алып барыптыр. Ал жактан дарыгерлер «сокур ичеги экен, шашылыш операция жасабасак жарылып кетиши мүмкүн» деп баланы эртеӊ мененки 10до операцияга алып кирип кетишкен боюнча кечки саат 4кө чейин туугандарыбызга көрсөтпөй коюшуптур. 7-октябрь күнү уулумду Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жеткирдик. Ал жерде 27 күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. 3 ай өткөн соӊ анестезиолог Эльдар деген жигитке барып, «ачыгын айт» деп сурансак ал «эки жолу наркоз алып, эки жолу союлганына байланыштуу балаӊар ушундай акыбалга келип калды» деди. Аргенди ооруканадан чыгарып коюшкан, ал дагы эле эсине келе элек.
Аргенге операция жасаган дарыгерлер окуядан соӊ өз ыктыярлары менен арыз жазып жумуштан чыгып кетишкен. Бул иш боюнча Жайыл
РИИБинин кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул окуяга тийиштүү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы дале чыга элек.
Дарыгерлердин үстүнөн нааразы болуп биздин редакциябызга кайрылгандардын көптүгүнөн улам алардын баарын гезит бетине батыра албадык. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлигине врачтардын үстүнөн кандай арыздануулар түшөрү, алардын саны жылына канчага жетери жана андай врачтарга кандай чаралар көрүлөрүн сурап, аталган министрликке кайрылганбыз. Бирок бул суроого жооп берчү министрликтин тиешелүү кызматкерлерине күнүгө чалып отуруп алдыра албадык.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg