ООГАН АРДАГЕРЛЕРИ ЭСКЕРЕТ. «СОГУШТАН СОӉ 10 ЖЫЛ ЭЛГЕ АРАЛАША АЛБАЙ ЖҮРДҮМ»

«Согуштун эч кимге кереги жок. Анда жеӊген тарап да, жеӊилген тарап да болбойт экен. Бул мааниси жок эле адам өлтүрүү». Ооган согушунун ардагери Шайымбет агайдын үшкүрүк аралашкан бул сөзүнө макул болбой коё албайсыӊ. Кан күйгөн ал согуштун аяктаганына быйыл туура 26 жыл болот. Биз күлгүндөй жаш курагында согуш алааматын көрүп, жаштыгынын бир бөлүгүн курал кармап, ажал менен тирешип өткөргөн агаларыбыздын эскерүүлөрүн уктук.

«БААРЫНА КӨНӨСҮӉ, БИРОК АДАМ ӨЛҮМҮНӨ КӨНҮҮ МҮМКҮН ЭМЕС»
Сайфуддин Азизов, запастагы полковник, Ооган согушунун ардагери. Учурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аба чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн башкы усулчусу:
– Мен Саратов учкучтар жогорку окуу жайын 1981-жылы аяктадым. Ошол эле жылы Закавказ аскердик округунун өзүнчө тик учак полкуна учкуч-штурман катары кызмат өтөй баштадым. 1983-жылы биздин полктон бир эскадрильяны
Ооганстандын Кундуз шаарына жөнөтүштү. Бир жыл учкучтук милдетимди аткарып жүрдүм. Экинчи ирет 1985-жылы кайрадан бардым, бул жолу Кандагар шаарында ага учкуч болдум.
Биринчи жолу Ооганга барганда 22 жашта элем. Албетте, коркуу болду. Жумушубуз абдан көп. Айрыкча биз башкарган МИ-8 тик учагына оголе көп жумуш табыла берчү. Эс алганга да убакыт табылбай калар эле. Бирок ага деле көндүк.
Согуштук операцияларга көп жолу бардым. Алгач 1983-жылы Мазари-Шариф шаарында туткунда калган 19 нефть иштетүүчүнү куткаруу операциясына катыштым. Алдыда жүрүүчү тик учакты душмандар атып түшүрүштү. Биз аскердик колоннаны коштоп бара жаткан элек. Унаалардан секирип түшүп бараткан балдарга ок жаап, алардын мерт болуп жаткандыгы азыр деле көз алдымда. Согушта баарына көнөсүӊ, бирок адам өлүмүнө көнө албайт экенсиӊ. Өлүм деген өлүм тура.
Мен өзүм да ар кандай окуяга кабылдым. Эки ирет башкарып бара жаткан тик учактын кыймылдаткычына ок тийип, конууга аргасыз болдум. Ал кезде өлүм тууралуу ойлобойт экенсиӊ. Тезирээк чара көрүш керек болот, тик учактагы адамдардын өмүрүн сактап калайын дейсиӊ. Анан окуя бүткөндөн кийин ажал канчалык жакын келгенин элестетесиӊ. Бир ирет көз алдымда досум башкарган, ичинде 16 жоокери бар тик учак жарылып кетти. Эч нерсеси калбай күйүп, бири да тирүү калган жок.

«ЖУБАЙЫМДЫН КҮТКӨНҮ МЕНИ АМАН АЛЫП КАЛГАН»
– Ошол убакта чынында эле Ооганстанда тынчтык орнотуп жатабыз, интернационалдык милдетти аткарып жатабыз деп ишенчү экенбиз. Советтик тарбия, патриоттуулук укмуштуудай күчтүү болчу. Бирок канчалаган досторубузду жоготтук, канча адам мерт болуп кетти. Эми ошолордун баары жөндөн-жөн эле каза болгон деп кантип айтабыз?! Антип мен айта албайм. Ооганда 35 учкуч досумду жоготтум. Алардын жакындары, ата-энеси дагы эле «балам ыйык милдетин аткарып жүрүп каза тапкан» деп ишенишет. Бирок мен Оогандан чыныгы достукту таптым. Анан, албетте, учкуч катары тажрыйба топтой алдым.
Согуштан бир да жараат албай кайтып келдим. Бул деген ийгилик. Биринчи ирет Ооганга барып, кайра келгенден кийин үйлөнгөм. Анан кийин кайра бардым. Ооганда жүргөндө жоокерлер ырдаган орусча ыр бар эле, анын эки сабы төмөндөгүдөй: «Тысячью невидимых связаны мы нитей, я тебе обязан тем, что я живой». Ушул ыр саптарын келинчегиме айтып, «менин аман калгандыгыма сенин салымыӊ бар. Күттүӊ. Сен күтүп мен аман келдим» деп айтып калам. Анда азыркыдай уюлдук телефон жок. Кат жазышып турчубуз. Кат да кечигип, эки жумада, бир айда келет. Ошондуктан жубайым экөөбүз күнүгө бири-бирибизге кат жазышып турабыз деп сүйлөшүп, каттын акырына кайсы күнү жазылганын кошумчалап койчубуз. 30 жылга чукулдап калды, чогуу жашап келе жатабыз. Жакында чоӊ ата болом. Элибизде тынчтык эле болсунчу.

«ЖАПЖАШ АДАМДАР ОККО УЧКАНДА КЕЙИП КАЛА БЕРДИК»
Шайымбет Каразаков, Ооган согушунун ардагери, офицер, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аба чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн учкуч-инструктору:
– 1980-жылы бала кезимден кыялданып жүргөн Учкучтардын окуу жайына тапшырдым. Бирок орус тилин билбей, окууга өтпөй калдым. Кайра айылыма барып, колхоздо иштеп жүрдүм. Тил үйрөнүш үчүн аскерге барышым керек, учкучтардын окуусуна ошондо өтөм деп ойлогом. 1981-жылдын апрель айында аскерге чакыруу келди. Азыр да эсимде, Оштун райондук аскер комиссариатынын алдында миӊге чукул аскерге барчуларды топтошту. Ошонун баары Ооганга жөнөтүлмөк экен. Аны деле билбептирбиз. Поезд менен Түркмөнстандын Тахта-Базар деген аймагына жеткиришти. Ошол жерде 3 ай болдук. Бир күнү тик учакка салып, Оогандын Баграм аттуу аймагына алып келишти. Ал жерден бир канча кыргыз балдарды Герат деген шаардагы 101-мото-аткычтар полкуна кошушту. Жалаӊ чатырлардан турган шаарчага алып келишкен. Эсимде, ошондо жолдо катар коркуп келгенбиз.
Аз өтпөй жоокерлерди тизип, «айылда трактор айдап жүргөндөр барбы?» дешти. Көрсө, танкист механиктер жетишпей жаткан экен. «Айдап жүргөм» деп танк батальонуна өтүп кеттим. Далай окуялар баштан өттү. Жапжаш жигиттер болор-болбос нерсенин айынан каза таап калышканда ичим ачышып, өкүнүп кетчүмүн. Бир ирет аскердик колоннаны коштоп Гератка баратабыз. Армян улутундагы мектепти жаӊы бүтүп келген бала мага октоп берип туруучу болуп кызмат кылып баштаган. Келгенине 3-4 эле күн болгон. «Башыӊды чыгарба, дарыянын жанынан атышат» деп келе жаткам. Бир убакта аткылап башташты. Күн батып калгандыктан октун жарык изи «салют» сыяктуу болуп көрүнөт. Ошого кызыгып кетти окшойт, башын чыгара калганда эле ок тийди. Башынын бир жагынан кирип, экинчи тарабынан чыгып кетиптир. 5-10 мүнөт эле жашады. Армян тилинде бир нерселерди булдуруктап сүйлөп жатты. Мындайды көрүп эмнеге, кайсы кылыгы үчүн дейсиӊ? Маанисиз өлүм да.
Алайлык Абдылда деген жигит бар эле. Музыкалык окуу жайды бүтүп келген, укмуш ырдачу. Биз аны Рыспай Абдыкадыров деп коёр элек. Мүнөзү да жакшы, таланттуу, өзгөчө адам эле. Бир күнү кароолдо туруп, дарыядан суу алып келе коймокчу болгондо атып кетишиптир. Ошондо баарыбыз ыйладык. Бир үйдүн жалгыз баласы болгон экен. Жакшы адамдар маанисиз, максатсыз эле окко учканда кейип-кепчип кала берет элек.

«СОГУШТА КҮЛКҮЛҮҮ ОКУЯЛАР ДА БОЛДУ»
– Согушта күлкүлүү окуялар да болбой койчу эмес. Бизди танктын ичинен граната ыргыттырып машыктырышчу. Машыктырган командир толмочунан келген, танканын оозунан эптеп батып кирген адам эле. Командир танкта отурат. Гранатанын сүрүнөн көп киши коркот. Бир жоокер ошентип сүрдөп кеткен окшойт. Гранатанын шакекчесин алып ыргытайын дегенде колунан танктын ичине түшүп кетиптир. Шакекче суурулгандан кийин 4 секундда жарылат да. Гранатанын танкка түшүп кеткенин көргөндө ичиндеги баягы толук командирибиз араӊ батчу ооздон учуп эле чыгып жерге жатып калды. А тигил жоокер гранатаны кайра алып тышка ыргытып жибергенге жетишти. Ана-мына жарылат деп жаткан граната сыртка чыгып жерге жата калган командирдин жанына түшсө болобу?! Дагы жакшы, жакын жерде чуӊкур бар экен. Командир ошого кирип кеткенде «дүӊ» эле деди. 4 секунддун ичинде ушундай окуя болуп кеткен. Мунун аягы жаман аяктап калышы мүмкүн болчу. Бирок ошондо аябай күлкү келтирерлик окуядай сезилген.
Мына ушинтип жүрүп Кыргызстанга кайтар да мезгил келди. Чыдамыбыз кетет. Анан Баграмга алып барып самолётко отургузушту. Бирок коркуу сезими кетпейт экен. Учакты атып түшүрбөсө экен деп тиленесиӊ. Аскерде жалаӊ эле Орто Азиядан баргандар менен жүрүп, ойлоп көрсөм, орусча деле үйрөнбөптүрмүн. Бирок келгенден кийин өзүм каалаган Учкучтардын окуу жайын бүтүрдүм. 30 жылга чукулдап калды, тик учакты башкарып, жаштарга да үйрөтүп келе жатам. Согуштан соӊ 10 жылдай адамдарга аралаша албай түнт болуп жүрдүм. Кийин-кийин гана калыбыма келдим.

ООГАН СОГУШУ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ
1979-жылдын 25-декабрында Ооганстанга советтик аскерлер киргизилип, 1989-жылдын 15-февралында чыгарылган. Ушул убакыт ичинде 620 миӊдей советтик офицер, жоокер кызмат өтөп, согушта 15 миӊдей жоокер көз жумуп, 54 миӊи жараат алышкан.
Кыргызстандан да 7141 тургун согушка катышып, душмандын колунан 300дөн ашуун адам каза болсо, 1500 жоокер жараат алып, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Өлкөбүздөн 2 адам Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Алар: Юрий Исламов (каза болгондон кийин сыйланган) жана Сергей Гущин (учурда Орусияда жашайт).

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ооган ардагери: “Көз алдымда 16 жоокерди алып бараткан тик учак күйүп кеткен”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
INailia
2015-02-16 12:57:21
Туура толку жок согуштар.Азыр деле Украина,Сирияда ушундай корунуш!Аллахым тынччылык бер!
0
Zhazgul.toichubekova
2015-02-16 19:18:02
Омурунуздорду берсин...
0
milan_92
2015-02-17 14:06:45
avganistandy kimderden kooruwkan
0
rozka
2015-02-18 10:53:52
Эч кимдин башына салбасын согушту тынч эле жашасак болду
0
jass
2015-02-19 00:01:50
тынчылык эле болсунчу согушту козубуз эч качан корбосун кудай сактасын
0
zaika94
2015-02-21 10:55:05
Avganistan olkosundo SSSR mn AKW soguwkan...azyrky Ukraina sy9ktuu...Avganistan, Ukraina sy9ktuular jon gana oyun4uktar 4on derjavalardyn astynda
0
№ 641, 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан