15-февраль күнү борборубуздагы Арча-Бешик жаӊы конушунда үрөй учурган окуя катталды. 34 жаштагы аял кызын жана 3 жаштагы уулун бычактап өлтүргөн. Өз наристелерин өлтүргөн бул аял психикалык жактан оорулуу экени айтылууда.
«ӨЗҮМДҮ ЖЕӉЕ АЛБАЙ КАЛДЫМ»
Анын оорулуу экендиги суракта берген жоопторунан эле байкалып турду.
– Толук аты-жөнүӊүз...
– Ибраева Амира Асаналиевна.
– Туулган жылыӊыз...
– 1981-жылы, 25-ноябрь, Балыкчы шаары.
– Бишкекте үй-бүлөӊүз менен турасызбы?
– Үй-бүлөм менен турчумун.
– Кимдер бар эле үй-бүлөӊүздөрдө?
– Жолдошум, 2 балам анан өзүм. Улуусу кыз, 4 жашта, Нурайым, кичүүсү уул, аты Чыӊгыз, 2 жашта.
– Мурун соттолдуӊуз беле?
– Жок, соттолгон эмесмин.– Каякта иштечү элеӊиз?
– №44-мектепте. Октябрда сүйлөшүп иштей баштагам.
– Канча болду эле иштегениӊизге?
– 4 ай болду.
– Кайсы сабактан берчү элеӊиз?
– Англис тилден.
– Бишкекте жашаганыӊызга канча болду?
– 2013-жылдын июнубу, июлубу келдик.
– Кайдан келдиӊер эле?
– Канттан келдик.
– Кантта эмне жумуш кылчусуз?
– Ушул, мугалим болуп.
– Жолдошуӊуз каякта иштейт?
– Портер айдайт.
– Шаарда кайсы жерде турчу элеӊиз?
– Биринчи Оренбургскийде турдук. Кийин ооруп калып, мен өзүмө өзүм кол сала баштаганда күйөөм мамамдыкына жеткирип койду. Кийин мен жакшы болуп калганда чогуу жашадык.
– Сиз эмнеге өзүӊүзгө кол салчу элеӊиз?
– Туура эмес тамак жеп алгам, ошондон.
– Эмне тамак жеп алдыӊыз эле?
– Биринчи короз жегем, андан кийин чучук жегем.
– Короз жеп алсаӊыз эле өзүӊүзгө кол саласызбы?
– Болбойт окшойт, Кудайга жакпай калдым окшойт.
– Сиз жумушка кеткенде балдарды ким карачу?
– Биринчи, бешинчи күндөрү жолдошум карачу.
– Балдарыӊызды эмне себептен бычактадыӊыз?
– Мен аларды кирдетип алдым окшойт.
– Кандайча кирдетип?
– Ошо, мага көрүнчү да.
– Эмне көрүнчү эле?
– Ошо, кирдетип алганым көрүнчү.
– Кандайча кирдетип, жакшына түшүндүрүп берсеӊиз?
– Мен ойлоп койсом эле кишилердин жаны чыгып кетчү да.
– Дагы кайсы адамдардын жандары чыгып кетти эле?
– Дагы бир кыздан жаны чыгып кеткен.
– Кошунаӊызбы же ким?
– Жок, бир жолу молдого барсам бир кыз отуруптур да. Аны эмнегедир жакшы көрбөй койгом, жаны чыгып кетти анан. Ошо, Кудайга жакпагандан окшойт.
– Бычакты кайдан алдыӊыз?
– Үйдөгү тамак жасаган эле бычак болчу.
– Биринчи кимди сайдыӊыз?
– Биринчи Нурайымдан баштадым. Аны өзүм кээде уктай албай жатканда ичип жүргөн азалептин деген дарыдан берип уктаттым. Балам болсо ичпей койду.
– Кылган ишиӊизге өкүнөсүзбү?
– Башынан баштап эле өкүнөм. Өкүнгөндө эмне, туура эмес жолду тандап алдым окшойт.
– Мурун ооруканага жатып чыккан эмес белеӊиз?
– Эки жолу жатып чыккам.
– Кайсы жерде?
– Биринчиси 3-оорукана, экинчиси 8би же 9бу, ушундай.
– Эмне болуп жатып чыккансыз?
– Биринчисинде коркуп кеткем. Экинчисинде милициялар балдарымды тартып албасын деп жатып чыккам.
– Эмнеге тартып алабыз дешкен?
– Милициялар чогулуп үйгө келишкен эле, «баласын алалы, бул өлтүрүп алат» деп. Анан балдарымды алып алышпасын деп аларды «балдарымды алсаӊар, мен силерди атам» деп
коркуткам.
– Эмне менен коркуттуӊуз эле?
– Көзүм менен.
– Көзүм менен атам дедиӊизби?
– Ооба, ошентип көзүм соолуп калган.
– Бул кылганыӊызга жолдошуӊуз эмне деди?
– Тилин сунуп койду. Анан ыйлады.
– Балдарыӊызды мурда сабачу белеӊиз?
– Кээде көтөнүнө акырын чаап койчумун. Атасы "тийбе" дечү.
– Энелик мээримиӊизди көрсөтчү белеӊиз?
– Балдарымды жакшы көрчүмүн. Эч ким өлтүрбөсө экен дечүмүн.
– Анда эмне үчүн өзүӊүз өлтүрдүӊүз?
– Дайыма менде эки жол болот. Туура жол, анан туура эмес жол. Мен ошол туура эмес жолдо баратып күнөөкөр болуп, өзүмдү жеӊе албай калдым.
– Сиз өзүӊүздү жеӊе албай калсаӊыз балдарыӊызда эмне күнөө, же аларда да бир нерсе бар беле?
– Балдарыма сезимим болбой калган да.
«ШЕКТҮҮ ПСИХИКАЛЫК ООРУКАНАДА 2 ИРЕТ ДАРЫЛАНЫП ЧЫККАН»Бишкек ШИИБинин басма сөз катчысы Мырзабек Токтосунов окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– 15-февраль күнү күндүзгү саат 11:30дар чамасында нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунун Ойсул-Ата көчөсүндөгү батирлердин биринен киши өлтүрүү болгондугу боюнча маалымат түшкөн. Биздин кызматкерлер аталган дарекке барышканда 4 жаштагы кыз менен 3 жаштагы эркек баланын бычакталган жансыз денеси табылган. Бул кылмышка шектелип балдардын апасы Амира Ибраимова кармалып, ал кылмышын моюнуна алды. Кызына 2, уулуна 6 жолу бычак сайылган. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Кылмышка шектүү деп кармалган аялдын буга чейин психикалык диспансерде 2 ирет жатып, дарыланып чыкканы аныкталды. Акыркы жолу 2014-жылдын апрель айында дарыланып чыккан экен. «Психикалык жактан жабыркаган» деп каттоодо тургандыгы билинди.
Ведомстводон тастыкташкандай, бул үй-бүлө бир райондон экинчи районго такай көчүп тургандыктан, аларды көзөмөлгө алуу Жашы жете элек балдардын иштери боюнча инспекциянын кызматкерлерине оор болгон. Бир ирет балдарды интернатка өткөрүп берүүнү үй-бүлө кожоюнуна айтышкан. Бирок балдардын атасы аларды өзү карай турганын айтып, сунуштан баш тарткан.
«ТЕРС ЖАКТАРЫН КӨРСӨТКӨН ЭМЕС»Психикалык жактан оорулуу болуп каттоодо турган айым кандайча мектепке мугалим болуп жумушка алынган, жумушка алынарда медициналык карточкасы каралган эмеспи деген суроо туулбай койбойт. Буга жооп издеп, борборубуздагы №44-орто мектептин директору Флора Халиловага кайрылдык:
– Амира Ибраимова биздин мектепте англис тили сабагынан мугалим болуп, 4 айдан бери иштеп келген. Бул аралыкта анын эч кандай терс жактары байкалган эмес. Эч кимден ага карата айыптоолор же арыздануулар болгон эмес. Мурда психикалык ооруканада жатып чыкканын деле билбептирбиз, өзүн жакшы эле алып жүрчү.
Учурда орган кызматкерлери Амира Ибраимова иштеген мектептерди текшерип жаткан чагы. "Психикалык жактан жабыркаган" деп каттоодо турган аялды кантип педагог кылып алгандыктарын аныкташууда. Анын мектепте мугалим болуп иштеп калышына тийиштүү жарандар жоопко тартылары айтылууда. Бирок мыйзам боюнча мугалим болуп жумушка кирерде психиатрлардан «оорулуу эмес» деген маалым кат алып келүүсү шарт эмес.
Бул окуядан соӊ мугалимдерди жумушка аларда психикалык жактан соо экендигин аныктоочу маалым кат талап кылуу боюнча маселе өкмөттө карала баштады.
Кылмышка шектүү кандай психикалык оору менен жабыркаган? Эгер коомчулукка коркунуч алып келе турган абалда болсо, эмне үчүн ооруканадан чыгарылган? Мындай суроолорго Республикалык психикалык саламаттык борбору "жабык мекемебиз, андай маалымат бербейбиз" деп кутулууда.
Жаш балдарды зордуктоо, туура эмес дарылап майып кылып алуу, алардын өмүрүнө кол салуу күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бул көрүнүш укук коргоо органдары, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагы оор кризисте турганын кабарлайт. Ошондуктан да өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өкмөт мүчөлөрүнө ММКларга жарыяланган кабарлар, арыздарга олуттуу көӊүл бөлүп, ыкчам чара көрүүнү тапшырды.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg