Рыскул Усубалиев, «Центерранын» ишмердиги боюнча эксперт: «ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨРДҮ КАНАДАЛЫКТАРДАН БАШКАСЫ МЫКТЫ ЧЕЧЕ АЛАРЫ КҮМӨН»

Кыргызстандагы быйылкы күздүн эң маанилүү окуясы болгон парламенттик шайлоонун алдында акыркы убактарда тынчып калган темалар кайрадан козголору белгилүү. Алсак, экология темасын козгоп, саясатчылар баалуу упайларды чогултууга аракет кылышат. Өлкөбүздүн мөңгүлөрүнүн тагдыры, тагыраагы, «Кумтөрдүн» жаратылышка тийгизген таасири парламент өкүлдөрүнүн канча жылдан бери тынчын алып келет. Жакын арада 2014-жылы президенттин жана эксперттик комиссия тарабынан колдоого алынбаган «Мөңгүлөр тууралуу» мыйзамды талкуулоо уланат шекилдүү.

Башында бул иш кагаз ишке жарачудай сезилген. Анын максаттары да бийик эле. Эксперттердин айтуусу боюнча, бул учурдун талабына ылайыктуу жазылган. Бирок...
Өлкөбүздүн мөңгүлөрүн коргоого жазылган иш кагаз Орто Азиядагы эң ири алтын кенин казган компания үчүн капаска айланган. Мыйзамдын бир пунктунда баалуу кенди ачык казуусу каралган. Компаниянын ири каражат талап кылган, оор жана кооптуу делген жер астындагы кенди казууга даярданууга бери дегенде эле 2-3 жыл коройт. Жыйынтыгында бул «тайм-ауттан» өлкө казынасы бир канча миллиарддардан куру калат. Анда эмне үчүн президент жана эксперт-экологдордун бул мыйзамды кайра иштеп чыгуу маңызын депутаттар түшүнгөн жок?
"Бул мыйзамды иштеп чыгууда мөңгүлөрдү антропогендик таасирлерден сактоо тууралуу ойлогонбуз",- дейт иш  кагазды даярдоочулардын бири, гляциолог Рыскул Усубалиев. Бирок кен чыккан жердеги чарба жана өндүрүшкө тыюу салынган пункт «Кумтөргө» тиешеси жок эле.
Ал эми иш жүзүндө мындай болгон жок. Алтын казуу иштеринде айтылуу Давыдов мөңгүсүнүн жоголуусу эл оозунан түшпөй калды. Эксперттердин айтуусу боюнча, металл же мөңгү тандоосунда бардык шарттарды билүү абзел. «Кумтөрдүн» өлкөгө болгон экономикалык таасири, ишкананын токтошу менен мөңгүлөрдүн эришинин токтобостугу...
Окумуштуунун айтуусу боюнча, парламенттин бул иш кагазды даярдоодогу дагы бир эске албаган учуру – мөңгүлөрдүн чек аралары мыйзам боюнча такталган эмес. Башкача айтканда, бул мыйзам мөңгүлөрдүн 5-10 чакырым аралыгында бардык ишмердүүлүккө тыюу салат. Эгер бул мыйзам кабыл алынып калса, президент Алмазбек Атамбаевге мыйзамды сунуштаган депутаттар мындай жерлердеги тоо-лыжа базаларын жабуу керектигин ойлошкон эмес окшойт. Муну менен алар өлкөнүн кышкы туризмине коркунуч туудурушат. Бул мыйзам мөңгүлөрдүн астындагы кендерге гана эмес, мөңгү массасындагыларга тиешелүү болууда. «Акылдуу башчылар» «улуттук кенчти» сактоого даяр, атүгүл мөңгүлөргө ок атканчалык жерге чейин жолотпоо аракетинде.
– Мындай катуу чаралар канчалык эффективдүү боло алат?
– Дүйнөдөгү бардык мөңгүлөр глобалдык жылуунун таасири астында эрип жатат. Муну адамзат кандай болгон күндө да токтото албайт. Биздин колубуздан келген иш – бул мөңгүлөрдү жана анын мониторингин изилдөө,- деп белгилейт окумуштуу-гляциолог. Алсак, акыркы жылдардагы баланстык изилдөөлөр мөңгү массаларынын өзгөрүшү жана мөңгүнүн так абалы тууралуу маалымат берет.
– Айрым бир саясатчылардын сунушу боюнча, башка инвестордун келиши менен экономикалык абал дароо жакшы жакка бурулуп, мөңгүлөргө тийбей иш алып баруусу мүмкүнбү?
– Инвестордун өзгөрүшү менен азыркы абал түп тамырынан бери өзгөрөт деп ойлобойм. Ишмердүүлүктү текшерилген жана тажрыйбалуу өнөктөш аркылуу өлкөнүн баалуулуктарын
сактоо менен жасоо керек. «Центерра» тоо-кен казуу боюнча мактанарлык тажрыйбасы бар компания. Ошондой эле экологиялык көйгөйлөрдү канадалыктардан башкасы мыкты чече алары күмөн.

Которгон
Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jaazira13
2015-03-07 15:36:16
биздин депутаттардын мыйзамдары же оз бизнесин коргоо учун же популизмге каралган токулмалар. кантип эле бир ишкана учун олкодогу 6000 монгу ээримек эле?
0
№ 642, 20-февраль-26-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан