Күрүч – пайдалуу жана кандай гана тамак болбосун көркүн ача турган азык. Андан ар кандай тамак-аштын түрлөрүн жасоого болот. Палоо күрүч тамактардын падышасы болсо, ошол эле күрүчтөн жасалган быжы, фаршталган калемпир жана капуста, роллы, түрдүү салаттар жана гарнирлер дасторкондун көркүн ачып келет. Бул жолу мына ушул күрүчтөн даярдалчу тамактарды бирге жасайбыз.
ФАРШТАЛГАН КАПУСТА
Керектелүүчү азыктар:
Күрүч – 150 грамм
Капуста – 1 даана
Уй эти – 500 граммСабиз – 2 даана
Пияз – 2 даана
Каймак – 2 аш кашык
Томат пастасы – 3 аш кашык
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Лавр жалбырагы – 3 даана
Татымына жараша кара мурч, туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Капустаны сууга салып, туз кошуп, жумшаргыча кайнатабыз. Жумшарган соӊ калыӊ жерлерин кесип таштап, жалбырактарын айрыбай бирден ажыратып алабыз.
2. Сууга туз салып, күрүчтү чала бышырабыз.
3. Эт менен пиязды эт туурагычтан өткөрүп алыӊыз. Колго туурасак андан да жакшы.
4. Эми муну күрүчкө кошуп, татымына жараша туз, кара мурчту кошуп аралашма даярдайбыз.
5. Капустанын жалбырактарына аралашманы салып, конверт сыяктуу жылчык калтырбай оройбуз.
6. Көмөч казанга май куюп, капустанын бети кызарганча куурабыз. Дагы улантып бышыруу үчүн казанга тизебиз.
7. Сабизди кесек тиштүү сүргүчтөн өткөрүп, кууруп алыӊыз дагы казандагы капустанын үстүнө кошуӊуз. Анын үстүнө томат пастасын, каймакты, татымына жараша туз жана мурч, калемпирди кошуп, капкагын жаап, жай отто 1 саат дымдап коюу керек.
8. Капустанын суусу чыгып бууланып, фаршталган капуста даяр болду.
КЫЗЫЛЧА РИЗОТТОСУ
Керектелүүчү азыктар:
Күрүч – 400 грамм
Кызылча – 2 даана
Уй этинен даярдалган даяр бульон – 2 даана
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Пияз – 1 даана
Катуу сыр – 50 грамм
Петрушка – 1 боо
Татымына жараша туз, калемпир
Даярдоо ыкмасы:
1. Кызылчаны сууга бышырып, муздаган соӊ аарчып, төрт бурчтук кылып туурайбыз. Анын жарымын пюре кылып эзип алыӊыз.
2. Пиязды аарчып, төрт бурчтук кылып туурап, майга куурабыз. Үстүнө жуулган күрүчтү салып майды соруп алгыча кууруӊуз.
3. Кадимки палоого суу куйгандай күрүчтү көмө суу куюп, даяр бульонду салып кайнатабыз. Суу күрүчкө сиӊгенден кийин демдеп коюу керек.
4. Бышкан соӊ кызылча пюресин кошуп, татымына жараша туз, калемпирди сээп аралаштырып, 15 мүнөт капкагын жаап коёбуз. Эми төрт бурчтук тууралган кызылчаны кошуп
аралаштырып, сырды майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп үстүнө сээп коюӊуз. Фантазияӊызга жараша петрушканын талдары менен кооздоп койсоӊуз болот. Кызылча менен күрүч
ризоттосу даяр.
«Чорба» шорпосу
Керектелүүчү азыктар:
Пакистан же Индия күрүчү – 40 грамм
Уй этинен фарш – 300 грамм
Жумуртка – 1 даана
Суу – 1 литр
Ун – 50 грамм
Йогурт – 60 грамм
Пияз – 1 даана
Лимон – 1 даана
Татымына жараша туз, кара мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Пиязды аарчып, туурап, петрушканы да туурап аралаштырабыз. Ага жумуртканын агын бөлүп алып кошобуз. Татымына жараша туз, кара мурчту кошуп аралаштырып, даяр болгон
массадан тоголок шар жасайбыз.
2. Сууга петрушка менен пияздын калганын кошуп, жуулган күрүчтү жана туз салып 30 мүнөт кайнатабыз. Андан соӊ үстүнө шарларды салып бышырабыз.
3. Чуӊкур табакка йогуртту куюп, ага жумуртканын сарысын жана унду кошуп чалабыз.
4. Даяр болгон аралашманы кайнап жаткан шорпонун үстүнө кошуп, дагы 5 мүнөт кайнатуу керек. Коюу тарткан даамдуу «Чорба» шорпосу даяр. Өтө чуӊкур эмес тарелкага куюп, лимонду фантазияӊызга жараша кооздоп кесип, чекесине кыстарасыз дагы, дасторконго коё бересиз. Тамагыӊыздар даамдуу болсун!
ГАРНИР ДАЯРДООНУН НЕГИЗГИ ШАРТТАРЫ
• Күрүч организмде тамак сиӊирүүнү шарттап, крахмал, белок, минералдык азыктар жана витаминдерге бай келет. Күрүчтү сууга бышырып алып жей берген адамдын бети тунук болуп, териси тазаланат. Тамак аттуунун баарына сууга бышкан күрүчтү кошуп жей берген кытай, корей кыздарынын беттери эмнеге тунук болорун эми түшүнсөӊүз керек.
• Күрүчтүн бири-бирине жабышпай чачырап бышышына оӊой гана шарттар керектелет. Бышырарда чаӊын кетирип, 3-4 жолу сууга жууш керек.
• Чачырап бышышы үчүн күрүчтү жөнөкөй сууга же эттин кайнап бышкан шорпосуна бышырышат. Өтө чоӊ казанга көп кылып кайнатуу анын текши бышпай калышына алып келет. Андыктан ченем керек.
• Күрүчтү кайсы идиш менен ченеп салсаӊыз, суу куярда ошол идиш менен 2 эсе көп суу куюу зарыл. Сууну күрүч сиӊирип алган соӊ жай отко 10 мүнөт демдеп коюу керек. Бышкан күрүчтү дуршлагга салып, муздак сууга чайкаӊыз. Антпесе күрүчтөн бөлүнүп чыккан крахмал жабышкак кылып салат.
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg